Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

ВИДЕО: Эски Хайдарабад


ВИДЕО: Эски Хайдарабад
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00
Видеодо: Хайдарабаддык журналист Саид Мухаммед менен Хайдарабаддын көөнө ооданын көрүп коюңуз. Төмөндө Саид экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздүн англисчеден котормосу:

- Бул эски Хайдарабадбы?

- Ооба, бул эски Хайдарабад.

- Үйлөр таштан салыныптыр, базарлар көп экен.

- Ооба, бул шаардагы биринчи базар.

- Бул жакта жашагандар ортоңку катмардын өкүлдөрүбү? Көбү мусулманбы?

- Көбү мусулман, 70% түзсө керек. Ортоңку, төмөнкү катмардын өкүлдөрү.

- Алар башка тургундардан тыңыраак жашайбы?

- Тилекке каршы, андай эмес.

- Шаардын негиздөөчүлөрү катары, алар башынан эле артыкчылыкка ээ болушса керек эле?

- Ошондой болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен абал өзгөрдү. Мындан 10 жыл гана мурда шаардын бул тарабында «билим алыш керек» деген түшүнүк тереңдеген. 20 жыл мурдагыга караганда, турмуш оңолду, бирок дагы деле жакырчылык күчтүү.

- Биз азыр кайда баратабыз?

- Бул Чаркаман дарбазасы. Алдыдагы Чарминар. «Чар» деген «төрт» дегенди, «минар» деген «мунара" дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG