Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:42

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир жумадан бери оозун тигип отурган жарандын жакындары сотко доомат айтып чыкты.

Анын адвокаты милиция кызматкерлери кыйнап күнөөнү мойнуна алдырганын, сот ишти анын бул көрсөтмөсүнөн башка далил таппай эле карап чечим чыгарганы жатканын билдирди.

Шаардык ички иштер башкармалыгы болсо кыйноо тууралуу доомат негизсиз, ал эми камакка алынгандардын күнөөсү тергөөдө далилденген деп түшүндүрмө берип жатат.

Былтыр февраль айында Бишкекте Элмира Жамангараева, иниси Кубат Жолдошбек уулу жана күйөсү Максат Иманалиев үчөө адам өлтүрүүгө шектелип камакка алынган. Элмира Жамангараева ошондон бери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды мыйзамсыз кармап кеткенин, иниси менен күйөсүнө күнөөнү күчтөп мойнуна алдырганын айтып даттанып келет:

- Милициянын убактылуу абагында түнкү саат үч-төрттөрдө Кубат Жолдошбек уулу менен Максат Иманалиевдин кыйкырган үндөрүн уккам. Мени өзүнчө камашкан эле. Эшикти ачкыла, тигилерди сабап жатат деп чыйпылыктасам, жанымда отурган эки бала, жок, аларды эмнеге сабамак эле, кыйкырып жаткандар БОМЖдор деп мени жооткотуп коюшкан. Бир аздан кийин эле кайра эле кыйкырыктарын уккам. Аларга баштык кийгизип, колдорун байлап, желим бөтөлкө менен башкак-көзгө чапкылашкан. Колу-бутунан бир канча жолу көтөрүп жерге ташташкан. Денесине көгала түшпөш үчүн ушинтип сабашкан.

Элмира Жамангараева камакка алынган күндүн эртеси эле бошоп чыккан. Иниси Кубат Жолдошбек уулу 1,5 жарым жылдан бери тергөө абагында мыйзамсыз отурганына жана сот ишти далили жок карап жатканына нааразы болуп, 29-августтан бери оозун тигип алган. Анын адвокаты Динара Медетованын айтымында, сотко жеткен иште кармалгандардын күнөөнү мойнуна алгандыгы тууралуу түшүндүрмө каттан башка бир дагы далил жок жана ал түшүндүрмө дагы мыйзамсыз болуп эсептелет:

- Тергөөдө муунтуп өлтүрдү деген боону да экспертизадан өткөрүшкөн эмес. Биз муну далилди бурмалоо деп жатабыз. Анан укук коргоо органдары түшүнүк кат алышы керек деген мыйзамда жок нерсе. Эмнеге кылмышка шектелгендерден күнөөсүн мойнуна алганы боюнча түшүнүк кат алып жатканын мен түшүнбөйм. Бул биздин укук коргоо органдарынын бузук тажрыйбасы болуп калды. Сабап, кыйнап түшүнүк кат жаздырып алып эле сотко күнөөсүн мойнуна алгандыгы боюнча гана түшүнүк каттан башка бир дагы далили жок алып барып жатышат. Бизде кыйноолордун көбөйүшүнө ушундай далили жок кабыл алынган сот чечимдери себеп болуп жатат. Биздин Баш мыйзамда эч ким өзүнүн күнөөсүн мойнуна алгандыгы боюнча көрсөтмөсү менен соттолбойт деген жобо бар. Бирок ошого карабай сот чечим чыгарып жатат.

Мамлекеттик айыптоочулар Кубат Жолдошбек уулун 16, ал эми Максат Иманалиевди 5 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. “Эркиндик үнү” коомдук фондунун өкүлү Айсулуу Шаршеева кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголбой жатканына нааразы:

- Бул жерде кыйноо боюнча түшкөн ар бир арызды дыкат териштирүү, иликтөө тууралуу мамлекет милдетин аткарбай жатат. Эгер прокуратура органдары кылмыш ишин козгогондо өз укугубуздан пайдаланып күбөлөрдү сурап, бул иликтөөгө ар тараптан жардам бермекпиз. Бирок, тилекке каршы, кылмыш иш козгоодон эмгиче баш тартып жатат. Убакыттын созулушу биздин пайдабызга кедергисин тийгизип жатат.

Бул окуя боюнча сот менен прокуратура органдары комментарий берүүдөн баш тартууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Сталбек Рахмановдун “Азаттыкка” билдиришинче, тергөөдө камакта отурган эки жарандын күнөөсү далилденген. Оперативдүү кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү ошол киши колдуу болгону аялдын телефон аркылуу аныкташкан жана аны муунткан желим боодо колдун издери калган:

- Ошол өлгөн адамдын телефону алынган, ага кимдер чалганы аныкталган, ошол телефонду сатып алган адам менен беттештирүү болуп, ал камакта отурган адамдар экенин тааныган. Тергөөдө мындан башка дагы далил буюмдар, колдордун издери аныкталып сотко өткөрүлүп берилген. Ушундай далилдер турса деле күнөөнү жөндөн жөн эле мойнуна илип койду деген туура эмес. Биз тергөө амалдарынын баарын жүргүзүп сотко өткөрүп бергенбиз.

Ал арада Кыйноолорго каршы улуттук борбор бул окуяга байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганы маалым болду. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов милиция кызматкерлердин жасалма айыпты күчтөп моюнга алдыруу аракеттери токтобой жатканын белгиледи:

- Тергөө абагында отурган адам оозун тигип алды дегенде эле мен биздин кызматкерлерди жөнөткөм. Алар Кубат Жолдошбек уулу менен жолугуп чыгышты, ал болсо күнөөнү кыйнап мойнуна алдырган деп айтып жатат. Эми биз тергөө иштерине кирише албайбыз. Бирок кыйноо болду десе анда аралашабыз. Биз анын арызын тиркеп Башкы прокуратурага жөнөттүк. Милиция кызматкерлери көп учурда жыйынтыкты эле көздөп жатат. Алардан жетекчилиги канча кылмыш иш ачтың деп талап кылат. Анан алар жыйынтык бериш үчүн эле ушундай кыйноо ыкмасын колдонуп жатат. ИИМдин жетекчилиги эми колдон келишинче аракет кылгансып жатат. Кызматкерлердин ишин көрсөткүчтөр менен эмес, башка критерийлер менен баалайбыз деп жатат. Бирок, тилекке каршы, кагазда эле калып жатпайбы. Эгер сотто соттолуп жаткан киши мени милиция кызматкерлери күнөөнү мойнума күч менен койду десе сот актап салыш керек деп айтуудан алысмын, эч болбоду дегенде ишти кайра тергөөгө жөнөтүшү керек .

Кыйнооого каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, соңку учурда кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштердин саны эки эсеге көбөйдү, бирок кылмыш иштерди тергөө, сотто кароо айлап-жылдап созулуп, көп учурда акталып же иш кыскарып кетип соттолгондор дээрлик жокко эсе.

Кылмыш-жаза кодексинде зордук-зомбулук көрсөткөн күч органдарын жоопко тартуу тууралуу берене 2003-жылы киргизилген, бирок ошондон бери бир эле өкүм чыгып, анда эки милиция кызматкери гана соттолгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG