Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Көлдүн карагаты казактарда баа болуп, элдин баары Алматыга жүктөп кетип жатышат", - дегенди угуп, союз кулагандан кийин козу карындай жайнап чыга баштаган МП, СП, ЧПлардын бирин чогуу ачып, жардамчы болуп жүргөн Совет деген жигит Анаркандын үйүнө келип калды.

"Жеңе, биз деле барып келбейлиби, машинаңызга 400 килограмм батат, арткы орундукту алып салабыз", - деди.

Балдарынын атасы менен жашабай калса деле, ал кезде көбү аны дагы эле "жеңе" дешчү. Бир күндүн ичинде Жети-Өгүзгө барып, "заготовка" кыла коюшту да, түнү менен Караколдон жөнөп калышты.

Каркыранын ичи менен кеткен жолдо алгач кыргыздын, андан кийин казактардын бекетинен өтмөй деген бир азап бар эле.

"Эми рулга өзүңүз отуруңуз, аялдарга булар көп тийишпейт" деп, Совет келиндин жанына отурду. Кыргыздын постунда эки-үч формачан жигит шлагбаумдун жанында туруптур, чыгып документтерди сунса: "Здрасьте, эже, не узнаете? Мы же с вами соседи, я тоже в обкомгородке живу", - деп сары жигит учурашып калды.

"Болду анда, ач мунуңду, кете берейин, жол алыс" деп, жолу ачылганына сүйүнүп, андан ары жөнөдү.

Ошол кездеги жолдун жаманы ай! Азыр кандай экенин ким билет, бирок көкөйгө көк таштай эле тийген. Каркыра капчыгайы артта калып, Кегенге жакындаганда казактын постуна дагы токтошту. Биздикине окшош вагончигине кирип барса, "күйөөң барбы, балдарың барбы?" деген суроо-сопкут башталды.

Азыр алардын ордуна кычыраган посттор курулса керек, ошо бойдон көрө да элек. Байкуш болуп, күйөөсү жок, балдарын багайын деп, түн катып жол жүргөнүн айта баштады эле, бирөө: "Эй, балдарыңды ташта, меным келиншегим бол" деп тамашалап калды. "Эмки жолу калам" деп жылмаймыш этип, эптеп кутулуп кетип баратса: "Быршелек каракатты оногу масломериңден берып жиберши", - деп кыйкырып калды артынан жанагы Серик деген милийсасы. Атын атайылап сурап алган эле, кийин да кереги тийип калат да.

Таң атпай Алматынын базарына кирип барышса, кыргыздар жүрөт ыйлактап: "Карагатыбыз как болуп калды, бир жумадан бери өтпөй жатат, базар толтура" дешип.

Советтин кабагы бүркөлүп, "эми күйөт турбайбызбы" деп наалый баштады. "Кеттик Капчагайыңа, айда!" деди Анаркан түз эле. Ого бетер жаны кашайып баратканын көрүп: "Эми сенин акчаң күйүп жатты беле? Бара көрөөрбүз", - десе деле болбойт үтүрөйүп.

Эки сааттай жүрүп Капчагайдын четиндеги базарына кирип, бир орус аялга карагаттын баасын айтышса, "Маша! Нина! Даша!" деп эле элдин баарын чакырып кыйкыра баштады. Заматтын ортосунда таламайга түшүп калышты экөө.

Кезекке тура калышып, кыжы-кужу болгондорду тейлеп атып, Советтин жыргаганын айтпа! Соода кызыганда кеч киргенин да байкабай калышыптыр, келиндин чарчаган жаны кулаганы эле араң турат.

"Жеңе, мейманканасына барган болбойт, булардын рекеттери акчабызды тартып алат, эл жок жерге эле барып эс алалы", - десе үрөйү уча баштады. Капчагайдын четиндеги топ гараждын жанына токтоп, эптеп уйкуга кирмей болушту.

Совет ала келген жер төшөктү салынып, көк чөптүн арасына жатты, келин рулга отурган бойдон уйкуга кирди. Бир маалда ичинде музыка жаңырып, ызы-чуу эле болуп аткан гараж жактан сөгүнүп-сагынып бир орус чыгып, түз эле машинеге келип, терезени чертти. Чочуп ойгонгон аялдын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Тиги тамеки сурап, эшикти ач деди. Айла жок, Советтин тамекисинен берди. Ичинен "Совет тура калып басып келбесе экен..." деп кудайдан тилеп атты.

Мас экенин көрүп, суроолоруна болгон эсин жыйып жооп бере баштады. Аңгыча жанына дагы бир кыз менен эркек басып келди. Жалгыз ээн талаада кантип коркпой отурганына таң калышып, жол тартып келатып чарчап, эс алганы токтоп калганын угушуп, алар менен чогуу гаражга барып арак ичкени конокко чакырышты.

Баягы эле балдарын айтып, жаңы эле кеткени жатканын укканда: "Ай, сен абдан кооптуу жерге токтопсуң, бул жерге жалаң криминал чогулат, биз менен арак ичкиң келбесе, кет анда тезирээк", - деп коштошо башташты.

"Койгулачы, силердей жакшы адамдарды жолуктуруп кубанып жатсам. Андан көрө бир күнү Ысык-Көлгө келип эс алып кеткиле", - дегенин бир билет. Анаркан алардан кутулганына катуу сүйүндү.

Тигилер узаар менен Совет жетип келди, баарын угуп, эмне кыларын билбей жатканын айтты. "Ой, ырас эле келген жоксуң, сени көрсө, алар бизди аямак эмес, мен коркконумдан жүрөгүм жарылып кете жаздады. Үйдө калган балдарым көзүмө элестей түштү. Кудай чоң сактады. Накта бандиттердин уюгуна келген турбайбызбы, кеттик! Бол!", - деп машинени учура айдады да, кетти Анаркан Ысык-Көлүнө.

Андан бери далай жылдар өттү. Бирок чакалап карагат сатып отурган көлдүктөрүн көргөндө, баягы карагаттай караңгы түндөр көзүнө элестеп, Совет бийлиги менен удаа өзүнүн жеке турмушу да ураган күндөрүн эстеп, Анаркандын жүрөгү "шуу" дей түшөт.

Миргүл.

XS
SM
MD
LG