Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Эмне үчүн Улуу Үркүн тууралуу маалымат бир да чет өлкөлүк энциклопедияларда, дүйнө тарыхы боюнча окуу китептерде, колдонмолордо жок? Бул өтө маанилүү маселе. 1916-жылкы Үркүн тууралуу жазылып эле жаткандай туюлат, бизге чейин деле аздыр-көптүр эмгектер чыккан экен, дагы жазылат деген үмүт бар, бирок бул каргашалуу окуя тууралуу дүйнө тарыхында эч бир маалымат жок.

Атактуу Варфоломей түнү (француз католиктери 1572-жылдын 24-августунда бир түндүн ичинде 30 миңден ашуун гугенотторду кырып таштаган), немис фашисттери уюштурган 1938-жылкы Kristallnacht (Хрусталь түнү, жөөттөрдү Германия менен Австриядан куугунтуктоонун эң башы), андан кийинки Холокост, Камбоджанын кызыл кхмерлери жасаган кандуу кылмыш, Руандадагы этникалык кыргын ж. б. апааттуу окуялар кайсы интернет сайтын ачсаң да сөзсүз табылат. Ал гана эмес Экинчи Дүйнөлүк согуштун башында Кавказдагы майда улуттарды бир түндүн ичинде кантип И. В. Сталин Орто Азияга, атап айтканда, Казакстан менен Кыргызстанга жер которткону да тарыхта өзүнүн татыктуу ордун алды. Ал эми жыл сайын белгиленген, бүт дүйнө коомчулугу эскерген 1915-жылкы армян геноцидин айтпай эле коелу.

Ырас, англис тилинде чыккан айрым бир эмгектерде бул маселе аздыр-көптүр каралып келет. Маселен, америкалык профессор Эдвард Д.Сокол 1954-жылы “The Revolt of 1916 in Russian Central Asia (Johns Hopkins University. Studies in historical and political science) деген ат менен китеп чыгарган экен. Кудай жалгап, ушул тапта ал китеп Замира Сыдыкованын демилгеси менен “Res Publica” гезитинде сандан-санга орус тилинде чыгып келе жатат. Албетте, ал китепте биз билген толгон-токой маалыматтардын бири да жок. Көтөрүлүштүн башталышы, алгачкы кыргындар, элдин аң-сезим деңгээли, ашуулардагы алааматтар, Кытайдагы азаптуу кыш, кайра кайтуу, Үркүндүн жарааттары жана ал калтырган абдан терең психикалык травма жана шок Э. Д. Соколдун китебинде жок. Бирок ошол китептин болгонуна шүгүр.

Суроо туулат: эмне кылышыбыз керек? Эң негизги жооп - жазышыбыз керек. Колдон келсе орус тилинде, болгондо да орустун жакшы тилинде, илимий жетик тил менен, бульдозер менен түртсө да солк этпей турган ишенимдүү илимий аргументтер менен, далилдер менен жазышыбыз керек. Үлгү катары кызмат кыла турган эмгектер бар. Маселен, англиялык тарыхчы Энтони Бивордун “Сталинград” деген эмгеги. Бул эмгек чыныгы илимий эмгек болсо да, роман сыяктуу, көркөм чыгарма сыяктуу окулат. Анткени профессионал тарабынан, чыныгы тарыхчынын колу менен жазылган. Ал эми биздин орусча эмес, кыргызча окшоштуруп жаза албаган кокуй тарыхчылардын колунан ошондой китеп жазыш келеби?

Анан китеп деп эле отуруп албай, кино тартышыбыз керек, илимий жактан сабаттуу тексттерге таянып тартылган документалдуу ленталарды чыгарышыбыз керек. Баарын колдон келсе орусча, андан да да жакшысы, англисче чыгарышыбыз керек. Илимий конференциялар, конгресстер, симпозиумдар өтүшү керек. Каалайбызбы же каалабайбызбы, бирок дүйнө тарыхына кириштин негизги жолу мына ушундай.

Келерки жылды президент Алмазбек Атамбаев Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жылы деп жарыялады. Бул, чынында да абдан маанилүү чечим болду. Бирок бул улуттук жана тарыхый мааниси өтө зор маараке тийиштүү деңгээлде өтөбү же кудайдан жөө качкан чолок саясатчылар менен популисттердин жеке саясий кызыкчылыктарына пайдаланылып кетеби - бул да ойлонто турган маселе болуп турат. Маселен, бул мааракени өткөрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башына Азимбек Бекназаровдун дайындалышы күлкү келтире турган эле иш болду. Эмне, Кыргызстанда тарыхты билген, чоң саясаттын аки-чүкүсүн, дипломатияны түшүнгөн, эл аралык саясаттын оош-кыйыштарын ажырата билген илим-билимдүү инсан жок беле? Бул ишти баштан-аяк координация кыла турган бирден-бир уюм Улуттук Илимдер Академиясы болушу керек эле го? “Инек баштаса ийри жарга” дегендей, жалаң популизм менен жан сактап, дүйнө топтоп, байлык жыйнап келаткан жоболоңдуулар эртеңки күнү дагы бир тополоңдун ичинен чыкпайбы?

Айтор, Үркүндүн 100 жылдык мааракесин дүйнөлүк илимий-теориялык жана саясий, практикалык деңгээлде өткөрүү колубуздан келеби же жумгактап, эптеп нарыдан бери кылып өткөрүмүш этебизби? - бул азыртан ойлоно турган, азыртан чече турган олуттуу маселе боюнча калууда. Эгер ушул темп менен, азыркы жумушчу состав жана алгылыксыз уюштуруучулук деңгээл менен иш алып барчу болсок, бул мааракеден эч бир чеке жылытарлык жыйынтык чыкпай турганына эмитен эле ишенсек болот.

Чын-чынына келгенде Үркүндүн 100 жылдыгы баягы 1995-жылкы “Манас-1000дин" масштабында болбосо да, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесинен төмөн болбошу керек. Ал үчүн бул мааракени Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен, эң кур дегенде ЮНЕСКОнун атайын резолюциясы менен же ушул сыяктуу абройлуу уюмдардын эгидасы астында өткөрүү керек.

Бирок ошого азыркы алабарман бийликтин акылы, азыркы дипломатиябыздын күчү, тажрыйбасы жетеби? Же бүгүнкү бийлик программалардын, пландар менен концепциялардын жарышы эмес, тирелген “кошелектордун”, уурулар менен коррупционерлердин конкурсуна айланып бараткан парламенттик шайлоодон башы чыкпай, убакыттын баары ошого кетеби?

Айтор, Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы баарыбызды эмитен ойлонто турган зор маанилүү маселе болуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG