Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:08

Кыргызстанда Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат. Бишкекте 1-февралда коомчулук өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин айкелдерине гүл коюшту. Андан кийин Чоң-Таш айылындагы “Ата Бейит” эскерүү комплексине зыярат жасашты.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу мамлекеттик ишмерлерди эскерип жатып, Кыргыз АССРинин түзүлүшү мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө коюлган негизги кадамдардын бири болгонун айтып берди:

- "Кыргызга мамлекеттин кереги жок, бул улут мамлекет курганга жарамсыз" деп чыккандар болгон. Ошондуктан Кыргызстандын түндүгүн Казакстанга, түштүгүн Өзбекстан, Тажикстанга кошуп берели деген сунуштар айтылган. Ошону “жок, болбойт, кыргыз өзүнүн мамлекетин куруш керек, кыргыз Борбор Азиядагы эң байыркы калк” деп какшап жатып Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов баштаган мекенчил уулдар 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусун түптөп, негиздеп чыгышкан. Анан кийин кайрадан “Кыргыз эмнеге автономиялуу облус боюнча калмак эле, союздук республикага айлансын” деп Сталинге кайра-кайра кат жазып отуруп, 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлдү. Ал 1936-жылы Кыргыз ССРине айланды. Эгерде ошондо мамлекет курулуп калбаганда бүгүнкү эгемен кыргыз мамлекети Кара Калпакстандай же Татарстандай тагдырга туш болмок.

Молдокасымов ошол кездеги кыргыздын саясый элитасы өздөрүнө жүктөлгөн тарыхый олуттуу жоопкерчиликти түшүнө билип, чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, мамлекетүүлүк үчүн зарыл болгон шарттарды бирден терип курашканын айтты.

Жазуучу Кеңеш Жусупов ХХ кылымдын башында жаңы доорго ылайык түзүлө турган мамлекет үчүн ошол улуттун өзүнүн жазуусун, агартуусун, тарыхын тактоо зарыл болгонун, бул багытта Ишенаалы Арабаев, Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов баштаган топ аз убакта мыкты эмгектерди жасаганын кеп салды:

- Тыныстановдун, Абдырахмановдун демилгеси менен кыргыздардын тарыхын жаздыруу аракети катуу жүргөн. Алар улут тарыхын айрыкча орус окумуштууларына жаздырууну каалаган. Мисалы, Бартольдго сунуш кылышкан. Ал макул болуп кыргыздын байыртан бери келаткан тарыхын жазды. Аны биздин окумуштуулар али изилдеше элек. Кыргыздар тууралуу жазылган ошол эмгек – биздин улут тууралуу жаралган эң мыкты тарыхый эмгек болуп калды. Андан кийин Ташкенттен, Москвадан окумуштууларды алып келишкен. Абрамзонду да кыргыздар тууралуу жазууга Касым Тыныстанов башында турган кыргыз агартуучулары үгүттөшкөн. Ушундай тынбаган аракеттердин негизинде гана Кыргыз республикасы түзүлүп, ал бир кыштан кыналып курулуп, эми минтип өз алдынча республика болуп отурабыз.

Мындан 90 жыл мурун Кыргыз АССРин түзгөнгө салым кошкондордун бири Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова кечээ жакында эле өзүнүн жеке архивинен атасы Төрөкул Айтматовдун ошол кездеги билим берүү тармагы боюнча жазган баяндамасын таап алган экен:

- Ошол кездеги Кыргызстандагы билим берүү тармагы тууралуу статистикасын келтирип, Кыргызстанда канча мектеп бар, канча предметтен сабак берилет, канча окуучу бар экенин санап келип, өтө ачуу сын айткан. “Мындай болбойт, биз педагогикалык кадрларды даярдап, мектептерди оңдошубуз керек” деген ойлорун билдирген. Баяндамасынын соңунда “эгер элибизди билимдүү кылбасак келечегибизди түзө албайбыз” деп аяктайт.

Роза Айтматова өз мекени үчүн жан дили менен эмгектенип, Кыргыз мамлекетин тикелеген ошол саясый ишмерлер 1938-жылы ар кандай жалаа менен сталиндик репрессияга туш болуп, атылып кеткени өкүнүчтүү болгонун кеп кылды.

“Мурас” коомдук фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин кыргыздардын көз карандысыз мамлекет түзүү аракети эзелтен болуп келгенин, акыркы жүз жылдыкта ал 1916-жылы башталганын айтып берди:

- 1916-жыл улуттук мамлекеттүүлүк идеясы менен коштолгон. Ошондо падышалык Орусиядан көз каранды эмес аймак түзгөнгө аракет кылышкан. Андан кийин 1917-жылы “Алаш ордо” автономиясы үчүн күрөшкөн кыймыл да болду. Бул дагы жүзөгө ашкан жок. Кокон автономиясы деген көп партиялуу, демократиялык түзүлүштү калыптандырууга да умтулушту. Муну Михаил Фрунзенин аскерлери келип талкалады. Ошондон кийин кыргыз айдыңдары советтик системанын ичинде өзүнүн бийлигин түзгөнгө аракет кылышты.

Быйыл Кыргызстанда Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыкка жетишинин 25 жылдыгы белгиленүүдө.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG