Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21
- Кара басты, кара басты!

- Ой, кошуна! Эмне болуп кетти, мынча! Үйүң деле өрттөнбөптүр го, машинең деле жаркырап турат, Батыштагы немистер алгач сатып алгандагыдай кебетеленип. Деги дени-кардың сообу?

- Жүрөгүм өрттөнүп атпайбы, жүрөгүм!

- Деги түшүндүрчү?

- Менин кичүү кызым алыскы бөлөбүздү жакшы көрүп калыптыр. Ал бечара да 3-4 жылдан бери күн сайын аны менен “Скайптан” сүйлөшүп келет. Ыр да арнап жазат, эне тилибизде. Эми алар үйлөнсүн десек өкмөт макул болбой атпайбы, кокуй!

- Өкмөттүн кандай тиешеси бар? Бизде маркум Түркмөнбашынын эски тартиби жок ко, акыры. Өткөн кылымда алар чет өлкөлүк күйөө бала никеге тураардан оболу казынага кеминде 50 миң доллар калың төлөсүн деп чыгышса керек эле.

- Ээ, кошуна, өкмөт деп мен ачуумдан улам айтып алдым. Ал байкуш да кантсин, мыйзамды аткарышы керек да?

- Кайсы мыйзамды?

- Уккан жок белең? Биздинстандын жаңы мыйзамы чыкпадыбы, “чет өлкөлүккө 35ке чыга элек кыздарды бербегиле” деген.

- Укканым бар, укканым бар. Бирок аны мен “Чалкан” журналы сыяктуу азил жазылчу басылманын калжыңы деп ойлогом да.

- Ошол калжыңды Биздинстандын депутаттарынын көпчүлүгү колдоп салбадыбы!

- Ат-таа балакет ай-йа! Токточу, кошуна, бул го – чет өлкөлүк тууралуу. А сен кызыңды алыскы бөлөсү менен эле сүйлөшүп атат деп атпайсыңбы?

- Э-э, кошуна! Элеттен эми түшкөнсүйсүң да. Эмки заманда “бөлөң чет өлкөлүк болбошу керек” деген тартип бар бекен...

- И-и... (Угайын, бир кызык сөз чыкканы калды, кошунадан!”)

- ...Тээ эски ыңкылаптан кийин мыйзам кабыл алынып, атуулдарыбызга башка каалаган өлкөлөрдүн жараны болууга уруксат берилген. Ага ишенип, четке көчүп кеткен туугандарыбыз чет мамлекеттин атуулдугун алып койсо, кийинчерээк дагы бир мыйзам чыкты. Эми алардын биздеги атуулдугу алеки заматта жокко чыгарылды. Абхазиядагыдай акыбал болбосун дештиби, билбейм.

- Анысы деле жакшы да.

- Мен деле алгач ошентип ойлогон шоркелдей болчумун. Эми кызым өз бөлөсүн сүйүп калып атпайбы! Улутташ, кандаш, жандаш, санаалаш бөлөсү эми чет өлкөнүн гана жараны болуп атпайбы! Эми алар 35 жашка чейин кантип күтөт? Күн сайын “Скайп” аркылуу баарлашып жашашсынбы? Алар күтсө да байбичем экөөбүз кантип чыдап түтөбүз? Деги депутаттар бөлөлөрдүн, жек-жааттын тагдырын ойлойбу?

- Өздөрүнүкүнүн камын жакшы эле көрүшөт, ал бечаралар! Сеникин гана унутуп калышкан тура. Тамаша айтам, кошунам, айып этпе!

- Эгерде эртең мен чет өлкөдө калган 35ке чыга элек бөлөлөрдүн никелешүү укугун коргоп пикетке чыксам, айланайын кошунам, коколой башым менен тургузбай, өзүң мага кошулаар белең?

- Кабыргам менен кеңешейин. Бийликти эле уруша бербечи. Деги, сүйүшпөй сүмүрөн калышсын, азыркынын балдары. Кимдир-бирөөнү сүйөөрдөн алдын беш-алты жылдан кийин кабыл алынчу мыйзамдардын долбоорлорун окуй жүрүшү керек да, азыркы жаштар!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG