Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыккан бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.

Төмөндө укук коргоочу Арзыкан Момунтаеванын блогун сунуштайбыз.

Эркиндиктин башталышы

1990-жылдын февралы КДКнын (Кыргызстан Демократиялык Кыймылы) алгачкы чогулушу эле. Филармониянын залы толо дуулдаган жаштар, баары тең шайдоот, таанышып бапырашып эле жатабыз, кыз-келиндер аз экен, биз Таластан болгону экөө элек Элмира Кармышова экөөбүз, калган жыйырма беши жигиттер болчу. 1989-жылдын жай, күз айларында биз Ленинграддан “Аккеме” аттуу газеталарды жашыруун алып, мамлекеттеги биз билбеген саясий окуялардан кабар ала баштаганбыз. Көп узабай 1990-жылдын башында КДК өз эшигин кенен ачып, ким кааласа кирип калган учур болчу. КДК дегенде ошол кездеги компартиянын төбөлдөрү кадимкидей чочулап, биздин “Майдан" аттуу газетабыз чындыктын бетин көргөзүп, аны атактуу Аман Токтогулов, Казат Акматов жана Топчуке өңдүү мыктыларыбыз чыгарып жаткан. Мен Таластан кабар жазып турчумун. Ошондо катуу чыккан КДКга баягыда топурап толуп алгандар бат эле быт-чытын чыгарып, бузуп жиберишти. Бир тобу Акаевдин көлөкөсүнө, бир тобу оппозициялык маанайда айрымдары “күн тийген жердин күкүгү” болуп, ортодо чамбыл ала болуп жүрүштү. Кечээ биз менен КДКнын оң колу болуп жүргөн Уркунбаев Акаевге жол таап чоң кызмат, чоң байлыкка бат эле жетип алып бизге кайра камчы үйрүгөн күндөрү болгон. КДКнын башында Топчуке, Жекшеев, Текебаев, Сабыр, Табылды Эгембердиев, Турсунбек Акун, Ө. Абдырахманов, Э. Шерниязовдор бар эле. Алар эч нерседен коркпогон эржүрөк жигиттер эмеспи Кыргызстандын эгемендиги үчүн жандарын аябаган немелер азыр деле өз орду бар инсандар боюнча калышты. Көзү өткөндөрү да биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Тарыхта узакка созулган жылдарды камтып, далайлардын өмүрүн кыйып, кан менен көз жашка толгон революцияны эшитип келсек, эми минтип 15 жылдык дүңкүйүп түптөнгөн бийликти заматта кулаткан революцияны көрдүк. Бул чындыктын өзү кыска болсо да өмүрү узак болгой эле деп күткөнбүз. Адамдын жаны карайып ачуусу катуу келгенде бет келгенин кайсап салган (психологияда аффект деп аталат) учур өтө сейрек кездешет. Же баягы жомоктогу карышкырды кочкор оозу-мурдун канжалата сүзүп кеткенден кийин эсине келген карышкыр көзүн ачып, мен кочкорду жедимби же жеген жокмунбу деген сыңары эси эңгиреп тургандар да канча? Баарыбызга тааныш мындан 15 жыл илгери СССР кулаганда да эсибиз ооп, көнгөн оокатыбызды эңсеп, өмүрүбүздүн канча жылын өткөрүп жибербедик беле. Бирок баары бир өткөн нерсе кайрылбайт экен, демек артка кылчактабай улам алга жылганыбыз абзел. Кыбыраган кыр ашат дегендей, жазгы тиричиликтен калбай аракетибизди жасаганыбыз оң. Президентибиз Аскар Акаев бизди таштап качып кетти. Кийинкилер бийлик бөлүштүрмөй менен алп урушуп жатса, элет менен шаарда биринин укугун бири коргоп, пикеттен Ак үйдөн баштап сот, прокуратура органдарын корголото кууп, жумалап ураан чакырыктар менен тынчый албай калганбыз. Ушул нерселер жалпы журтка жабышып калган оорудай болуп, баары тегиз укук талашып жатышы негизинен алганда демократияга үндөшөт деңизчи, бирок бул демократиянын накта өзү эмес. Атүгүл демократияны бузган бейбаштык эле.

Тоскоолдуктар

Мындан бир нече жыл илгери күркүрөп турган бийликке нааразылыгымды билдирип каяша кылгандыгым үчүн “кара тизмеге” түшкөнүмдө, чондорубуздун көздөрү алайып, курбуларымдын пыш-пыш эткен ушактары, “дежур акелеримдин” сөөмөйлөрүн көргөзө шакаба кылгандарын унута элекмин. Ошондо катуу капа болгом, капалыгымды кагазга түшүрүп, эртеси эле тириликтин озуйпасын улай бергеним, көз карашымдан тайбаганым ырас болуптур. Эми минтип элдин баары мага окшоп демократия, акыйкат деп кыйкырып тургандыгын жактырып турсам да айрым учурда аша чаап, өтө туздап жибергендигине макул эместигимди жашыргым келбей турат.

“Көкөтайдын ашы, көп чырдын башы” дегендей, ушул мамлекеттик маанидеги чатак шайлоонун өтө адилетсиздигинен улам чыкпадыбы. Аны эл чыгарган жок, аны ушул бийлик өзү чыгарды. Шайлоону каалагандай бузду, сатты. Элди да саткыла, сатылгыла деди. Акыры элдин чыдамы кетип жарылды. Баарынан да күйгөнүм, ушул биз билген сыртынан сылык, билимдүү көрүнгөн, эл башкарган, үстөл кучактаган замандаштарым, классташтарым, жакындарымдын шайлоого болгон караниетин, кайдыгерлигин көрдүм. Алардын жогорку адамдардын буйругуна мыңк этпей көнүп, бир ичкен арагы менен этине келечекти алмаштырганын көрдүм. Даанышмандын бир айтканы бар: “Адилеттик адамга болгону жакшы, бирок бийликтегилерге болгону андан да жакшы”, - деп. Ошол бийликтегилердин өлсөң, талсаң да баланчага добуш бересиң, болбосо кызматтан кетесиң деген “маданияттуу” опузаларынын канчасына мен күбөмүн. Канчасы менен шайлоо үчүн душман болуп калдым. Алардын аттарын жазсам барак түт келбес. Албетте, ар бир адамга акыйкаттык аба-суудай керек, бирок ар бир адам өзүнө акыйкаттыкка кыянаттык кылган жокмунбу, деген суроону бергенди унутпаса. Айтайын дегеним, 2000-жылы шайлоодо ушунчалык уятсыз жетекчилерди, кошоматчыларды, кыргыздын кызыкчылыгын чымындай да ойлобогон, калыстык түшүнө да кирбеген адамдарды көргөм. Кой десем сөзүм өтпөй, күрөшсөм күчүм жетпей, коркутканына ыза болуп, атүгүл кордук-зомбулугуна да кабылгам. Ошол кездеги Бакай-Ата районунун прокурору Шайлоо Пазылов жардамчысы Улан Султаналиев жана Улан Бердикеевдер менин колу-бутумду кайрып өзүнүн машинасына күч колдонуп салып алып барып кабинетине камап, керелден-кечке суракка алган. Сурагы бир мыйзамдуу болсочу. Коркутуп-үркүтүп жүрөгүмдүн үшүн алуу эле. Алда курган кыргызымдын намыссыз жигиттери ай, мен ошолор үчүн жети өмүрүм жерге кирип уялгам, ыза болгом. Болгон күнөөм шайлоонун демократиялуу, мыйзамдуу өтүүсүн байкоо эле да. Аңгыча эле грант, тренинг, буклет, маркер, скотч, пикет, голодовка - деген терминдер жашообузга кирип келди. Мурдагы билгендерибиз эскирип, бүгүн керексиздей сезилип, улам умтулган сайын бир жаңы нерсени көрүп, угуп, билип, даамын татып үйрөнүп жаттык. Дагы бир кредит деген немеге КДКга киргендей баарыбыз жапырт кирип алып баягы эркиндигибизди, алга умтулуубузду, укугубузду өзүбүз тушап салдык. Материалдык байлыкка, ачкөздүккө башыбызды буруп алып, же ага жетпей, же өзүбүздү азат сезе албай абдан кыйналдык. Бул кыйналуунун чеги бүгүн да көрүнбөйт. Ошентип улам бир шайлоо, бир референдум деп жатып дагы бир беш жылдыкта дегеле көп адамдар ЖКга депутаттыкка кандидатураларын коюшту, мында мугалим, укукчу, Ак үйдөн, милиция, прокуратура соттор, дыйкандар, аялдар бизнесмендер, бекерпоздор деле буту менен басып мурду менен тынгандардын баары коюшту. Ошентип Таласта эле 30га чукул депутат болчулар менен күн сайын үч ай бою топурап, костюм-шым кийгендердин жомоктогудай план-платформаларын угуп, жаңы доорду элестетип ишенип чуулдап жүрдүк. Тилекке каршы, шайлоо да болду, эртеси да болуп биз каалаган биз шайлаган адамдар эмес бизге жакпаган бийликтин колдогондору өтүп кетти. Эл дагы толкуду, пикеттер, нааразылыктар Ак үйдү каптап, сотторго ишенбөөчүлүк кайрадан күчөдү. Бийлигибиз тоготуп да койгон жок, өздөрү каалаган депуттаттары менен каалаган иштерин жасай беришти.

