Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Сталиндик репрессияда Ибрагим Рахимов киндик каны тамган Грузиядан айдалып, 2 жашында энеси менен Кыргызстанга келген. Атасы согушта өлгөн Рахимов Сары-Өзөн Чүйдө агарып көгөрдү.

Баскан-турганы тың аксакал Бишкектин сыртында ай талаада мал айдап баратып, четтеги тарыхый чалдыбарга келген туристтер түшкөн автобустун жанында токтоло калды.

Жүзү күнгө тотуккан, орто бой, колуна чыбык кармаган бул киши башында орусча кыйналып сүйлөдү, көрсө жакынкы чыгыш элдерине түспөлдөш Ибрагим Рахимов кыргызчаны суудай билет экен. ​Сталиндин мекени Грузияда жергиликтүү түрк жамаатында туулган Рахимовго алыскы Ала-Тоодо өмүр өткөрүү шыбагасы буйруптур.

Ибрагим Рахимов: Красная Речка айылынан болом. Азыр кыргыздар көп, орустар абдан аз, көбү кетишти.

1953-жылы 5-мартта диктатор Сталин көз жумганда канча киши атасын жоготкондой ыйлап, аза күтүшкөнүн угабыз. Бирок Советтер Союзун дээрлик 30 жыл жеке башкарган диктатордун саясатынан азап чеккендер, анын ичинде Грузиядан куулган месхет түрктөрү арасында айрыкча капа болуп, кайгыга баткандар аз болсо керек.

Бишкектеги кавказ элдеринин "Лезгинка" кароосунун кичинекей катышуучусу, 2012-ж.

Бишкектеги кавказ элдеринин "Лезгинка" кароосунун кичинекей катышуучусу, 2012-ж.

Түркияга жан тартат деген шектенүү менен месхет түрктөрү 1944-жылы ата-бабасы жүздөгөн жылдар мекендеген жерлерден куулуп, Борбор Азияга депортацияланган.

115 миңдей грузин түрктөрү жүк ташыган вагондор менен чыгышты көздөй айдалган, жолдон ачкадан бир тобу кырылган. 20 миңдейи Кыргызстанга келген. Алардын арасында Ибрагим Рахимов эки гана жашта эле.

Ибрагим Рахимов: Аталарыбызды фронтко тартып кетип, бизди поездге салышып, Орто Азияга жөнөтүшкөн. Өзбекстан дагы башка жерлерге, акыркы биз Кеминге барып түшкөнбүз. Согуштун убагында бул жактын эли деле ачка болчу. Кыргыздардын талканы менен эптеп жаныбызды бакканбыз. Кыргыздарга рахмат, оор убакта бизди багышты.

Сталиндин көзү өткөндөн кийин чечен, карачай, башка мусулман элдеринен айырмаланып, месхет түрктөрү эч качан акталып, мекени Грузияга кайтууга мүмкүнчүлүк алган эмес.

Борбор Азияда бул түрктөр жергиликтүү эл менен ынтымактуу жашады. Бирок СССР кыйраардын алдында 1989-жылы Ферганада чыккан чатакта жүздөгөн киши өлтүрүлүп, жараат алды. Миңдеген түрктөр ошондо Түркияга, Азербайжанга качты, кийинчерээр дагы бир тобу Орусияга, АКШга көчтү.

Ибрагим аксакалдын үй-бүлөсү башынан эле Кеминде туруп, кийин Чүй тарапка көчүп келген. Башка улутташтарынын көбүндөй эле жогорку билим алып, чоң кызматтарда иштен жок. Эл катары мал багып, адал эмгеги менен балдарын чоңойтту.

Ибрагим Рахимов: Беш-алты неберем бар. Мал багам, өзүбүздүн уйду саап, сүтүн өткөрүп акча кылабыз, машина менен келип, сүттөрдү чогултуп кетишет.

Бишкектеги "Лезгинка" кароосунан көрүнүш

Бишкектеги "Лезгинка" кароосунан көрүнүш

Грузияда 2007-жылы депортацияланган элдерди мекенине кайтаруу тууралуу мыйзам чыккан, ал программа боюнча эки жыл ичинде тийиштүү органдарга кайрылыш керек болгон.

Бирок Кыргызстандык месхет түрктөр Сталин туулган, азыр эми өз алдынча өлкө болгон Грузияга көчүп кетүүгө ынанышкан жок. Рахимовдун айылдаштары да мындай сунуштарга көңүл кош мамиледе болду.

Айрымдары бир тууган эл деп ылым санап, Түркияга чейин барышты. Бирин-серини гана Грузияда болуп, бирок көбү кайтып келе берди.

Ибрагим Рахимов: Месхеттер көп, кеткендери бар, бирок аз. Бул жакта өсүп-чоңойдук, барбайбыз дегендер дагы көп. Ылым санап, кээ бирлери Түркияга барды, бирок ал жактын жашоосу бөлөк, көз караштарыбыз окшошпойт. Турктөр такыр башкача, орустай болуп калышыптыр. Кийимдери да башкача. Мурунку месхет түрктөр башкача сүйлөшчү, тили бузулуптур. Аларды түшүнөбүз, бирок башкача сүйлөшөт. Грузияга чакырышкан, бирок эл барбайт. Мурун бир барышкан, анда танк менен каршы алып, киргизбейбиз дешкен экен, ошондо кайтып келгенден кийин эч ким кайра барган жок.

2010-жылдагы апрел окуяларынан кийин кыргыз улутчулдугу күч алганда түрктөрдүн үрөйү дагы учту. Бишкектин жанындагы Маевка айылында соода-сатык менен алектенип, жер иштетип, оокаттуу келген түрктөрдүн бир нече үйлөрү өрттөлүп, бир нечеси киши колдуу болду. Алардын ичинде Карипов Каптан деген тургун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул кылмыштар иликтенип, кылмышкерлер жазаланган жок.

Ибрагим Рахимов

Ибрагим Рахимов

Бактыга жараша, борбор калаадагы зомбулуктардын эпкини Ибрагим Рахимовдун айылына жеткен жок. Быйыл 62ге чыккан аксакал апрел окуясынан кийинки кезге караганда, Бакиевдин тушунда кыргыздардын өздөрүнө да көп кыйынчылыкка туш болгонун эскерди.

Ибрагим Рахимов: 2010-жылдан кийин турмуш жакшы эле. Бакиевдин баласы абдан талкалады. Канттагы "Абдыш-Ата" деген деген пиво заводду кыргыздын колунан тартып алган. Өзү иштеткенге жетишкен жок. Хулиган бала экен, атасынын артынан качты, өткөрүп берген жок. Роза Отунбаева келип башкарып калды.


Бишкектеги түрк коомдук уюмунун эсебинде, учурда Кыргызстанда грузиялык 50 миңдей түрк жашайт. Алар өздөрүн Грузиянын Месхет аймагындагы түрктөр отурукташкан жердин атынан "ахыска" деп аташат. Бишкекте месхет түрктөрүнүн бийчи жигиттери менен чыбыктай ийилген кыздарынын «Ахыска» деп аталган тобу жыл сайын Бишкектеги Айтматов атындагы орус драм театрында өтүүчү "Лезгинка" кароосунда катышып турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG