Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Кыргызстан: кыйноолор азайган жок


Кыргызстанда кыйнолор негизинен тергөө абактары менен түрмөлөрдө болоору айтылып келет.

Кыргызстанда кыйнолор негизинен тергөө абактары менен түрмөлөрдө болоору айтылып келет.

Түрмөлөрдөгү жана тергөө абактардагы кыйноолор азайбай жатканы БУУнун сунуштары аткарылышын талкуулаган 21-майдагы тегерек үстөлдө айтылды.

Бишкектеги талкууга катышкан Бириккен Улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендестин айтымында, кыргыз бийлиги камактагы зомбулукту мыйзамдык базаны чыңдоо аркылуу азайтуу аракетин көрүп келатат. Бирок баяндамачы мындай аракет жетишсиз деп эсептеп, өлкөдө кыйноолорду токтотуу жаатында аткарыла турган иштерди тизмектеди:

- Мени сүйүндүргөн нерсе коомчулук кыйноолорду токтотуу үчүн документтерди даярдоого активдүү катышып, бийлик бул боюнча атайын иштердин белгилегени. Бул аябай маанилүү. Мындай көйгөй кызматташтык аркылуу гана чечилет. Ошону менен катар Кыргызстан кыйноолорду токтотууга багытталган атайын мыйзам кабыл алышы керек. Себеби, бул жаатта көптөгөн эл аралык конвенцияларга кол коюп, милдеттемелерди өзүнө алган. Ошондуктан кыйноолорду бүткүл дүйнөдө таанылган кылмыш катары мыйзамда анын бардык кеңири көрсөтүлүшү керек. Бул жерде кыйноо үчүн жазага тартылгандар кыска убакытта мунапыска илинип, чыкканы айтылып жатат. Бирок мындай кылмыш мунапыска илинбеши керек.

Хуан Мендес Кыргызстандагы күч органдарынын кеңири таралган кылмышка шектүүдөн сурак маалында зордоп көрсөтмө алуу, камалган соң адвокат менен көрүштүрбөй коюу сыяктуу көрүнүштөргө тезинен чара көрүүгө чакырды. Ошондой эле БУУ өкүлү кыйноого каршы иштер борбордо гана активдүү жүргүзүлбөсө, дубандарда мурункудай эле абал сакталып жатканын билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтү болсо БУУнун өткөн жылкы сунуштарын эске алып, бир катар иштерди аткарганын билдирүүдө. Маселен, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидинованын айтымында, өзгөртүү сунушталган бардык мыйзам долбоорлору даярдалып, парламентке жөнөтүлдү:

- Кылмыш кодексинин 305-беренесине өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, кыйноо анча оор эмес кылмыштан оор кылмыш катары каралып, анын жоопкерчилиги күчөтүлдү. Эми мындай кылмыш жасагандарды эки тарап келишип алды деп кыскартып коюуга болбойт. Бул өзгөртүү Жогорку Кеңеште биринчи окуудан кабыл алынды, эми депутаттар жайкы каникулга кеткенче толук кабыл алынат деп күтүп жатабыз. Муну менен катар Юстиция министрлиги кылмыш-жазык кодексиндеги абактардагы кармоого байланыштуу беренелерге өзгөртүү киргизүүнү иштеп чыкты.

Бийлик жакшы иштеп атабыз дегенине укук коргоочулар макул болгон жери жок.

«Эркиндик үнү» укук коргоо уюмунун төрагасы Сардар Багышбековдун маалыматында, кыйноолордун 88 пайызы убактылуу кармоо жайларында милиция кызматкерлери тарабынан жасалган:

-Тилекке каршы, кыйноолордун саны көбөйүп жатат. Бул балким жарандык коомдун кыйноолор болгон түрмөлөргө көбүрөөк кирип, бул боюнча маалымдуулуктун жогорулаганынан да болушу мүмкүн. Бирок өзүбүздү минтип жооткон менен кыйноолордун саны азайганын да айта албайбыз. Маселен, акыркы эки жылда 300гө жакын кыйноо факттары болгонун далилдеген элек. Ал эми ушул жылдын беш айында биздин эле уюм кыйноого байланыштуу 33 ишти каттады.

Укук коргоочулардын маалыматында, кыйноо факттары өлкөнүн түштүгүндө көбүрөөк катталууда. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин милиция уруп-согуу менен мойнуна алдырган учурлар көп болгон.

Оштук адвокат Таир Асанов азыр деле кыйноолордун аягы тыйылбай жатканын белгилейт:

- Жергиликтүү адвокат катары жоопкерчиликти сезип, азыркы мезгилге чейин мыйзамсыз кармоолор, кармалган адамдардын кыйноого дуушар болушу уланып жатат. Кыйноолор биринчи кармалган күндөрү болуп жатат. Ошол мезгилде адвокатын киргизбей, же тергөөчүлөр тааныш адвокаттарын кол койдуруп койгон учурлар көп эле.

Анткен менен милиция өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда. ИИМдин илимий-изилдөө борборунун башчысы Шамшыбек Мамыровдун айтымында, кыйноолор укук коргоочулар айткандан кыйла эле аз:

- Азыр ит үрө берет, кербен жүрө берет дегендей кеп болуп жатат. Мисалы, «Эркиндик үнү» уюмунун өкүлдөрү туура эмес кармалган боюнча 33 факт бар деп айтты. Бул уюмдун жетекчиси, бизде коомдук кеңештин жооптуу катчысы. Эгер ошондой болсо айтып чыксын. Бизге тизмесин берсин. Анте алышпайт. Аны аткара албаса эмне үчүн кыйын болушат. Ушуларды көрүп туруп мындай бүтүмгө келдим. Албетте бизде кемчиликтер болбой койгон жок. Америкада деле тирүү адам болгон соң мыйзамды бузуп койгон учурлар болот . А бирок биздегидей жалпы системаны күнөөлөө болбогон кеп. Бизде эми кыйноолор бар, бирок мурункудай эмес.

Мамыровдун айтымында, кыйноолорду азайтуу үчүн өлкөдө милиция бөлүмдөрүнө көзөмөл камераларын орнотуу пландалып жатат. Азырынча Ош ИИБисине орнотууга каражат маселеси чечилди.

Хуан Мендес баштаган БУУнун кыйноолорго каршы комиссиясы өткөн жылдын декабрында Кыргызстанга келип, түрмөлөрдөгү жана убактылуу кармоо жайлардагы абал менен таанышкан. Анда БУУнун баяндамачысы кыйноо Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш деп баалаган эле.

Мындан соң кыйноолорду токтотуу боюнча бийликке сунуштарын берген. Алардын башкылары Кылмыш кодексинин айрым беренелерин өзгөртүп, кыйноону оор кылмыш катары санап, жазаны күчөтүү, абак жайлардагы абалды оңдоо, шектүү кармалгандан тартып каттоого алып, адвокат менен камсыз кылуу, укук коргоо жана сот тармагын реформалоону тездетүү болгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG