Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

“Болотная иши” боюнча кесилген Гаскаров эркиндикке чыкты


Активист Алексей Гаскаров 3,5 жыл абакта отурду.
Активист Алексей Гаскаров 3,5 жыл абакта отурду.

2012-жылдын май айында шайлоодогу көз боёмочулуктарга каршы көчө нааразылыктарына катышкан деп айыпталып, үч жарым жылга абакка кесилген 31 жаштагы Алексей Гаскаров 27-октябрда жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкты.

"Болотная" аянтындагы нааразылык акциясына чыккандар менен ОМОНдун кагылышуусу 2012-жылдын 6-майында болгон. Анда жүздөн ашуун адам жабыркаган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, отуздай активист камалган. Алардын 14ү эркинен ажыратылган.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму “Болотная иши” боюнча камалгандарды "абийир туткундары" деп тааныган.

XS
SM
MD
LG