Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Кыргызстандын акыйкатчысы убактылуу кармоо жайларында жүздөгөн адамдар мыйзамсыз камалып турганы боюнча баяндама жасады.

Акыйкатчынын айтымында, буга кылмышка шектелген жарандарга таандык иштердин каралбай, жылдап создугуп жатканы себеп. Сот тармагындагы коррупция менен айрым мыйзамдардагы алешемдиктер да кошумча болууда.

Тергөө абактарындагы укук бузуулар тууралуу баяндаманы Акыйкатчы институту атайын мониторингдин негизинде даярдаган. Андайлардын бири таластык Расул Одуракаевдин иши. Бул адам Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деген шек менен былтыр кармалган. Он ай Таластагы убактылуу кармоо жайында отуруп, быйыл күнөөсү далилденбеген соң иши кыскарды. Бирок абакта жаткан учурунда ал оор дартка кабылганын анын жубайы Наргиза Алыбаева “Азаттыкка” айтып берди:

- Жолдошумдун күнөөсүн далилдей алышпай тергөөнү улам эле созо беришти. Акырында күнөөсү жок экен деп, ишти кыскартып боштондукка чыгарды. Бирок ошол 10 ай бою тергөө абагында жаткан учурунда боордун цирроз дартына кабылып, оорукчан болуп калды. Жөндөн-жөн эле камап, ден соолугун талкалаганы үчүн ким жооп бериши керек? Бул суроого жооп таба албай жатабыз.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бул сыяктуу тергөө абагында укугу бузулгандардын саны өлкөдө арбын экенин айтты:

Бакыт Аманбаев.

Бакыт Аманбаев.

- Учурда Кыргызстандын тергөө абактарында жүздөгөн карапайым адамдар эки-үч жылдап мыйзамсыз отурат. Айрымдар ошол жакта отуруп, ооруп калууда. Мындай абалдын негизги себеби катары төрт нерсени атадык: биринчиси - айрым соттор менен тергөөчүлөрдүн уюшкан коррупциялык аракеттери. Экинчиси - соттордун ишинин начар уюштурулганы, үчүнчүсү - айрым соттордун жоопкерсиз мамилеси жана акыркысы мыйзамдагы алешимдиктер.

Акыйкатчынын айтымында, айрым соттор шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын аныктоодо белгилүү бир өлчөмдөгү пара талап кылууну адатка айланткан. Бул параны төлөй алгандар үй камагына чыгарылса, аны төлөөгө алы жетпегендер узак мезгил бою тергөө абагында отурат.

Бирок соттор акыйкатчынын айрым дооматтары негизсиз экенин билдирүүдө. Маселен, Жогорку Соттун төрага орун басары Канатбек Турганбеков сот системасында айрым коррупциялык көрүнүштөр орун алганын моюнуна алганы менен жалпысынан акыйкатчынын дооматтарын четке какты:

- Албетте, акыйкатчы айткандай пара талап кылган судьялар бар. Алар көп учурда кармалып, кызматынан алынып жатат. Бирок жалпы сот системасы дал ушундай абалга кептелди дегени туура эмес. Муну жалган жалаа жабуу деп айтсак да болот.

Ал эми Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева болсо акыйкатчынын баяндамасында көрсөтүлгөн иштер үстүртөн гана изилденгенин айтууда. Анын айтымында, акыйкатчы айтып жаткан адамдар арасында оор кылмыштарга айыпталгандар да бар. Аларды үй камагына чыгарып жиберүү мүмкүн эмес:

- Бул иштерге жалпысынан мындай же тигиндей баа берип койгон туура эмес болуп калды. Анткени, ар бир иштин өз өзгөчөлүгү, жагдайы бар. Акыйкатчы болсо алар боюнча соттон маалымат сурабай эле, арыз берген тараптын жүйөсүнүн негизинде жыйынтык чыгарып коюптур. Бул туура эмес болуп калды.

Ошентсе да, “Кылым Шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова акыйкатчынын баяндамасында козголгон маселенин олуттуу экенин айтууда. Укук коргоочунун айтымында, мындай маселелерди чечүү үчүн тиешелүү мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу керек:

Азиза Абдирасулова.

Азиза Абдирасулова.

- Акыйкатчынын атайын баяндамасында айтылгандар парламент деңгээлинде каралып, мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши керек. Негизгиси, соттун чечими чыкпай жатса, канча убакыт кармоого болот дегендин максималдуу чегин аныктоо зарыл. Антпесе, төрт-беш жыл тергөө абагында кармап, күнөөсү жогу аныкталып калса, соттор, милиция өз айыбын жабуу үчүн башка беренелерди коюп баштайт.

Кыргызстанда жабык жайлардагы укук бузуу, кыйноо кеңири тараган көрүнүш катары айтылат. 2008-жылы БУУнун кыйноого каршы конвенциясына кошулгандан кийин, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган эле. Өткөн жылы болсо Кыйноого каршы улуттук борбор түзүлүп, ага абактагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу милдети жүктөлгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG