Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстанда адам укуктарын сактоодо кемчиликтер арбын. Укуктар өзгөчө апрель, июнь окуяларынан кийин көп бузула баштаган. 10-декабрда адам укуктары боюнча БУУнун декларациясы кабыл алынган күнгө карата Бишкекте өткөрүлгөн жыйында мына ушундай сөздөр айтылды.


БУУ жардамын аябайт


Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азия боюнча өкүлү Фион Фрейзердин айтымында, Улуттар Уюму адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстандын аракетин колдоодон кайра тартпайт. Бирок июнь окуяларынан кийин адам укуктарын камсыздоодо чечилбеген маселелер кала берүүдө.

Июнь окуялары боюнча соттук жараяндарда адвокаттардын да ишине тоскоолдуктар болгон. Маселен, оштук адвокат Назгүл Сүйүнбаева адвокаттардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бийлик тарабынан кийин тийиштүү чаралар көрүлгөнүн, бирок маселе дагы эле бар экенин белгиледи:

- Азыр биздин коопсуздукту соттун ичинде гана камсыздап атышат. Көчөдө бул суроо астында калат. Эгерде алар тарап менен бир жерде жолугуп калсам, сөзсүз ызы-чуу болот. Мен ага 100% ишенем.

Сүйүнбаева ал коргоп жаткан айыпталуучуларга мамиле дурус жагына өзгөргөнүн кошумчалады.

Июнь окуялары боюнча соттук жараянда Жалал-Абаддагы адвокаттар да ар кандай кысымдарга кабылган.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму апрель, май, июнь
окуялары көз карандысыз иликтөөгө муктаж деген пикирде турат.

Уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова адам укуктарын бузуу өзгөчө убактылуу кармоо жайларында көп болуп жатканын белгиледи:

- Мыйзамсыз кармоо көбүнчө түштүктө болуп жатат. Экинчи жактан ошол кармалган адамдар миңдеп кетти. Кыйноого кабылышууда. Чыныгы сот жок.

Төлөйкан Исмаилова УКМКнын аракетин сынга алып, ал жабык уюм бойдон калып жатканын белгиледи.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун 10-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде өткөн жыйында адам укуктарына байланыштуу бардык маселелерди ачык айтып, бийлик аларды угуу үчүн Жогорку Соттун төрайымы, Башкы прокурор, ички иштер министрин чакырганын, бирок алардын келбей калышын сынга алды.

Акыйкатчы институтуна сегиз жыл толду

Статистикага токтолгон Турсунбек Акун, Акыйкатчы институнун иштей баштаганына сегиз жыл болгонун, бул жылдар ичинде 150 миңден ашуун киши кайрылганын белгиледи.

Ал ошондой эле июнь окуяларын иликтеген мамлекеттик комиссия өз корутундусун ушул кезге чейин чыгарбагынан сынга алды.

Турсунбек Акун Жалал-Абадда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун киши өлтүрүүлөргө тиешеси жок экендигин ал түзгөн комиссия аныктап чыкканын билдирди.

Ички иштер министрлигинин өкүлү, полковник Шамшыбек Мамыров акыйкатчыны бул сөздү Жалал-Абадга барып, маркум Сулаймановдун жакындарынын жанында айтууга чакырды. Ал ошондой эле адам укуктарына байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү үчүн тартип коргоо органдарына жаңы жол-жобо иштеп чыгууну сунуштады.

Акыйкатчы Турсунбек Акун “Люстрация жөнүндөгү” мыйзам адам укуктарын бузарын айтып, эгерде андай мыйзам кабыл алынса Конституцияны, Адам укуктары боюнча декларацияны жокко чыгаруу керек болуп каларын эске салды.

10-декабрда өткөн жыйынга президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев да катышып, мамлекеттин саясаты ар бир адамдын укугун коргоого багытталып, укуктарды бузуунун алдын-алуучу механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынган күнгө арналган жыйын апрель окуялары боюнча тасма көрсөтүү жана апрель, июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү менен башталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG