Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Азери оппозициясы референдум жыйынтыгын четке кагууда


Өлкөдө референдумдун жыйынтыгы бурмаланганын Азербайжан элдик фронту партиясынын төрагасы Али Керимли айтып чыкты. Анын билдиришинче, жалпы элдик добуш берүү олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолду. Дагы бир оппозициялык «Мусават» партиясынын лидери Ариф Гажылы референдумга кворум үчүн зарыл болгон шайлоочулардын 25 пайызы келди деген бийликтин маалыматын четке кагып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды. Азербайжанда жалпы элдик добуш берүү 26-сентябрда өтүп, БШК ага шайлоочулардын 25 пайыздан ашыгы келгенин жарыялаган.

Азербайжан Конституциясы буга чейин 2002-2009-жылдары өзгөртүлгөн. Бул ирет өзгөртүүлөр аркылуу президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылат, президенттикке жана парламент депутаттыгына талапкерлер мурдагыдай 25тен эмес,18 жаштан тарта ат салышат. Байкоочулар өзгөртүү Илхам Алиевдин уулу Гейдар үчүн киргизилгенин айтышууда. Өлкө лидеринин уулу азыр 19 жашта. Алиев өзү 2003-жылы бийликти атасынан өткөрүп алган.

XS
SM
MD
LG