Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:36

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жылдык отчетунда Кыргызстандагы адам укугунун абалы кескин начарлаганын белгиледи.

Уюмдун баяндамасында айрым укук коргоочулар, журналисттер, адвокаттар жана оппозициялык саясатчылар бийликтин куугунтуктоосуна жана кысымына кабылып жатканы айтылат.

Сөз эркиндигине кезелген сөөмөй

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму өзүнүн жылдык баяндамасында Кыргызстанда адам укугунун абалы 2015-жылы кескин начарлап, бир катар көрсөткүчтөр боюнча артка кеткени көрсөтүлгөн. Айрыкча соңку мезгилде сөз эркиндигине карата басым күчөп, айрым журналисттерди бийликти сынга алган макалалары үчүн сот жоопкерчилигине тартып, ири көлөмдөгү айып пул салган учурлар көбөйгөнү белгиленген. Мындан сырткары оппозициялык маанайдагы саясатчыларга, укук коргоочуларга жана адвокаттарга карата кысым күч алганы мисалга алынган.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова өлкөдөгү адам укугунун абалы алда канча начарлап кеткенине мындайча токтолду:

- Кыргызстан адам укугу жана эркиндиги боюнча бир топ артка кетенчиктеди деген маселеде баяндама өтө эле кыскача берилген. Бирок тыянак чынында эле туура чыгарылган. Адам укугу боюнча соңку мезгилде чынында эле аябай начарлады. Айрыкча сөз эркиндиги боюнча жагдай жакшы эмес. Мисалы, президент өзү баш болуп журналист менен соттошуп, эки миллион сом утуп алып, ошону төлө деп коколоп тургандын өзү сөз эркиндигине болгон түздөн түз сыйыртмак деп эсептейм. 24-декабрда маалымат жыйынында Атамбаев “президент болбосом мен Орунбековду тумшукка бермекмин” дегени кол алдындагыларга “ошондой кылгыла” деп тымызын кол жаңсаганы эмей эмне...? Ошону уккан эл кыжырданат да.

Мындан сырткары 2010-жылдагы этностор аралык жаңжалдын жабырлануучулары сот адилеттигине алигүнчө жетпей жатканы жазылган. Мисал катары укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра каралбастан, ушуга чейин камакта отурганы айтылат.

Саясий башпаанек издегендер

Бийликти сындап чыккан публицист жана журналист Уран Ботобеков сот аркылуу ири өлчөмдө айыпка жыгылган. Андан ары ага коркутуп-үркүтүү болгонуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кетип, чет жерден саясий башпаанек суроо ниетин билдирген.

Ага чейин укук коргоочу Дмитрий Кабак өлкөдөн чыгып кетип, чет өлкөдөн баш паанек издөөгө аргасыз болду. Укук коргоочунун тараткан билдирүүсүнө караганда, буга атайын кызмат тарабынан ага карата жасалган таң калычтуу аракеттер себеп болгон.

Акыйткачы Кубат Оторбаев адам укугунун абалы боюнча комментарий берүүгө даяр эмес экенин айтып, баяндамада келтирилген жагдай туурасында комментарий берүүнү туура көрбөдү.

Парламенттин тиешелүү комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев адам укугуна байланыштуу жагдай талкуулана электигин айтты:

- Азырынча бул маселе парламенттин комитетинде карала элек. Бул үчүн адам укугуна байланыштуу доомат койгон тиешелүү тараптар комитетке демилге көтөрүп, кайрылыш керек болчу. Бирок бул тууралуу биздин комитетке эч ким кайрыла элек. Тиешелүү тараптар кайрылбагандыктан биз эреже боюнча бул маселени өз алдыбызча эле карай албайбыз да. Расмий түрдө бул маселени караш үчүн ага негиздеме болушу керек. Болбосо бул боюнча бир депутат демилге көтөрүп, баяндама даярдап, далилдерди келтириши кажет. Андай болбогондуктан муну күнү тартибине коюп караганга мүмкүн эмес.

Мындан сырткары укук коргоо уюмунун баяндамасында коомдо аялдарга, кыздарга жасалган зомбулук азайбай, жабырлануучулардын жардам алуу жана сот акыйкаттыгына жетишине тоскоолдуктар жоюлбаганы, сексуалдык азчылыктарга карата дискриминация уланып келатканы белгиленген.

Эл аралык укук коргоо уюмунун баяндамасында тергөө абактарында кыйноо жолу менен моюнга алдыруу жана кылмышка шектүүлөргө катаал мамиле жасоо фактылары күчөп жатканы көрсөтүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG