Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө сынакка келген Жорохан Аралбаеванын блогун сунуштайбыз.

1989-жыл мен үчүн унутулгус жыл болду. Анткени 13 жылдан бери аракет кылып диссертациямды жактоонун алдында тургам. Бул илимий иштин ушунча көпкө созулуп кетишинин себеби мындай болду. Илимий жетекчилерим И. К., Б. И. Ахунбаевалар автокырсыктан мезгилсиз каза болуп калышты. Менин диссертациям бүтүп калганына карабай жаңы жетекчи шайланып, бөлөкчө көз караш менен толуктоо киргизип дагы бир топ жылга созулду.

Экинчиси, ошол убакта Советтер Союзу ыдырап, "кайра куруудан" Москвада ВАКтын иши 3-4 жылга токтоп, илимий иштерди жактоолор болбой калган. Ошентип көпкө созулган илимий ишимдин да сааты келип, 1989-жылы ВАК иштей баштаганда эле жактадым. Бирок менин медицина илимдеринин кандидаты болгонум өзүмө жана үй-бүлөмө чоң кубаныч алып келген жок. Анткени Советтер Союзу ыдырап, республикалар өз алдынча болуп, завод-фабрикалар жабылып, миңдеген кишилер жумушсуз калды.

Ооруканалар аңгырап, бейтаптар түшпөй, стационарлар бош калышты. Эгер катуу оорулар келсе үйүнөн шейшеп, жаздык кап жана тамагына чейин алып келип жатышчу. Дарыны, ийнени өздөрү сатып алышат. Элдин кыйласы ооруканага келгилери келбей, эмчи, домчу, тамырчы, көзү ачыктарга кайрыла башташты. Ооруканалар чекесинен жабылып, ичиндеги эмеректер, идиш-аяктар, дагы көп нерселер шылуундардын таламайына түштү.

Жолдошум экөөбүз шаардагы №2 шаардык ооруканада иштейт элек. Жолдошум хирург, профессор. Мен Мединститутта ассистент болуп иштечүмүн. Мурун №2 шаардык оорукананын ичинде хирургия, кардиология, гастроэнтерология, нефрология, пульмонология, лаборатория жана поликлиника бар эле.

1990 - 1995-жылдары поликлиника менен хирургиялык корпустан башкасынын баары жабылып, тонолуп, имараттар ар кимге ижарага берилип оорукана жок болду. Жарым короонун ичине академик Мамакеев особняк салып, огород кылып алды.

Азыр ошол экинчи шаардык ооруканага караган жарандар оорушса бөлөк ооруканага жаталбай кыйналышат, орун жок деп коюшат, баарынан да жарды жашагандарга кыйын.

Көп оорулар убагында дарылана алышпай айыкпас ооруларга дуушар болушуп (бөйрөк, жүрөк, кургак учук, СПИД ж.б.), телевидениеден, радиодон, гезиттерден кудайы сурап атышат. Ошол эле убакта айлыгыбызды, пенсияны убагында алалбай калдык.

Пенсиялар аракка, байпакка, самынга которулуп берип калган. Жумушсуз калган көп врачтар жана иштегендер түзүгүрөөк айлык албагандар Орусияга жана башка жерлерге кетишти. Ошонун залалы ушул убакытка чейин тийип, алыскы айыл-райондордо врачтар жок, эл аябай кыйналып жатат.

Акыркы 10-15 жылда Кыргызстанда дарыгерлерди даярдаган беш университет бар: үч мамлекеттик, эки жеке ачып алгандар. Саны көп- сапаты жок. Жаш врачтардын 80% деңгээли илгерки СССР убагындагы медициналык окуу жайга да тең келбейт. Ошонун алты жылын чоң акча төлөп окугандары аз келгенсип, жок дегенде кичине практика алыш үчүн дагы эки жыл акча төлөп ординатураны окуш керек.

Советтер Союзунда Кыргызстанда бир эле мединститут бүт регионду сапаттуу врачтар, фельдшер, акушеркалар менен 100% камсыз кылып турчу. Мен муну сырттан билген адис катары эмес, ичтен аралашып, ушул убакытка чейин иштеп жүргөн медик катары жазып жатам.

Айта берсе сөз көп, көйгөй көп, бирок силер койгон талаптарга аз да болсо өз оюмду жазып койдум.

Менин медицина стажым 60 жыл, медицина илимдеринин кандидаты, КММА менен КРСУ доценти Аралбаева Жорохан Авазовна

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG