Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58
31-август, 1991-жыл. Бул күн Ала-Тоону мекендеп, Манас деп ураан чакырып, нечен деген кылымдардан бери тарыхка өз атын жазып, меймандостукту туу тутуп келаткан улуу кыргыз элибиздин тагдырында өтө маанилүү жана ыйык дата.

Ушул күнү элибиз көптөн бери эңсеп келген мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө жана эркиндигине жетип отурбайбы.

31-августта “Мамлекетибиздин көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алынып, кыргыз эли тарыхтын дагы бир жаңы барагын ачып, эркин жана демократиялуу мамлекеттердин катарын толуктоого бел байлады.

Көз карандысыз жана суверендүү болуу, демек эл аралык укуктагы жоболорго баш ийүү, өз милдеттенмелерин аткаруу менен бирге экономикалык жана саясий эркиндикке жетишүү. Мунун баары алдыда аткарыла турган алгачкы кадамдар десек болот.

Биринчи ирет, 1992-жылдан баштап Кыргызстанды эгемендүү мамлекет катары АКШ жана Түркия тааныды. Демек жаш Кыргызстан эл аралык аренага өзү жөнүндө кабар бере баштады. Анын артынан мамлекетибиз үчүн дагы бир олуттуу саамалык болуп өттү: өлкөбүз БУУнун мүчөсү катары таанылып, бир аз өтпөй эле ЮНЕСКОго да мүчө болду.

Акырындап отуруп эгемендүү малекет катары 135 өлкөгө таанылдык. 40тан ашуун эл аралык жана дүйнөлүк уюмдарга мүчө болуп иштешип келүүдөбүз. Албетте болуп жаткан бул окуялар өлкөбүздүн эл аралык катнаштарды түзүүгө, тышкы саясатты жүргүзүүгө, өз мамлекетибизди көрсөтүүгө багытталган.

Ал эми мекенибиздин ичинде болуп жаткан иш-чараларга көз чаптыра келсек; өлкөбүздүн герби, гимни, желеги, валютасы сыяктуу улуттук символикаларыбыздын жана Конституциябыздын кабыл алынышы суверендүү мамлекетибиздин түптөлүшүн бекемдеди. Ал эми өлкөбүздүн идеологиясы катары туңгуч президентибиз Аскар Акаевдин сунушу менен Манас атабыздын жети осуяты кабыл алынды.

“Манас” эпосу тээ байыртадан бери атадан-балага айтылып келип, кыргыздардын канына сиңип, элибиздин тарыхында да, тагдырында да аска-зоодой бийик, дүйнөлүк масштабда да теңдеши жок орду бар. Ушуга байланыштуу жана тарыхчылардын эсептөөсүнө ылайык 1995-жылы Манас атабыздын мин жылдыгын белгилөө боюнча чечим кабыл алынып, мааракеге туш-туштан көптөгөн мартабалуу, даражалуу меймандар чакырылып, бул саамалык эң мыкты деңгээлде өттү десек эч жаңылышпайбыз.

Тарых барактарын барактап отуруп эл-жерибиз үчүн дагы бир абдан маанилүү 2000-жылы белгиленип өткөн чоң маараке ордолуу Ош шаарынын 3000 жылдыгын көз жаздымынан өткөрүүгө болбойт.

Арадан үч жыл өткөн соң кыргыз мамлекетибиздин 2200-жылдыгын зор сыймык, кубаныч менен белгиледик. Алакандай элибиз тээ байыртадан бери ата-бабаларынын мурасын, тилин, маданиятын сактап, кийинки урпактарына берүү менен бүгүнкү күнгө чейин жетип отурат. Маданий мурастарга жана 2000 жылдык карт тарыхка бай элибиз менен сыймыктануу биздин милдет!

Ар бир элдин башынан бактылуу күндөр жана эң бир сонун саамалыктардын өтүүсү менен бирге эле оор кыйынчылыктар да болбой койбойт. Айта кетсек, 2005-жылы элдин жашоо деңгээлинин төмөн болгондугуна жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нааразычылыктардын натыйжасында 14 жыл бийликте болуп келген туңгуч президентибиз тактан кулады. Бул окуя тарыхыбызда кара тамагалар менен жазылып калмакчы.

Көптөн бери элдин мүдөөлөрү аткарылбай, адилетсиздик орноп калгандыгын сезип-туюп калган атуулдарыбыз элдин жаркын келечеги үчүн күрөшүүгө аттанып, эл ичинде толкундоолор башталды. Бул кызуу күрөштүн жыйынтыгында ошол мезгилдин баамы менен төңкөрүш, ал эми бүгүнкү көз караш менен айтканда жөн гана бийликтеги жетекчилердин алмашуусу гана болду. Бирок ошол мезгилде элибиз кайрадан баш көтөрүп, чачылганды бириктирип, бузулганды ондогонго аракет кылып, жакшы ой-тилектерин ашырууга даяр эле. Албетте бул учурда дүйнө коомчулугу да көңүлүн бурбай койгон жок. Түрдүү сын-пикирлер, түрдүү көз караштар жаңы гана өнүгүү жолунда бараткан мамлекетибиздин дарегине нечен ирет айтылып жатты…

Арадан беш жыл өтүп-өтпөй кайрадан элибиз башынан кыйын күндөрдү өткөрдү. Экинчи президентибиз Курманбек Бакиевдин да кетирген чоң катасы үй-бүлөлүк башкарууну негиз кылышы элдин кыжырын келтирди. Апрель жана июнь окуяларында канча деген кырчындай жаш кыз-уулдарыбыздын өмүрлөрү кыйылып, канча деген балдар жетим калышты. Мүңкүрөп өксүп ыйлаган энелердин көз жаштары үчүн ким жооп берет?!

