Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

“Мен Кыргызстанда калам!”


Кыргызстанда жашаган улуттардын өлкөдөн биротоло чыгып кетүүсүн токтотуу үчүн кечээ “Мен калам!” деген долбоор ишке киришти. Уюштуруучулар бул долбоор “көчмөндөр агымын” азайтаарына үмүттөнөт.

Бишкектеги темир жол бекетинде жума сайын Орусияга сапар алган кыргызстандыктардын саны үзүлбөйт. Жүгүн артынып, бирин-экин тыйын таап келүүнү көздөгөн жарандардын арасында Кыргызстандагы турак-жайын сатып, биротоло Орусияга көчүп бара жаткандар да бар.

Бишкек тургуну 40 жаштагы Александрдын агалары Орусияга биротоло көчүп кетишти. Жакын арада өзү да мекенин таштап, алардын артынан кеткени турат:

- Туугандарым кетишти. Мен да кетсемби деп жатам. Себеби бул жерден мен келечекти көрбөй элемин. Өнүгүү жок. Менимче, бул жерде бийликке умтулгандар элди эмес, өз капчыгын кампайтууну ойлоп жатышат.

Башка өлкөнү байыр алгандар көбөйдү


2005-жылы 25 миң адам Кыргызстандан биротоло чыгып кеткен. Эки жылдан кийин эле өлкөдөн кетүүнү каалагандардын саны эки эсе өскөн. Былтыркы апрель, июнь окуяларынан соң мекенин таштап кеткендер кыйла көбөйгөн.

Жараянды азайтууга көмөктөшүү максатында Кыргызстанда “Мен калам” аттуу долбоор ишке киришти. “Атамекенчил” депутат Наталья Никитенко баштаган демилгечи топ элди тегине карап бөлүү туура эместигин билдиришип, ар бир адам улутуна жана динине карабай өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз салымын кошо алат деп ишенишет:

- Көптөгөн адамдар, этникалык азчылыктардын өкүлдөрү өлкөдөн кетип жатышат. Биз бул жагдайга кабатыр болуп, жарандарга кайрылгыбыз келет. Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканына көңүлүн бургубуз келет. Биз жаңы Башмыйзамга ылайык, этникалык топтордун мамлекеттик түзүлүштү калыптандыруу үчүн түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгү бар экенин байкап жатабыз.

“Мен калам” долбоору узак мөөнөткө созулуп, анын алкагында жер-жерлерде этникалык топтор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кыл улуттун өкүлдөрү тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып, чет өлкөгө кеткендердин абалы жөнүндө макалалар жазылып турмакчы.

Статистикалык маалыматтарда 1999-жылдан баштап Кыргызстанда орус, немис, украин, белорус, корейлердин саны азайганы белгиленет. Акыркы он жылдан ашык убакыт ичинде көбүнесе орус улутундагы жарандар Кыргызстандан чыгып кетишкен. Маселен, 1999-жылкы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 603,2 миң орус болсо, 2009-жылы алардын саны 419 миңге түшкөн. Былтыркы июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен өзбек тектүүлөрдүн да саны арбыган, дейт Ош шаардык өзбек улуттук борборунун жетекчиси Рашид Ходжаев:

- Биринчи, жумуштун жоктугу. Андан кийин туруктуулук жок болгондуктан кетип калып жатышат. Кыргызстанга былтыркы окуялардан кийин абал турукташа баштагандан бери аз-аздан кайтып келип жатышат. Абал тынчыса эле баары кайтып келишет.

Кыргызстандан чыгып кеткендердин көбү Орусияда


Кыргызстанды таштап кеткендердин көпчүлүгү Орусияга багыт алышат. Расмий маалыматтарга караганда, 2010-жылга карата 240 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алышкан. Бейрасмий маалыматтар боюнча, булардын саны 400 миңге жетиши мүмкүн.

Ал ортодо Орусиядан кайра кайтып келип жаткан жарандар да бар. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Александр Харченко бул маалыматын ортого салды:

- Адамдар Орусия жарандыгын алып, кайра бул жакка келип, кыргыз жарандыгын кайра калыбына келтирип жатышат. Натыйжада алар бул жерде туруп Орусиянын жөлөк пулдарын алып жатышат. Бул багытта көптөгөн кызыктуу жагдайлар бар.

Байкоочулар Кыргызстанда өлкө саясатынын туруксуздугун, жумуш орундарынын жоктугун, жарандардын чет өлкө багыт алышынын негизги себеби катары эсептешет. Мындан тышкары акыркы мезгилде өлкөдө улутчулдук да өскөнү айтылат. Бирок бул айтылгандарга Бишкектик Мария Иванова кошулбайт:

- Мен патриотмун. Эмне үчүн кетишибиз керек. Климат жакшы. Кайда барабыз? Эмне издемек элек. Ойлонуп көрсөңөр, ким эле өз үйүн таштап кетет?

Кыргызстанда Совет мезгилинен бери 80дей улуттун өкүлү жашаганы маалым. Өлкөдөгү диаспора өкүлдөрү эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз” деп жарыяланып, этникалык топторго көңүл бурулуп келгенин, учурда улуттук азчылыктарга багытталган саясат солгундаганын каңкуулашат.
XS
SM
MD
LG