Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Эскерүү - cизден, белек - бизден


Эгемендиктин 20 жылдык мааракеси. Бишкек, 31-август, 2011.
Эгемендиктин 20 жылдык мааракеси. Бишкек, 31-август, 2011.

"Азаттык" Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты баян, ой толгоо жана ошол кезди таамай чагылдырган сүрөттөр үчүн сынак жарыялайт. 31-август тек гана Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган күн, Эгемендик - бул айдан жылга созулган узак жана далай кыйынчылыктар менен коштолгон жараян.

Сынакка бардык окурмандар катыша алат жана эгемендикти ким кандай кабылдайт, андан берки олуттуу жана кыйчалыш учурлар тууралуу ойлорун ортого сала алышат. 20 жылда Кыргызстан канча өзгөрдү, толук көз карандысыз боло алдыбыбы, бул жылдары көпчүлүккө белгисиз эмне окуяларды билесиз же башыңыздан өткөрдүңүз? - деген өңдүү суроолор тегерегинде көкүрөгүңүздө көктөгөн ойлор бар болсо, биздин сынакка катышыңыз.

Эң мыкты баян, макала же ой толгоо жазган, же ошол кезди күтүлбөгөн өңүттөн чагылдырган сүрөттөрүн жиберген авторлорго "Азаттыктын" атайын сыйлыктары берилет.

Эң мыкты баянга нетбук камдап койдук. Чаң басып жаткан эски сүрөттөрдү кайра карап чыгыңыз. Балким, дал ошол сүрөт үчүн сиз “Азаттыктан” фотоаппарат утуп аласыз.

Баян же сүрөттөрүңүздү Webeditor@bureaumail.rferl.org дарегине (кошумча даректер: Shaiyrbek.kg@gmail.com; Altymyshova@gmail.com) "Азаттыктын" сынагына деген белги менен жибериңиз.

Конкурс быйылкы 10-декабрга чейин созулуп, жаңы жыл алдында жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат.
XS
SM
MD
LG