Кар жаады, из басты

Ушинтип ойлошкон да, кыңыр иш чыгып калат экен. Бир күнү эле ушул Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы мектеп ремонту болуп жатса, мугалимдер мектептин аба кирчү тешигинен боо-боо болгон бюллетендерди таап алышат, көрсө баягы ЖКнын депутаттыгына талапкер таланттуу Түгөлбай Казаковдуку экен дейт. Көсөм эл анын кызматын эмес талантын сыйлап депутаттыкка добуш берген тура, демек биз Түкөңдү чын жүрөгүбүздөн депутат кылып шайлап алыппыз да. Анан дагы жылдар өттү, Бакиевдин убагында сатуу, атуу көбөйдү. Балдары менен туугандарынын айтып бүткүс кылык-жоруктары, цыгандын арабасындай бир катар кызыл-тазыл толгон жылдар жылып өтүп жатты. Анан элдин чыдамы кетип толкуп-ташып Ак үй, Көк үйдү шыпырып агызып кетти. Тал кармай албаган Бакиев безе качып кутулду, кутулганы курусун канкордукка салып, жүздөгөн жигиттерибизди аттырып кетти. Түштүктү ойрон кылган Ош окуясындагы өрт менен суудай аккан адамдын каны алиге ошол күйүк жыттанган жылдар жүрөктү зырп эткизет.

Бакиевдин убагында пайда болгон ОБОН деген ат алып жүрүшкөн ажаан аялдардын тобу мыйзамсыз кылмыштуу иштерге аралашып жатса да “мыйзамдуу” болуп алышты. Кааласа бүлдүрөт, тытат, мазактайт, үстөлдө отургандарды эшикке сүйрөп чыгып каалаганын отургузуп ”шефтеринен” акы алганга, бекер, бейжай оокатка үйрөнүштү. Улам беш жыл өткөн сайын болуп жаткан шайлоолордун биринде “Ата Мекен” деген партиянын тал-теректерге байланган кызыл чүпүрөктөрү көчөлөрдү мазарга айландырганы, дельтоплан менен учуп программаларын чачканы эсимден кетпейт. Биздин кереметтүү тоолордогу алтын кендердин тагдыры элге, жерге катуу байланышта экен, элибиздин түшүнүгүндө жерди бузуп алтынын алса анын залакасы жумурай журтка тийип, азапка айланат экен, ана Кумтөрдүн тагдырын карачы, тигине цианидди төгүп Ысык-Көлүбүздү уулады, чалкалаган бөтөн тилде сүйлөгөн, жергиликтүү элди бучкагына теңебеген, биздин өңдүү-түстүү улан-кыздарыбызды котормочу кылып шыйпаңдатып ээрчитип алгандарды көрүп Таластын карапайым калкы азат бою тик туруп, алтын казгандарга каршы туруп алышты.

Алардын көч башында мен да бар элем, бир күнү эле “лидерлерин” камагыла деген буйрук келип бир тобубузду топуратып камакка алышты. Бизге коюлган айыптар өзгөчө кылмышкерлерге коюлчу беренелер менен чектелген. Элдин күчү менен жарыкка чыктык, бирок моюнубузга 20 жылдан кем эмес камалуу коркунучу бар эле. Менин шериктеримдин төртөө азыр Америка, Швецияда качкын статусун алып жүрүшөт. Мен болсо бир жылга чамалуу соттошуп жатып акталгам, бирок көз карашым, пикиримди өзгөртө албадым. Ошентип “эркиндиктин аралында” бирде эркин, бирде эркин боло албай шалдырап турганыбызда чочулаган эржигиттер Роза Отунбаевага тизгинди кармата салышып, өздөрү дагы деле ич ара "согушун” уланта беришти. Алар азыр деле согушуп жатышат. Бирок жакында алардын оңолорунан үмүт этемин. Эне-аялдын мыктылыгын көрчү, үлгү алчү иштерди кыска мөөнөттө көргөзүп, айтылган мезгилде президенттик кызматтан кетип, кайра эле катардагы аял вазийпасын улап бөбөктөрдүн жыргалчылыгына кам көрүп, келечекке көчөт тиге баштады.

Шайлоонун шаңы бузулбай өткөн жылдагысы ого бетер көрктөнүп, ага кошумча автоматташтырылган ыкмасы келип, баягыдай пикет болбой сырттан көз салгандардын көпчүлүгү жакшы дешип айтышты, бирок парламентте отургандардын баарынын дымагы күч, жөнөкөйү аз, бай-манабы ашкандары басымдуу болуп, дагы деле баягы Дооронбек Садырбаев агайдай болуп элдин үнүн угузганын көрө албай жатабыз. Бир карасам асман тиреген Ала-Тоом, чалкыган Ысык-Көлүм, төрт түлүк малым, тоо алды толгон алтыным, күркүрөгөн-шаркыраган агын сууларым, конок десе жата калып жанын аябаган нака кыргызымдын меймандостугу, кенен дасторкону, сулуу кыздары, келишкен жигиттери менен кеңпейил карыларымды ойлоп, курсагым тоюп, көңүлүм куунап, жаным жыргап жашоого каниет кылам. Кайра эле ушулардын тескериси ойго түшкөндө туталанып жанагы ойлорумдун быт-чыты чыгып азапка түшүп жашап жатканыбызды кантип жашырам.

Спорт эле спорт деп жатып же бир жигитибиздин бирөөсү жеңишке жетпей, кыз болсо да Айсулуу Тыныбекованын үмүтүңөрдү актабай калдым деп Кыргыз элинин алдынан мөгдүрөп туруп кечирим сураганы жүрөгүмдү сыздатып турса да Чолпон-Атадагы көлдүн боюндагы көк тиреген имараттар, атагы алыска кеткен ат майдан, октой атылган кош кабат жолдор, төөнүн карды жарылган күздөгү ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАЙРАМЫнын 25 жылдыгында мен дагы ушул 25 жылда эмне кылдым, эмне көрдүм, эмне бердим деп абийримдин алдында отчет берип турам. Кудайга шүгүр, кичинекей балдарым, жубайым менен жетелешип келин убагымда демократиянын келгенин жалындап тосуп алып, аны туура 25 бою коштоп, азабы менен асылын көргөн күндөрүм болду. Балдарым бой жетти, билим алышты, жубай күтүштү, балалуу болушту кызматтары бар, ак-караны айрып-билип өсүштү.

Менин китептерим чыкты, мамлекеттик эмес жана мамлекеттик кызматтарда иштедим “Даңк" медалын жана дагы бир топ сыйлыктарды алкыштарды алдым, карасам жашым пайгамбар жашынан өтүп, өмүрлүк жарым менен ашууга эбак чыгып алыпбыз. Кудайдан Кыргыз өлкөсүнө ынтымак, ырыс, бакыт каалап бүткүл элимди чын жүрөгүмдөн 25 жылдыгы менен куттуктайм!

Арзыкан Момунтаева, Талас району, Көк-Ой айылы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG