Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Өспүрүмдөр арасында улуттук касташуу кабатырлантат


Ылдыйкы Чүй айылынын тургундары кыргыз жана лезгин топторунун ортосундагы чатактан кийин, 2010-жылдын 31-октябры.
Ылдыйкы Чүй айылынын тургундары кыргыз жана лезгин топторунун ортосундагы чатактан кийин, 2010-жылдын 31-октябры.

Чүй облусунун аймагында соңку он күн ичинде өспүрүмдөр арасында эки ирет этнос аралык мушташ катталды.

Жергиликтүү бийлик жана милиция аны балдардын күнүмдүк боло жүргөн бейбаштыгы деп атады. Ал ортодо серепчилер мындай майда чатактар масштабдуу улут аралык араздашууга алып барбас бекен деген кабатыр ойлорун айтууда. Деген менен эки мушташ тең улут аралык түскө ээ болгонун ырасмий бийликтер да мойнуна алат.


Балдар чатагы ырбап кетсе не болот?

Бишкекке ирегелеш жайгашкан Маевкада жана 20 чакырымча алыстыктагы Жаңы-Жер айылында түрдүү улут өкүлдөрү жашайт.
Балдардын ортосунда күнүмдүк эле болуп келген чатак болуп кеткен. Улуттар аралык келишпөөчүлүк, уруш болуп кетти деген жаңылыштык. Жараат алгандар жок, чыр ошол жерден дароо басылган
Бактыбек Жусубалиев, Чүй ИИБинин башчысы

Маевка айылындагы өспүрүмдөр арасында мушташ өткөн жылдын 26-декабрында мектептеги жаңы жылдык кечеде чыккан. Маевканын тургуну, “Өнүгүү жана тынчтык” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Яхмада Висаеванын айтымында, чатак кыргыз жана кавказ улуттарындагы окуучулар ортосунан от алыптыр:

- Бул чатак 26-декабрда мектептеги балаты учурунда болду. Кече учурунда лезгин бийине ылайык музыка коюлган экен. Мектептеги кыргыз окуучулар "лезгинканы койбогула" деп нааразычылык билдирип, “биздин айыл өкмөтүнүн башчысы ингуш улутунан болсо эле лезгинка бийлешибиз керекпи” дегенден чыккан экен. Дал ушундай мүнөздө, улуттук өзгөчүлүктөн улам мушташ башталган экен. Мушташтан кийин бул балдарды мектептин имаратынан айдап чыгышыптыр. Андан кийин алар түн ичинде башка жаңы конуштардан да балдарды чакырып алышып, жапырт мушташ чыгарышыптыр.

Ал окуядан бир апта өтпөй, жаңырган жылдын 2-январында Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында да кыргыз жана кавказ улутундагы өспүрүмдөр ортосунда жапырт мушташ чыкты. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кабары боюнча, кыргыз жана даргин улутундагы өспүрүм балдар мушташа кетишкен. Андан соң ар тарап өз жакындарын чакырып, калайман урушка жеткен.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Жусубалиев “Азаттыкка" төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Сокулук районундагы окуя боюнча кичине апыртма сөздөр жүрүп жатканын интернеттен окуп жатабыз. Чындыгында Жаңы-Жер айылында үч кыргыз жана даргин улутундагы балдардын ортосунда күнүмдүк эле болуп келген чатак болуп кеткен. Улуттар аралык келишпөөчүлүк, уруш болуп кетти деген жаңылыштык. Жараат алгандар жок, чыр ошол жерден дароо басылган.


Маселени жалпылап талкуулоо зарыл
Биздин бийлик, биздин укук коргоо органдары дагы деле болсо улуттар арасындагы мамилелерге олуттуу түрдө көңүл бурбай жатат.
Руслан Ташанов

Айрым талдоочулар болсо улут аралык мындай араздашууга Кыргызстандын ырасмий органдары тарабынан “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деген мамиле жасалып жатканын сынга алууда.

Улуттар аралык мамилелер боюнча бир нече изилдөөнүн автору, эксперт Руслан Ташанов Кыргызстанда мындай чатактарды утурумдук бас-бас кылып коюу артынан шишик улам толуп отуруп, калайман кагылыштарга алып келээрин акыркы эле тажрыйбалар көрсөткөнүн эске салууда:

- Биздин бийлик, биздин укук коргоо органдары дагы деле болсо улуттар арасындагы мамилелерге олуттуу түрдө көңүл бурбай жатат. Мисалга, июнь окуяларынан соң президенттин администрациясынын алдында этникалык өнүгүү боюнча бөлүм ачылган эле. Бирок ал алгачкы документин иштеп чыгаар менен эле өз ишин токтотуп салды. Эгер чатактарды мурдагыдай эле “эч ким укпасын, болгон жок, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дей бере турган болсок, келечекте дагы чоң чыр-чатактарга жол ачышы жана Кыргызстандын бүтүндүгүнө терс таасир эткен кесепеттерге алып келиши толук ыктымал.

"Борбор Азиянын эркиндик добушу" укук коргоо порталынын редактору Абдумомун Мамараимов да мындай ар бир окуя укуктук баасын албай, көңүл жубатуу аракети убактылуу натыйжа бергени менен түпкүлүгүндө касташуунун тымызын күчөшүнө алып келет деген ойдо:

- Былтыркы Ош окуяларына чейин деле ушундай маалыматтарды алып турганбыз. Ушундай ар бир жаңжал "жакшы" деп бүтүп келген. "Эл жарашты, баары жакшы" деп бүтүрүп койгонго аракет кылып жатышат. Чындыгында ал көйгөйдүн башы ачык бойдон калууда. Себеби күнөөкөр тарап күнөөсүн толук мойнуна алып, аң-сезими менен кечирим сурабайт. Кылмыш ишинен, жоопкерчиликтен качуу максатында эле кечирим сурап коёт. Ал эми жабыркаган тараптын кеги ичинде кала берет.

Азыр мындай чатактарды бас-бас кылуунун ордуна коомдук талкууга чыгаруу менен гана жамы журт катышкан чараларды көрүү абзел болоорун эксперт Руслан Ташанов эскертет:

- Улуттар аралык мамилени жөнгө салуу боюнча стратегия иштеп чыгып, анын негизинде бир багыттуу саясат жүргүзүшүбүз керек. Биринчиден, улутуна карбастан мен кыргызстандыкмын деген жалпы позицияны калыптандыруу боюнча иштерди жүргүзүү, экинчиден, аралаш тилдеги мектептердин санын көбөйтүү. Бир улут бир мектеп деп жүрө бере турган болсо, өзүнчө эле автономияны жаратып жатат. Анан биздин бийлик төбөлдөрү элге кайрылган учурда “кыргыздар” дегенден башка сөз сүйлөбөй калды. Анын ордуна “кыргызстандыктар” десе болот. Кыргыздар деп отуруп, биз бир улуттун ичинде курулай патриотизмге жол ачып жатабыз.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстанды 80ден ашык улут байырлайт. Акыркы жылдары өлкөдө улут аралык жаңжалдардын улам артып баратканы байкалууда. 2005-жылдан бери Чүйдө бир нече жолду кагылыштар катталган. Ал эми 2010-жылы июнда кыргыз-өзбек улут өкүлдөрүнүн кагылышы 400дөн ашык адамдын өлүмүнө алып келген. Жакында эле Баткендеги Андарак айылында кыргыз жана тажик жаштары ортосунда чатак чыгып, айылдагы бир нече үй өрттөлгөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG