Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Бөөдө кырсык төрт баланы жетим калтырды


Алтынбектин апасы Төлөбүбү Ташмуканбетова
Алтынбектин апасы Төлөбүбү Ташмуканбетова

Бишкекте кулаган бак басып, каза болгон адамдын жакындары өкмөттөн жардам күтөт. Маркумдун жубайы жесир, төрт баласы жетим калды.

Шаар бийлигинен үй-бүлөгө каралашуу тууралуу оозеки убада берилгени менен, азырынча жардам боло элек. Шаардык мэрия окуя териштирилип бүтө электигин билдирди.

27-мартта Бишкектин Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, каза болгон жаран атбашылык 37 жаштагы Алтынбек Түлөбердиев болгон. Энеси Төлөбүбү Ташмуканбетова бөөдө кырсыктан уулун жоготуп, кан жутуп, кабыргасы кайышып отурат.

- Үйдөгү балама милициядан телефон чалышты. Бизге эч нерсе айтпай эле чуркап кетти. Ошондо жүрөгүм бир нерсени сезген... Бир саатка жетпей баламдын өлүп калганын уктук.

Маркумдун чиедей төрт баласы жетим калды. Жубайы Асел эч жерде иштебейт:

- Төрт балабыз бар. Мен иштебейм, үйдө балдар менен отурам. Эки балабыз окуйт, батирде турабыз. Жолдошум жалгыз иштеп үй-бүлөбүздү бакчу.

Кырсыктан каза болгон жигиттин жубайы Асел
Кырсыктан каза болгон жигиттин жубайы Асел

Шаардык мэрия тарабынан маркумдун үй-бүлөсүнө көмөктөшүү тууралуу сөз болгон. Бирок Алтынбектин жакындарынын айтымында, көрүстөндөн жай алууга гана жардам берилген. Ошондуктан анын туугандары жергиликтүү бийликтин массалык маалымат каражаттарына маркумдун үй-бүлөсүнө жардам берилди дегенине нааразы болушууда. Агасы Акылбек Түлөбердиев тууганынын артында калган үй-бүлөсүнө өкмөттөн жардам болсо дейт:

- Телевизордон көрүп калдык. Өкмөт жардам берип атыптыр дегенди. Учурда эч кандай жардам боло элек. Биз деле бирөөнү соттотуп жиберели деген жокпуз. Болгону балдарына жардам берсе дегенбиз.

- Орусияда чатырдан муз түшүп каза болгондорго кенемте төлөп берилет. Ошол сыяктуу эле жооптуу мекемени сотко бериш керек.
Күмүшбек Ыбыкеев

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы окуя учурда милицияда териштирилип жатканын билдирди. Калаа башчысынын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова мыйзам боюнча соттун чечими чыккандан кийин гана жардам берүү маселеси караларын айтты:

- Мэрия азыр расмий жардам бере албайт. Бул мыйзамга каршы келет. Биз акча каражатын бөлүп берсек жоопко тартылабыз. Азыр соттун чечимин күтүп атабыз.

Буга чейин дагы Бишкек шаарында катуу шамалдан бак кулап адам өмүрүн алган учурлар болгон. Бул өңдүү кырсыктан жабыр тарткандарга ким жоопкер болушу керек деген суроого юрист Күмүшбек Ыбыкеев жооп берди:

- Орусияда чатырдан муз түшүп каза болгондорго кенемте төлөп берилет. Ошол сыяктуу эле жооптуу мекемени сотко бериш керек. Сотто жарандык иш болуп каралат. Баары далилденсе чыгымдар төлөнүп берилиши керек.

27-марттагы окуядан кийин шаардык мэрия бак-дарактардын абалын текшерүүгө ала баштады. Бишкек шаарындагы бак-дарактардын көпчүлүгү 50-60-жылдары тигилгени айтылат. Учурда болжол менен 200 миңден ашык бак-дарак бар.

Кырсык төрт баланы жетим калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG