Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Жумгал: ажал чакырган аңчылык


Иллюстрация
Иллюстрация

Курал колдонуунун коопсуздук эрежесин сактабагандан улам Жумгал районунда өспүрүм теңтушун атып алды. Алгачкы териштирүү иштери жүрүүдө.

Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында окко учкан мектеп жашындагы өспүрүм баланын сөөгү кечээ 25-февралда жерге берилди. Бул окуяны алардын жакындары кокустук катары баалап, милицияга кайрылган жок. Жергиликтүү укук коргоо органдары иш териштирилип жатканын, ок атылган мылтык каттоодо турбаганын билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, 23-февраль күнү 9-класста окуган Айдар жана Кенебес аттуу балдар тоого кекилик, чил, коён атканы ууга чыккан. Ошол маалда уулу Кенебести байкабай атып алганын Айдардын атасы Шадыбек мындайча айтып берди:

- Кенебес эс алып алайын деп таштын түбүндө жаткан экен. Менин балам болсо өйдөрөөк чыгыптыр. Айдар кош ооз мылтыктын бири бош экен деп ойлоптур. Курокту тартканда Кенебеске бытыра тийип жатпайбы. Окуя болору менен бизге телефон чалды. Биз дароо машина менен Жумгалдын ооруканасына алып бардык. Сактап калууга үлгүргөн жокпуз. Балам катуу коркуп калыптыр. Андан бери өзүнө келе албай жатат.

Кенебес 83 жаштагы Обозбек абанын кичүү уулу. Аксакал бул окуяны кырсык деп, милицияга кайрылбасын билдирди:

- Ок чекеге тийип, төбөдөн чыгып кетиптир. Демек атайын атылган эмес. Дат басып калган эски мылтык экен. Бардыгыбыз эле курал колдонуп жүрөбүз. Бала бытыраны шыкап киргизген да, жатпай туруп алган. Анан Айдар жерге такап туруп алакан менен урганда от алып кеткен. Мен көргөндө эле билдим. Алыстан атканда түз бутага тиет. Бул жерде ок ылдыйдан өйдө кетип жатпайбы. Булар аңчылыкка бизге айтпай кетиптир. Кырсык да. Баарыбыздын эле башыбызда өлүм бар. Аны Аллахтан деп билишибиз керек. Мен атып алган баланы күнөөлөбөйм. Ал жаш. Эмнеге аны милицияга беришим керек.

Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин директору Асан Жекшенов ок жеп каза болгон Кенебес 9-классты бүтүп эле окубай калганын, ал эми Шадыбек уулу Айдар учурда 9-класста окуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Айдар мектепте үлгүлүү окучулардын бири.

- Айдар бул ишти атайылап жасашы мүмкүн эмес. Анткени ал өзү дагы, ата-энеси дагы айылдын үлгүлүү кишилери. Өзү жакшы окуйт. Ата-энеси намазга жыгылган кишилер. Бул окуяга тиешелүү органдар баа берсин.

Ошентип эки тарап өз ара сүйлөшүп, бул окуяга милицияны аралаштырууну каалашкан жок. Деген менен, ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, өспүрүмдүн өлүмүнө себепкер мылтыкты колдонууга расмий уруксат берилген эмес. Кылмыш кодексине ылайык, аны алып жүргөн адам жоопко тартылат.

Бирок Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Анара Күрүчбек кызы териштирүү ишти жүрүп жатканын айтуу менен чектелди:

- Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бирок алгачкы териштирүү иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мен азырынча ушуларды эле айта алам.

Эл ичинде ар бир малчынын мыйзамсыз көтөргөн мылтыгы бары айтылып жүрөт. Өткөн жылы Нарын облустук аңчылык департаменти мыйзамсыз колдонулуп жүргөн сайлуу жана сайсыз беш мылтыкты мамлекетке кайтарып алган.

XS
SM
MD
LG