Бийлик менен байлыкка манчыркап, элдин мүдөөсү менен кызыкчылыктарын ойлобогон кыргыз элибиздин кээ бир аттуу-баштуу инсандары адилетсиздикке жол ачып, жаш мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсү үчүн жасалып жаткан кадамдарга бөгөт болуп, артка карай кадам таштоого түрткү болушту. Экинчи ирет мамлекетибиз туш тараптан айтылып жаткан катуу да, калыс да, туура эмес да сын пикирлердин чордонунда калды.

Каргашалуу бул окуялардан кийин бир топ көйгөйлөр ортого чыкты. Чагымчыл күчтөрдүн аракеттери 19-20 жылдан бери 80ден ашуун улуттар менен тынчтыкта жана достукта жашап келаткан элибиздин өзбек эли менен болгон мамилелерин бузуп, кан төгүүлөргө түрткү болду. Дагы бир ирет бийликте отургандар үчүн чоң сабак болду десем жаңылышпайм.

Кайраттуу, күжүрмөн, бейпил жашоого умтулган элибиз башты жерге салбастан жерибизге тынчтыкты орнотууга бел байлап, уул-кыздарынын жаркын келечеги үчүн кайрадан күрөш ичинде.

Күрөш дегеним, айыптуулардын өз жазаларын алышы, адилеттүүлүктүн орношу, коррупция сыяктуу тамыры тереңдерге сүңгүп кеткен орчундуу маселени чечүү жана элдик аренада өз абройун жоготпостон демократиялуу, өсүп келаткан мамлекеттин үлгүсүн көрсөтүү. Ал эми бул күрөштүн башында үчүнчү президентибиз Роза Отунбаева турат.

Аял кишинин бийликке келиши да биздин өлкөдө кайсы бир деңгээлде демократиянын орношунун белгиси. Жогоруда биз мамлекетибиздин 20 жылдык тарыхына бир аз да болсо көз чаптырып өттүк. Тарыхыбыздын изи менен келип отуруп бүгүнкү биз жашап жаткан күндөргө жеттик.

2011-жыл, сентябрь айы. Кыргыз элибиз чоң бир өзгөрүүнүн алдында турат. Буйруса бир айдан кийин президенттик шайлоо өтөт. Элибиздин үмүттөрүн, ишеничтерин актап, гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанга карай багыт алган президенттин келишин жаш-кары дебей, чыдамсыздык менен күтүп турган кезибиз. Эң негизгиси - бул элибиздин ынтымагы. Бекеринен кыргыз элинде “Ырыс алды ынтымак” деген сөз айтылып калган эмес.

Кыргызстан азыр дүйнө жүзүндө жашап жаткан 200дөн ашуун суверендүү мамлекеттердин катарында турат. Бул нерсени эч ким тана албайт. Ушуну менен бирге мамлекетибизде демократияны орнотуу жана өнүктүрүү иштери ийгиликтүү жүрүп келе жатат.

Сөз жана басма эркиндиги, өз оюңду эркин айта алуу эркиндиги, каалаган окуу жайды, каалаган ишти жана каалаган аймакта жашоону тандоо эркиндиги, сыныры жок түрдүү булактардан маалымат алуу эркиндиги, өзүңдү ар тараптан өнүктүрүү эркиндиги, материалдык байлыкка ээ болуу эркиндиги, түрдүү бейөкмөт уюмдардын түзүлүшү жана иш алып баруусу - мунун баары демократиянын белгилеринен кабар берип турат.

Албетте Кыргызстанда демократиянын бар же жок болушуна байланыштуу кызуу талаштар болуп келет. Коомубузда ар кандай көз караштар айтылат. Бул да кайсы бир деңгээлде демократиянын өкүм сүрүшү. Демократия жана эгемендүүлүк бул эки нерсеге өзгөчө маани берүү керек. Кыргыз мамлекети өз убагында эгемендүүлүккө ээ боло албаганда тарыхыбыз таптакыр башкача жазылмак. Ал бурулушту элестетүү да кыйын.

Мен кыргыз болуп төрөлгөнүмө, эгемендүү, көз карандысыз мекенимде жашап жатканыма абдан сыймыктанам. Анткени эгемендүү мамлекетте жашоо менен бирге өз эне тилибизде эркин сүйлөп, аны көздүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга мураска калтыруу, ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан каада-салт, үрп-адаттарыбызды, элибиздин жан дүйнөсүн чагылдырып, рухий азык болуп турган элдик оозеки чыгармаларыбызды, маданиятыбызды жаны өсүп келе жаткан жаш муундарга өткөрүп берүү укугуна да, мүмкүнчүлүгүнө да ээ болобуз.

Ошол эле учурда мейли спорт, мейли искусство, мейли бизнес жаатында болсун, патриот, таланттуу атуулдарыбыз намысыбызды коргоп, Кыргызстандын желегин желбиретип турса, кандай керемет! Ошондуктан кыргызды кыргыз кылган маданий баалуулуктарыбызды бек сактап, дүйнө элдерине таанылып, атагыбызды тээ алыска таратышыбыз керек.

Акырында айтаарым, элибиз тынчтык, бейпилдик жана ынтымак ичинде жашаса, мамлекетибиз экономикалык жактан да, саясий жактан да күчтөнүп, дүйнөдөгү алдыңки ири капиталисттик өлкөлөрдүн катарына кире алат. Ар дайым ишенич, үмүт жана аракет бизди коштосо, мекенибиз үчүн чоң-чоң ийгиликтерди жарата алабыз!

Чолдоева Наргиза,

Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Эл аралык мамилелер бөлүмү, 3-курс

"Азаттык": Автордун стили өзгөртүүсүз берилди.
XS
SM
MD
LG