Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Мумбайдан Хайдарабадга бир сааттай учтук. Тоюна чакырган Насридин аэропортко киши жиберем деген. Насеер Гиясты окурманга башында Кожо Насридин деп тааныштыргам, себеби өзүмө да бул саякат жомоктой көрүнгөн эле, эми сапарым чын эле жомокко окшоп келатты.

Tаксист менин атымды такыр таанылгыстай тетири жазып алыптыр. Көрөөнөк көзүм катаны дароо баамдап, ал мени күтүп жатканын айтты. Таксист телефон чалып, аа силер экенсиңер деп калды.

Адамдар шашылбай кыймылдап, жүздөрү жайдары. Буга чейин барган Грузиядан бөлөк көрүндү.

Бул дүйнөдө өз ордун таба албай, алдастап, кайда шашканын өзү да тыңдап билбеген Сталиндин жердештерине караганда, эч качан диктатураны көрүп билбеген Индиядагы бул шаардын тургундары мага күн чыгыштын жомоктогундагы салабаттуу, жайдары акылман адамдарындай туюлду.

Насридин шаардын чок ортосунда жаркыраган мейманканадан орун алып коюптур. Мумбайдан берки нымдуу ысыктан шай ооп турганда, абасы атайын муздатылган мейманкана бейиштин төрүндөй эле көрүндү!

Насридин дароо телефон чалып, ал-жайды сурашкандан кийин, "беймарал эс ала бергиле, эртең Саид келет, шаарды көрсөтөт" деди.

Бир жарым миң коногунун ар бирин минтип алпештесе, баарына кантип жетишет деп ойлодум. Бирок унчуккан жокмун.

20 миллион киши жашаган шаарды билбеген соң, "конок койдон жоош" болуп эле турайын дедим.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG