Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:45

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү чечимин көпчүлүк депутаттар башкы укук коргоочуга ишеним көргөзбөй жатканы менен түшүндүрүүдө.

Социал-демократтар фракциясынын лидери, депутат Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” айтымында, коалициялык көпчүлүккө кирген үч фракция тең “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, КСДП акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу чечимине келген. Буга өлкөнүн башкы укук коргоочуга көпчүлүк депутаттардын ишеним көргөзбөй жатканы себеп болгон.

- Жогорку Кеңештеги коалицияга кирген фракциялардын бардыгы ушундай чечим кабыл алды. Мыйзам боюнча акыйкатчынын отчету өтпөй калса ушундай чечим кабыл алынат. Депутаттар баяндамасына, ишине ыраазы болбой жатса, ишеним көрсөтпөй жатса эмне кылыш керек эле?

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Бакыт Аманбаев мындай чечим негизсиз деп эсептеп, бул Конституцияга, Омбудсмен жөнүндөгү мыйзамга каршы келерин билдирүүдө. Ал былтыр акыйкатчылык кызматта эки айдан ашуун гана иштегенин, 2013-жылдагы жумуштан кемчилик таап, кызматтан кетирүүгө аракет кылуу туура эмес деп эсептейт.

- Мен былтыр 2,5 ай эле иштегем. Мени эки ай үчүн кетиребиз дегени чындыгында мыйзамга дагы, этикага дагы туура келбей жатат. Бул Конституцияны бузгандыкка жатат.

Акыйкатчы өз кезегинде Сарууда митингде камалгандардын укугу бузулуп, кыйноого кабылганын, камакка алынган депутаттардын укуктары бузулуп жатканын айткан айтып чыккан. Жогорку Кеңештин абактагы депутаты Акматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш ишти өз көзөмөлүнө алгандыгын айткан. Ушундан кийин президент Алмазбек Атамбаев ызы-чуу чыгаргандардын, коррупцияга шектелип камалгандардын укугун коргоп жатат деп маалымат жыйындардын биринде акыйкатчаны сындагандай болгон.

- Саруу айылындагы окуяларды ким чайпап жатканын билесиңер. Мисалы, жаңы дайындалган акыйкатчынын башкы милдети Келдибековду жана саруулуктарды коргоо окшойт деп ойлоп калдым.

Мындан сырткары Аманбаев кыйноо боюнча фактылар болсо да кылмыш иши козголбой жатат деп Башкы прокуратураны сотко берген. Жылдык отчетто тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, айрым чиновниктер карапайым калктын укугун бузуп жаткандыгын, алардын катарында КСДПдан шаардык кеңешке депутат болуп барган Павел Десятниковдун ишканасында колун цехке алдырып жиберген кызга компенсация төлөп бербей жатканы айтылган.

- Мурдагы акыйкатчылардан айырмаланып мен өзүмдүн милдетимди так аткардым. Жылына бир маалымат берип, анда адам укуктары кайсы мамлекеттик органдар, кайсы чиновниктер тарабынан бузулуп жатканын так айткам. Карапайым элдин укугун бузуп, сотко берсе да маселени чечпеген чиновниктердин атын, кайсы партиядан экендигин айткам. Азыркы түрмөдө отурган депутаттардын укуктары бузулуп жатканын, айрым телеканалдарда бир жактуу каралаган маалыматтар кетип жатканын айткам,- деди акыйкатчы.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев да акыйкатчынын ишине канааттанбагандардын катарында. Ал башкы укук коргоо органы жана анын жетекчилери отчет берип коюп эле, эч нерсеге жооп бербей калууда деген ойдо.

- Чындыгында биз мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун мезгилиндеги иш-аракеттерге баа берип жатабыз да. Отчет комитеттерге келгенде эле анда бир топ кемчиликтер бар экенин көргөнмүн. Бирок мыйзам ошондой экен, азыркы акыйкатчы ошон үчүн жооп беришке туура келип атат. Акундун учурунда иштеген орун басарлары бар. Эртерек даярданып, мүмкүн ошолор аркылуу отчетту бердиргенге аракет кылышы керек болчу. Азыр акыйкатчынын былтыркы эмес, быйылкы иштерине деле кыйыр түрдө баа берилип атат.

Ал ортодо бул кызмат орун ашкере саясатташып кеткени айтылып келет. Азыркы жана мурунку акыйкатчыны шайлоо маалында Жогорку Кеңеш жана мамлекет жетекчилери өздөрүнө ыңгайлуу адамды шайлаганга аракет кылышары сындалган болчу. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова, тандоодогу критерийлердин жоктугунан ушундай мүчүлүштүктөр болуп жатканын белгиледи.

- Акыйкатчынын программасын алып, аны жарыялап туруп андан эмнеси аткарылды, эмнесин аткарууга жетишпей калды деп сураш керек эле. Жарым жылдык ишинин натыйжасы эмне болду, жасай албаган иштери болсо убакыт берип, ишинин сапатына карап анан кетириш керек да. Ошондо ишимдин сапаттуулугу, натыйжасы жок болсо кетет экенмин деп эл дагы түшүнөт. Өткөн жылдагы отчет - бул өзү иштеген иш эмес. Жөн эле алып келип алып, бизге жакпай калдың, саясатташып кеттиң деген туура эмес.

Акыйкатчынын 2013-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасы да парламентте улам артка жылып отуруп, ушул айдын башында каралган болчу. Анда Жогорку Кеңеш 58 добуш менен акыйкатчынын отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан. Он чакты депутат алардын добуштары туура эмес эсептелгенин билдирип чыккандан кийин, парламенттин Регламент жана этика боюнча комитети добуш берүү жыйынтыгын иликтеп чыгуу чечимине келген. Бул комитеттин чечимине ылайык, аталган маселе парламенттин жалпы жыйынында каралат. Депутаттар акыйкатчынын тагдыры күздө чечилиши ыктымалдыгын билдирип жатышат. Анда омбудсменге ишиндеги кемчиликтерди оңдоого убакыт же кызматтан кетиши үчүн добуш берилиши ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG