Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Эгемендик 21 жашта


Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 21 жылдыгы белгиленүүдө. Бул маанилүү күнгө карата өлкөнүн бардык аймактарында жыл сайын боло келген майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Бул күнү Бишкектин чекесиндеги Боз-Бөлтөк тоосунда өлкөдөгү эң ири туу көтөрүлдү. Туу көтөрүү аземине катышкан президент Алмазбек Атамбаев кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө 21 жыл толгонуна карабастан, эрезеге жете албай жатканын белгилеп, өлкөнү өнүктүрүү үчүн жарандарды жапа тырмак аракет кылууга чакырды.

Жыйырма биринчи ирет белгиленип жаткан эгемендик майрамы кандай майрамдалды жана эмнеси менен эсте калды?

Өзөктө жаткан өкүнүч

Кыргызстандын эгемендигинин 21 жылдыгы белгилөө мурдагы жылдардан көп деле айырмаланган жок. Ар жыл сайын адатка айлангандай Бишкекте жана облус борборлорундагы куттуктоо иш-чаралары менен элдик сайрандоолор уюштурулду.
Жалгыз гана, майрамга арналган расмий салтанат бул жылы мурдагы жылдардагыдай борбордук аянтта уюштурулбай, Бишкектин чекесиндеги Боз-Бөлтөк дөбөсүндө белгиленди.

Анткени майрамды утурлай анча бийик эмес бул дөбөгө Кыргызстандын туусу көтөрүлүп, ага президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мамлекет жетекчилери, коомдук ишмерлер катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, бирок 21ге чыккан Кыргызстандын өз курагына жараша өнүгө албай жатканына өкүнүчүн билдирди:

- Кыргызстан бүгүн 21 жашка толуп жатат. Бул курак темирди үзө тепчү толуп турган убак. Бирок өлкөбүз азыркыга чейин наристедей болуп баса албай, темселеп турганы абдан эле өкүнүчтүү. Кыргызстан да өнүккөн өлкө болот. Буга ишенем. Бул үчүн мамлекетибизди эле талай бербей, баарыбыз биригип, ынтымак үчүн жапа тырмак иштешибиз керек. Мен өлкөмө эмне кылдым деп ойлонуш керек. Болбосо чоңунан кичинесине чейин эле “мага бер, бер” дегенге көнүп алдык. Намыс деген болуш керек.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан көз карандысыздык алганына 21 жыл болгону менен көп убакыт текке кетти:

- Биз коррупция жана кылмыштуулук менен эми гана күрөшө баштадык. Анын алгачкы жыйынтыктары элге ишеним тартуулагандай болду. Адилеттүү сот системасын түзүүгө кириштик. Биз адилет бийлик менен гана эл ишенимин актай алабыз. Болбосо байлык, бийлик менен эч кимди сактай алган эмес. Түбөлүктүү дөөлөттөр - адамгерчилик, ыйман, намыс, билим. Кыргызстан эгемендик жылдарында көп нерсени текке кетирди. Чыныгы өзгөрүүлөр, эгемендүү Кыргызстан эми гана түптөлүүдө.

Кайталагандан тажабагандар

Эгемендикти белгилөөнүн номур биринчи иш-чарасы Байтиктин Боз-Бөлтөгүнө жылып, туу көтөрүлүп, президент өзгөрүүдөн кеп салганы менен Бишкекте жана облус борборлорунда майрамдык иш-чаралар мурдагы жылдагыдан көп деле айырмаланган жок.

Ар бир дубандын борбордук аянттарда куттуктоо иш-чаралары менен элдик сайрандоолор уюштурулду. Мисалы, Жалал-Абаддын тургуну Назира Мырзабаеванын айтымында, бул жылы деле 20 жылдан берки көрүнүш кайталанып, мамлекеттин өз пайдубалын түптөй алганын сезе алган эмес:

- Жалал-Абадда майрамдык сценарий жазган адам калган эмес окшойт. Мына бүгүн сценарий жазылбай эле жылдагынын кайталоосу экени көрүнүп турат. Эгемендүүлүк шаңдуу майрам болуп, элге дем бериши керек болсо, бул жакта көнүп калган кайгылуу ырлар менен тосуп отурабыз. Негизи 21 жылда бир нерсе өзгөрүшү керек эле. Муну уюштурган жаштар ичинен чыгыш керек эле. Андай нерсени байкай албай жатабыз.

Ысык-Көлдө деле майрамдык иш-чаралар мурункудан айырмаланбаса деле Кыргызстандын байрагы алдында майрам белгилөөнүн өзү эле элдин келечекке болгон ишенимин арттырарын Караколдун тургуну Замир Асаналиев айтты:

- Элдин келечекке болгон ишеними жакшы. Маанайы жакшы. Өкмөттө болуп жаткан оош-кыйыштарга карабастан эл өз турмушун жакшыртууга аракет кылып жатат. Өз желегибиздин алдында майрам белгилөө бакыт да.

Оштун тургуну Алимжан Ташгозуев борбордук аянтта өткөн майрамдык салтанатка барган деле эмес. Ал жаңыдан салып жаткан үйүнүн курулушу менен убара. Алимжандын айтымында, салтанатка барам деп бир күндү сарптаганча, үйүн бүтүрүп алганы майрамдан артык иш болот:

- Эми эл эгемендикти майрамдаса майрамдагандыр. Бирок эки саат борбордук аянтта концерт көргөнчө үйдү бүтүрүп алганыбыз жакшы болоор. Ошол бизге майрам болот.

Алимжан аянтка барбаганы менен калаада эгемендикти куттуктаган иш-чара өттү. Анда "эгемендикти сактайлы" деген ураан менен катар ынтымакка чакырган сөздөр көп жаңырды.

Мындай иш-чарага күбө болгон Оштун дагы бир тургуну Максаткүл Чодонова быйылкы эгемендик майрамы өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир топ көңүлдүү экенин белгилейт:

- Майрамды уюштуруу боюнча мэриянын ишине абдан эле жакшы баалайм. Элдин маанайы абдан эле жакшы болду. Ушул сыяктуу иш-чаралар көп болсо, улуттар аралык ынтымак бекемделмек.

Баткенде деле майрамдык иш-чаранын мазмуну мурдагыдан айырмаланган жок. Жалгыз гана Баткендин жетекчилери акыркы учурдагы чек ара көйгөйлөрүн эске алып, күнкорсуздукту майрамдоого коңшулаш Өзбекстандын Сох району менен Тажикстандын Исфара районунун акимдерин чакырышкан.

Буга чейин бир нече ирет Баткен менен чек арада көйгөйлөр орун алган Сох районунун акими Табакал Рохимов куттуктоосун мындайча билдирди:

- Биздин ичкен суубуз, жуткан абабыз бир. Ошондуктан сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Кыргызстан менен Өзбекстандын күнкорсуздугу ылайым сакталып кала берсин.

Таластык Мөөркан Темирбек кызы үчүн 31-август мамлекеттик майрамдан үй-бүлөлүк майрамга айланды. Ал бүгүн тун баласын жарык дүйнөгө алып келди. Кубанычка балкыган жаш эне уулунун ысымы балким эгемендик майрамдын урматына коюлушу мүмкүн экенин да четке какпайт.

- Бүгүн 00:05те төрөдүм. Абдан кубанып жатам. Буга чейин доктурлар ушул күнү төрөйсүң деп айтышкан, бирок маани деле берген эмесмин.

Ал эми Кыргызстандын эгемендик майрамына Нарынга барып күбө болуп жаткан түштүккореялык Ян Ли өз өлкөсүндөгүдөй өтө салтанаттуу белгиленип, жер жаңыраткан фейерверктер менен коштолбой жупуну өтсө да, өз кызыгы бар экенин кыргыз тилинде мындайча айтып берди:

- Бизде, Кореяда абдан көп адам чогулат, ар кандай чоң иш-чаралар болот. Силерде аз адамдын катышуусу менен парад болот экен. Абдан эле кызыктуу. Мага жакты. Эгемендик күнү менен куттуктайм.

Бул күнү тартип коргоо органдары өлкө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Маселен, Бишкек шаарында эле 8 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипке көз салууда.


Эгемен элдин туусу
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG