Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Айлык-маяналарын көтөрүү талабы менен өлкөнүн ар кайсы тарабында мугалимдер нааразылык акциясына чыгууда. Ошол эле учурда коомчулук өкүлдөрү мамлекеттик башкарууга ири чыгымдар кетип жаткандыгын белгилешти.


Жону жука кесип

Базар-Коргон, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун мугалимдер жамааты айлык акыны он миң сомго чейин көтөрүүнү өкмөттөн талап кылышты. Буга баалардын кымбатташынан улам, алардын социалдык абалынын кескин начарлап кеткендиги себеп болгон.

Кыргызстанда алтымыш миңден ашуун мугалим бар. Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун изилдөөсү боюнча, анын жыйырма төрт миңге жакыны өтө жакыр абалда күн кечиришет.

Өзгөндүк мугалим Тургунбек Сарыбаев азыркы учурдагы айлык акынын өлчөмүнө чыдап жашаганга мүмкүн болбой калгандыгына токтолду:

- Эгер мектепке жаш адис келсе, катардагы мугалим катары 18 сааттык сабак окутса болгону тогуз жүз он алты сом акча алат. Мына мен өзүм отуз эки жылдык педагогикалык эмгек стажым менен он сегиз саат сабак бергеним үчүн бир миң тогуз жүз алтымыш беш сом алам. Эми андан жыйырма пайыз кармалган акчаны алып салсак, колума болгону бир жарым миң сом тийет. Бир кап ундун баасы базарда 1300 сом. Беш балам бар. Алардын экөө студент. Элестетип көргүлөчү кантип жан бага алам?

Ошол эле учурда Кыргызстанда керектөө себети үч миң төрт жүз сомду түзөт.

Акыркы жолу мугалимдердин айлык акысы 2008-жылы он беш пайызга гана көтөрүлгөн. Андан бери айлык акыга кошумчалоолор болгон эмес.

Айлыкты көтөргөнгө казына бош

Учурда өкмөт мугалимдердин айлык акысын отуз пайызга көтөрүү маселесин карап жаткандыгы айтылды.

Жылдын мыкты мугалимдери. 20-сентябрь, 2009-жыл
Каржы министрлигинин социалдык төлөмдөрдү каржылоо башкармалыгынын башчысы Аида Абарбекова мугалимдердин айлыгын он миң сомго чейин жогорулатууга мамлекеттик бюджеттин чамасы чак экендигин кошумчалады:

- Биз мындай эсептеп көрсөк, мугалимдердин айлыгын он миң сомго чейин көтөрө турган болсок буга жалпысынан кошумча он бир миллиард сом керек экен. Албетте мындай каражат казынада жок. Мына бул отуз пайызга айлыктарын көбөйткөнгө эле бир миллиард эки жүз миллион сом керек. Аны табуу үчүн биз башка тармактарга бөлүнө турган каражаттарды кыскартышыбыз керек болуп турат.

Бирдиктүү баалоо торчосуна ылайык, окутуунун бир саатына жыйырма сегиз сомдон төлөнөт. Ошол эле учурда майда жана ортоңку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкердин иш сааты отуз беш сомго барабар.

Соолуткан социалдык теңсиздик

Андан сырткары аларга ар бир эки айда сыйлык төлөмдөрү жана иш сапар чыгымдары кошумчаланат. Ортоңку жана жогорку деңгээлдеги аткаминерлер мамлекеттин эсебинен май куюлган кызматтык унаа жана телефон байланыштарынан пайдаланышат. Буга кошумча алардын иштерин тейлөө үчүн жардамчыларга жана кеңешчилерге айлык акылар төлөнөт.

Ибрагим Жунусов
Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов мамлекеттик башкаруу аппаратын кармоого кеткен чыгымдар мугалимдердин айлык акысын төлөөгө караганда бир канча эсе көп экендигин белгиледи:

- Жогорку Кеңештин депутаты он сегиз миң сом айлык алчу эле. Министрлер менен алардын орун басарлары жыйырма беш миң сомдон отуз беш миң сомго чейин айлык алышчу. Алардын жардамчылары менен кеңешчилерине маяна сегиз миң сомдон он эки миң сомго чейин тийчү. Жогорку Кеңеш таркаган соң, апрелден кийин эле ага чыгымдала турган акча каражаттарын өздөрүнө буруп, инспектор, жардамчы, кеңешчи сыяктуу өздөрүнө жакын кызматкерлеринин айлыктарын он беш, он алты миң сомго чейин көтөрүп салышыптыр. Эми ошондо өздөрүнө канчадан айлык акы чегеришкендигин элестетип көрүңүздөр. Өлкөдө абал минтип турса бул эмне деген шермендечилик!

Эмгекти баалоодогу мындай социалдык айырмачылыктар тажрыйбалуу мугалимдердин башка жумуштарга же өлкөдөн сырткары чыгып кетүүсүн шарттаган.

Билим берүү министрлиги быйылкы окуу жылынын башында мектептерге эки миңден ашуун мугалим жетишпей жатканын жарыялады. PISA эл аралык борборунун изилдөөсү боюнча Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын билим деңгээли эң начар деп табылган.

Ибрагим Жунусов анын себептерин бийликтин мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланып жаткандыгынан көрөт:

- Мисалы өткөндө бир операцияга бир миллион доллар бөлүү боюнча жашыруун телефондук сүйлөшүүлөрдү укпадыкпы. Бир миллион долларлык ал кандай операция? Мынчалык акча кетпестиги жөнөкөй адамга деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекция деп кырктан ашуун штат ачып алышып, миң доллардан айлык коюп алып отурушат. Ошонун кереги бар беле? Ал ишти жергиликтүү бийлик деле аткарат болчу да. Мына ушундай "жегичтердин" айынан билим берүү тармагы артка кетип, балдарды жетиштүү окута албай калдык. Кандай муун келе жаткандыгы белгисиз. Бул - жалпы улуттун трагедиясы.

Мугалимдердин эл аралык биримдигинин маалыматына караганда, 2010-жылга карата коңшу Казакстанда мугалимдердин орточо айлыгы 418, Орусияда 475 долларды түзөт. Тажикстан менен Өзбекстанда 70-75 АКШ долларынын айланасында.

Жүздөгөн таланттуу мугалимдер учурда эмгек мигранттарына айланып, чет өлкөлөрдө иштөөдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG