Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда эки миңден ашуун майып баланын билим алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Мамлекеттеги инклюзивдик билим берүүнүн деңгээли, анын ийгилиги жана кемчиликтери тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнүн, тагыраак айтканда, майып балдарды окутуунун деңгээли кандай? Кандай мүмкүнчүлүктөр жана кемчиликтер бар?

Мамбетова: Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 26 миңден ашуун бала майып. Алардын билим алуусуна мамлекет колдон келишинче шарт түзүүгө аракет кылып келет. Азыркы тапта майыптар үчүн 15 мектеп-интернат бар, 4 күндүзгү мектеп, 15 бала бакча иштейт. Балдардын арасында майыптыктын оор формасы менен жабыркагандар атайын мектептерде да билим ала алышпайт. Ал эми угуусу жана көрүүсү өтө начар болбогон балдар жалпы билим берүүчү мектептерге барып окуй беришет.

"Азаттык": Учурда билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдардын саны канча?

Мамбетова: 2014-жылы үймө-үй кыдырып, тактоо иштерин жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгы менен эки миңден ашуун баланын майыптыгынан улам билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелгени аныкталган. Алар окуй албайт. Бирок ал балдардын ата-энелери чүнчүбөшү керек. Балдарды атайын реабилитациялык борборлорго алып барсын. Эгер ага мүмкүнчүлүк болбосо, үй шартында математикалык оңой эсептерди, калем кармаганды үйрөтсө болот.

"Азаттык": Инклюзивдик билим берүү системасы Кыргызстанда канча жылдан бери иштейт?

Мамбетова: Эгемендиктин алгачкы жылдары эле башталган. 1992-жылы балдар укугу боюнча эл аралык конвенция кабыл алынгандан кийин инклюзивдик билим берүү системасы киргизилген. Бирок көпчүлүк муну “майып балдарды окутуу” деп түшүнөт. Чындыгында, андай эмес. Бул система билим алууга мүмкүнчүлүгү жок балдарга арналган. Мисалы, мигранттардын, качкындардын балдары, окуганга мүмкүнчүлүгү болбой, иштеп акча табуу жолун тандаган тестиерлерге билим берүү деле инклюзивдик усул деп аталат.

"Азаттык": Майып балдардын билимин жогорулатуу үчүн министрлик жыл сайын атайын пландарды иштеп чыгабы? Мисалы, быйыл кандай пландар бар?

Мамбетова: Албетте, бул багытта ишти алга жылдырууга аракет кылып жатабыз. Бирок айрым ата-энелер олуттуу мамиле кылбайт, кээ бир мугалимдер инклюзивдик билим берүү системасын жакшы түшүнбөйт же түшүнүүнү каалабайт. Бул кемчиликти жоюуга аракет кылып жатабыз, бирок өтө жай темп менен. Өткөн жылы эл аралык уюмдардын колдоосу менен бала бакчаларда инклюзивдик усулдарды колдонуу боюнча китептерди басып чыгарганбыз. Быйыл мектептердин деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу аракетиндебиз.

"Азаттык": Эл аралык уюмдардан жардам күтпөй, мамлекет өзү бул жаатта ийгиликтерге жете алабы?

Мамбетова: Тилекке каршы, инклюзивдик окутууну өркүндөтүү үчүн мамлекетте жетиштүү каражат жок. Азырынча өкмөт бул жаатта пландарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, мыйзам нормаларын түзүп берүүдө. Окуу куралдары жана башка усулдук жардамдар боюнча эл аралык уюмдарга көз карандыбыз.

2015-2018-жылдар аралыгында жалпы билим берүүчү мектептерге психологиялык-педагогикалык колдоо борборлорун ачуу пландалган. Ал жерде адистер майып окуучулар менен өз алдынча иштешет.

XS
SM
MD
LG