Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Ош: Исмаилов эки жылга шарттуу кесилди


Мухаммадсали Исмаилов
Мухаммадсали Исмаилов

Ош облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсали Исмаилов эки жылга шарттуу кесилди. Соттун өкүмү дагы бир апта ичинде күчүнө кирсе, алар бул мөөнөттү үй камагында өткөрүшөт.

Бул тууралуу Адам укугу боюнча “Эдвокаси” борборунан маалымдашты. Исмаилов менен күнөөлөнүп жаткан дагы эки киши 2 жылга шарттуу соттолду. Алар бул мөөнөттү үй камагында өткөрүшөт.

Буга чейин убактылуу үй камагында кармалып келген Мухаммадсали Исмаиловду сот 2 жылга шарттуу кескенин Оштогу Адам укугу боюнча “Эдвокаси” борбору айтып чыкты:

- Ош облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсали Исмаиловду Кара-Суу райондук соту эки жылга шарттуу кести. Исмаилов менен бирге күнөөлөнүп жаткан Убайдулла Абдуллажанов да эки жылга шарттуу соттолду. Эми алар экөө тең үй камагында кармалышат. Соттун чечими 10 күн ичинде күчүнө кирет. Ага чейин аппеляциялык арыздануу болобу, болбойбу азыр талкууланып жатат,-деп айтылат борбордун билдирүүсүндө.

Мухаммадсали Исмаилов 2010-жылдагы июнь апааты учурунда жоголгон, өзүнүн улутташы Анвар Махмудовду уурдоого шектүү катары ушул жылдын 31-мартында кармалган. Аны менен кошо дагы эки адам жоголгон кишинин зайыбынын арызы менен камакка алынган. Эки күндөн кийин Исмаилов үй камагына бошотулган.

Ош. 17-июнь, 2010-жыл
Ош. 17-июнь, 2010-жыл
Исмаиловдун жакындары соттун соңку чечими менен жакындан тааныша элек. Ошого байланыштуу редактор сотко аппеляциялык арыз менен кайрылабы же жокпу ачык айткан жок. Ал өзү журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып келет. Ал турсун Исмаиловдун жактоочулары да интервью берүүгө макул болушкан жок.

Редактордун жубайы Захида соттук иш боюнча, буга чейин “Азаттыкка”:

- Менин күйөөмдү эч кандай суроо-сопкутсуз эле эртең менен келип, милиция алып кетип калган. Кийин тактасак, июнь окуясындагы бир адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп камашкан экен. Ал редакторлуктан сырткары мааледе башчы болуп иштечү эле. Ошого да айыптап атышат. Бирок ал өлтүрдү деген Анвар Махмудов азыр тирүү эле жүрөт. Ал туугандарыныкына качып кеткен болушу керек. Менин күйөөм айыпсыз эле минтип 5 ай үй камагында жатты. Азыр соттун соңку чечими менен мен тааныш эмесмин,- деген эле.

Соттун чечими күчүнө киргенче Ош шаардык прокуратурасы да аппеляциялык арыз бериши мүмкүн. Бул маселе аз күндө белгилүү болорун укук коргоо органдары тастыкташат.

Маалыматка ылайык, кармалгандарга “адам өлтүрүү", “массалык баш аламандыкты уюштуруу”, “улут аралык кастыктык козутуу” жана “талап тоноо” фактылары боюнча айыптар тагылган.

Ал арада жабырлануучу тарап баш редактор жеңил жаза алып калды деп нааразы болууда. “Күйөөм Анвар Махмудовду өлтүрүп салышкан” деп милицияга арыз менен кайрылган Ажар Махмудова мындай дейт:

Анвар Махмудовдун жубайы
Анвар Махмудовдун жубайы
- Бары-жоктун баарын кылган ушул Мухаммадсали Исмаилов. Эримдин сабалганына, дагы жоголгонуна дагы ошол күнөөлүү. Ал акчасы, тааныш-билиши бар болгону үчүн үй камагына чыгып кетип жатат. Мен соттун бул чечимине канааттанбайм. Ал менин күйөөмдү 2010-жылы 12 кыргызды куткарып калганы үчүн саткын атаган. Анан аны “сен кыргыздарга сатылып кеттиң, өзүңдүн улутуңа чыккынчысың”, дешип коогалаң бүткөндөн кийин да сабашкан. Бир жолу мааледегилер аны асып салышып, араң аман калган. Ушунун баарынын башында Исмаилов турат. Азыр күйөөмдүн өлүгү же тириги белгисиз . Мен Өзбекстандан түшкөн үчүн ошол жакка алып кетип бекитип койду дешет, мына кудай турат, мен аны эки жылдан бери көрө элекмин. Күйөөм турмак мени деле коогалаң учурунда, андан кийин да коркутушкан. Ал эмес азыр да коркутуп атышат. Керек болсо көчөдө да, иштеген жеримде да эркин жүрө албай атам. “Саткындын аялысың, чыккынчысың” деп жемелешет. Иштеген жерлер өзбектердики болсо мени айдап жиберишет.

Соттолуучуларга адвокаттык кызмат Адам укугу боюнча “Эдвокаси” борбору тарабынан ЕККУнун каржылык жардамы менен көрсөтүлүүдө.

Махамадсоли Исмаилов Ошто өзбек тилинде чыкчу облустук “Уш садоси” гезитинин башкы редактору болуп иштейт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG