Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк гипертонияга же кан басымынын туруксуздугуна каршы күрөшүү күнү.

Буга байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары Актай Сарыбаев Кыргызстандагы гипертония оорусунун абалы тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”:
Кыргызстанда гипертониядан жапа чеккендердин жыл өткөн сайын саны көбөйгөнү тууралуу маалымат бар. Чындап эле ушундай көрүнүш байкалып жатабы?

Актай Сарыбаев: Азыр биз жылдан-жылга анализ кылып көрсөк, мындан 25 жыл мурун Кыргызстанда 25 жаштан улуу адамдардын арасында кан басымы жогору болгон кишилер 22-24%ды түзчү. Азыр болсо жыйырма беш жыл аралыгында 39,7%га жетип калды. Ошондо анализдеп көрсөк жыйырма беш жыл аралыгында оорудан жапа чеккендердин саны бир жарым эсеге көбөйүп кеткен.

Бул өтө коркунучтуу маселе. Албетте муну менен адам катуу күрөшүү керек. Анткени гипертония оорусу эмнеге алып келет? Ал инсульттарга, инфарктарга жана бөйрөктүн иштебей калышына алып келет.

“Азаттык”: Азыр бул оорудан жапа чеккендердин так саны канча?

Актай Сарыбаев: Эми изилдөөлөр көрсөтүп жатат. Мындан бир-эки жыл мурун бардык аймактардан өзүнчө адамдарды тандап алып иликтөө болгон. Ошондо гипертонияга кабылгандар 39,7%га жетти. Муну элдин санына салыштыра турган болсок, бир миллионго жакын кишиде гипертония оорусу бар.

"Азаттык": Кыргызстандыктар жүрөк-кан тамыр ооруларынан көбүрөөк жапа чегери айтылып келет. Бул оорулардын, анын ичинде гипертониянын өлкөдө кулач жайып баратканына эмне себеп болуп жатат?

Актай Сарыбаев: Себептери бир эле эмес, көп себеп болуп жатат. Бардыңыздар билесиздер, эң биринчи себеп баягы Советтер Союзу урап калгандан кийин саламаттыкты сактоо системасы башкача өзгөрө баштабадыбы. Экинчи жагынан, ошол убакта мамлекет жактан каржылоо абдан ылдый түшүп кеткен. Үчүнчүдөн, элибиздин көпчүлүгү ошол убакта абдан катуу стресс болуп, каражаты жок кантип жашайбыз, кантип ушул акыбалдан чыгып кетебиз деген маселелер канча жылга чейин созулуп кеткен. Анын бардыгы өзүнчө таасир кылган.

Жарандардын көбү өзүнүн кан басымын текшербейт. Адам өзү бир жылда бир-эки жолу кан басымын текшертип турушу керек...
Ошондой эле биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин ресурстары жетишкен эмес. Дагы бир жактан дарылардын бардыгы кымбаттап кеткен. Дарыларды көзөмөлдөгөнгө мамлекет жардам бере алган жок. Көбү чет өлкөдөн келген дарылар болду. Бир топ калктын ал дарыларды сатып алууга каражаты жетишпей, бул негизги себептерден болгон. Анткени гипертония оорусу пайда болгондон кийин адам канча жашаса, ошончо дарыланып жүрүшү керек да. Дары ичкенди таштап койсоң, гипертония кайра эле пайда болуп калат.

“Азаттык”: Айрымдар оорунун жайылышынын бирден бир себеби катары жарандардын өз ден-соолугуна болгон кайдыгер мамилесин белгилеп келишет. Минтип айтууга негиз барбы?

Актай Сарыбаев:
Бул чын эле абдан чоң, оорчундуу маселе. Анткени жарандардын көбү өзүнүн кан басымын текшербейт. Адам өзү бир жылда бир-эки жолу кан басымын текшертип турушу керек. Экинчиси, эгер адамдын кан басымы бийик болсо, анда адам батыраак текшерилип, өзүнүн доктуруна көрүнүп жүрүшү керек. Азыр бир мыйзам ченемдүүлүк бар. Кан басымы жогору болгон адамдардын жарымысы кан басымы өйдө экенин билбейт. Жарымы болсо кан басымы жогору болгонун билип туруп эле доктурга кайрылышпайт.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG