Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өз ишин коомчулукка ачыктай баштады.

Мамлекеттеги жабык мекеме катары эсептелген атайын кызмат тергөө абагынын абалы менен тааныштырып, камактагыларды кыйноо фактылары жок экенин журналисттерге көрсөттү. Бирок мындай аракеттерди айрым укук коргоочулар жасалмалуулук катары баалашууда.

Адатта жабык мекеме катары таанылган атайын кызматтын тергөө абагынын жетекчилиги астанасын ачып, андагы камактагылар менен аңгемелешүүгө шарт түзүп берди. Мында көбүнчөсү террорчулук, уюшкан кылмыштуулук жана ири өлчөмдөгү маңзаты менен кармалды деп шектелгендер отурушат.

Өткөн жылы баш калаадагы жардырууларга жана милиция кызматкерлерине кол салууга катышы бар деп шектелген “Жайшул Махди” деген уюмдун он мүчөсүнүн бири Мурат Дөөлөтказиев тергөө абагынын шарттары аны канааттандырарын айтты:

- Мында баары эле жакшы. Бул жерде отурганга бир жыл толо элек, жети ай болду. Гезиттер бар, телевизор көрөбүз. Намазды ушул жерде окуйбуз. Шарттары жакшы эле. Биз былтыркы окуя боюнча шектелип жатабыз. Эми бул боюнча маселени сот чечет да. Мени Арча-Бешиктеги үйдөн кармап кетишкен болчу.

Кыйноо бар-жок

Атайын кызматтын өкүлдөрү бул иш-чара тергөө абагы тууралуу коомчулуктагы түрдүү имиштерди жокко чыгаруу экенин белгилешти.

Жер төлөдөгү камераларда камактагыларды токмоктоп мойунга алдырган жана башка бирөөгө жалган көрсөтмө алуу сыяктуу усулдар жок экенин айткан тергөө абагынын жетекчиси Бактыбек Жумаев мында мыйзамда каралган бардык шарттар түзүлгөнүнө токтолду:

- Бул жерде эч ким эч кимди уруп-согуп, кыйнабайт. Бул жерде мыйзамда эмне каралган болсо, мына ошол боюнча гана иштер жүргүзүлөт. Буга чейин камактагылардын бирөө жарымына күч колдонулган бир дагы факты болгон эмес. Биз бул жерде террорчулук боюнча шектелгендерди өзүнчө, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн өзүнчө, мурда соттолгондор менен соттолбогондорду өзүнчө кармайбыз. Бул жерде “ВИП” камера деген жок. Алардын бардыгы бирдей. Камактагыларга үч маал ысык тамак берилет.

Буга чейин укук коргоочулар атайын кызматтын тергөө абагына сырттан бирөөлөрдүн кирип-чыгуусу оңой болбогондуктан андагы кыйноо фактылары көз жаздымда калып кетип жаткандыгын айтып келишкен.

Бактыбек Жумаев койулуп жаткан айыптын оордугуна карабастан камактагылардын жакындары менен жолугушуусуна чектөө жок экенин белгиледи:

- Бардыгынын тең жолугушууга укугу бар. Жакын адамдары жана жактоочусу менен жолугуштурбай койууга акыбыз жок. Тергөөчүнүн уруксаты менен биз аларга жолугушуу уюштуруп беребиз. Туугандарына бир саатка чейин. Ал эми адвокаттар канча убакыт болсо да жолугушуусуна чектөө жок.

Анткен менен айрым укук коргоочулар атайын кызматтын ачык-айкындуулукту камсыздоо аракеттерине ишенишпейт.

“Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов атайын кызматтын тергөө абагында кыйноо жок дегенге кошулбайт:

- Камактагылардан “урган жокпу, тамак-ашыңар жакшыбы” деп сурасаң эле алар “ооба, баары жакшы” деген жоопту берүүнү адатка айлантып алышкан. Башкача айта турган болсо аларга тамак киргизилбейт. Анан кайра уруп-согуп, кыйнашат. Ошондон коркуп, алар "бардыгы жакшы" дей беришет. Кийин чыккандан соң анан эмне болгондугун айтып беришет. Кыйноо жок дегени кандай? Жакында эле атайын кызматтын абагынан бажы кызматкерин уруп өлтүрүп койушпадыбы. Кийин аны жыгылып түшкөн деп койушту. Анан ушундай фактылар болуп жатса, “бизде эч кандай уруп-согуу жок” дегендерине жол болсун.

Табышмактуу ышкырыктар

Мурдагы бийлик режимдеринин тушунда атайын кызматтын тергөө абагы саясий куугунтуктун куралы катары кызмат кылганы айтылып жүрөт.

Бакиев “доорунда” токулган кылмыш иштин негизинде атайын кызматтын абагында алты ай отуруп чыккан мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ага карата колдонулган кыйноонун өзгөчө түрлөрү жөнүндө айтып берди:

22-июнь, 2009-жыл
- Мен камерада жатканда кээде ар кандай ачуу кыйкырыктарды угуп калчумун. Менин ишим саясий иш болгондуктан камерага кирип, мага карата күч колдонгон учурлар болгон жок. Бирок мага карата моралдык-психологиялык басым көрсөтүп, кыйноо жолун тандашты.

Мага "Бакиевди колдоп, оппозицияны жамандап чыгасың" деген талапты аткарбай койгондон кийин менин камерамда ышкырыктар пайда боло баштады. Аны уга берип башым ооруп, көңүлүм айланчу. Кийин адистер бул адамдын саламаттыгына таасир этүүчү жашыруун кыйноо усулу экенин айтышты. Ал жактан чыккандан кийин дагы бир жылдай ооруп жүрүп, азыр кудайга шүгүр жакшы
.

7-апрелден кийинки бийлик алмашуудан соң ошондогу Убактылуу өкмөт атайын кызмат реформалана турганын убада кылган. Бул боюнча атайын концепция даярдалып жатканы айтылганы менен, ал туурасында өлкөнүн саясий жетекчилиги кийинки учурда үн катпай калды.
XS
SM
MD
LG