Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Кулчулукка сатылгандар көбөйдү


Кыргыз жарандары кулчулукка кабылган өлкөлөрдүн арасында Казакстан да бар.
Кыргыз жарандары кулчулукка кабылган өлкөлөрдүн арасында Казакстан да бар.

Кыргызстанда чет өлкөдөн жумуш таап берүү убадасы менен адамдарды кулчулукка саткан жеке фирмалар көбөйүүдө.

Бул маселени Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков эл аралык миграция уюмуна билдирди. Адам сатуу фактылары тынымсыз көбөйүп баратканын эл аралык уюмдар да тастыктап жатат.

"Тирүүнүн тозогуна кабылдык"

Ортомчу фирма аркылуу Түркияга сатылып кеткен Аида аттуу кыз муң-зарын мындайча баяндап берди:

- Жайында Ысык-Көлдө Гуля аттуу кыз менен таанышып калдым. Жарым жылдын ичинде аны менен жакын мамиледе болуп сүйлөшүп, достоштук. Октябрь айында ал мага Түркияда дүкөндө сатуучу катары жумуш таап бере ала турганын айтты. Ал мага жакшы суммадагы айлыкты сунуш кылып, үй-бүлөңө да, өзүңө да жетчү акча топтой аласың деп убада бере баштады. Биз ага ишенип үч кыз болуп, Түркияга кетүүгө макул болдук. Түркиянын Анталья шаарына барган соң, ал жактан бир жигит тосуп алып, бир үйгө алып барды. Ал үйдө башка кыздар да бар экен. Алар бизге эмне менен алек болоорубузду түшүндүрүп беришти. Кийинки күнү сутенер келип, паспортторубузду тартып алып, бизди 700 долларга сатып алганын айтып, орой мамиле кылды. Ошол күндөн баштап биздин жашообуз тирүүнүн тозогуна айланды.

Аида бул арманын кулчулуктан кутулган соң Мигарция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө айтып берген. Адам сатуу маселелери менен алектенген эл аралык уюмдун изилдөөлөрүнө караганда, Кыргызстанда жылына 5 миңге жакын жаран ар кандай жол менен кулчулукка кетишет.

Бул уюмдун адиси Нурбек Өмүровдун айтымында, чет өлкөлөргө сатылгандарды эмгек эксплуатациясына кабылгандар менен сексуалдык кулчулукка сатылгандар деп бөлсө болот:

- Миграция маселесиндеги эң көп кыйынчылыктардын бири эмгек эксплуатациясы жана сексуалдык кулчулук болуп эсептелет. Биздин эсептөөлөрдүн негизинде, эмгек эксплуатациясы көбүнчө Орусия менен Казакстанда, ал эми сексуалдык кулчулукка кабылгандар Түркия менен Араб өлкөлөрүндө кездешет.

Мигарция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү акыркы учурда чет өлкөдөн жумуш таап берүү шылтоосу менен адамдарды кулчулукка саткан жеке фирмалар көбөйгөнүн белгилешет. Адатта каржыдан кыйналып тургандар сыртта акчалуу жумушту убада кылса бат эле көнүшөт экен.

Мамлекеттик көзөмөл жок

“Кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү тиешелүү органдарга кайрылышпайт. Мындан улам адам сатуу фактыларын ашкерелөө кыйынга турууда”- дейт Акыйкатчынын орун басары Токтокан Боронбаева:

- Биз бул тууралуу толук биле албайбыз. Себеби, алардын көпчүлүгү башка мамлекетте болгон үчүн алар жөнүндө толук маалымат алуу кыйын. Экинчиден, алар кайрылбай чет өлкөдө калышып, бизге маалымат жетпей жатат. Бирок мындай маселелер убакыт өткөн сайын актуалдашып жатканы чындык.

Орусия жана Казакстанда кулчулукка кабылгандарга жардам берип келген «Замандаш» ассоциациясынын өкүлү Айдар Олжобаев адам сатууга байланышкан көрүштөрдүн көбөйүшүн мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу менен түшүндүрүүдө:

- Ортомчу фирмалар иштеш керек. Бирок алар алдамчы фирмага айланбашын мамлекеттик органдар көзөмөлгө алышы керек эле. Биздин мамлекеттик органдар алсыз болгон үчүн жарандык коом кыйкырып чыгып жатпайбы. Бизде болсо мамлекеттик органдар мыйзамдарды жазуу менен гана чектелип калып жатат.

Адам сатуу менен алектенген фирмалардын көбөйүш себебин Мигарция боюнча эл аралык уюмдун адиси Нурбек Өмүров төмөнкүдөй жүйөөгө байлады:

- Эл аралык стандарттар боюнча бул агенттиктер лицензия алып иштеш керек. Булар лизенциясы жок өз каалагандарын жасап жатат. Мисалга биздин жарандарга ар кандай жумуштарды сунуш кылышат. Чет өлкөгө барган учурда болсо жарандар эксплуатацияга туш болуп жатат. Ошондуктан бул фирмаларды лизенциялоону мамлекет колуна алышы керек.

Буга чейин жеке фирмаларга лизенция берүүнү эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министрлиги көзөмөлдөп келген. Бирок бул министрлик жоюлуп, миграция маселелери тышкы иштер министрлигине өткөрүлгөн соң, бул маселе менен кимдин алектенээри белгисиз. Тышкы иштер министрлиги болсо бул орган азырынча ишке кире электигин айтууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG