Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

СССР урап, Кыргызстандын көз карандысыз болгонуна 20 жыл толду. Мурда ашыкча мал-мүлк күтө албагандарга менчик ээси болуп, күтүрөп баюуга жол ачылды

Көз карандысыз мамлекет алсыз, чабал болсо – башка байыраак, чоңураак мамлекетке көз каранды болуусу ыктымал. Андыктан эл аралык тажрыйбада көз карандысыздыктын негизи катары экономикалык көрсөткүчтү алып карашат.

Ушул 20 жыл аралыгында экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү саналган жеке ишкерлер, менчик ээлери кандай жолду басышты? Бардык мүлктөр мамлекеттики саналган доордо чоңойгондор менчиктештирүүнү, жаңы экономикалык алакаларды жөндөй алыштыбы? Мындан аркы кадамдар кандай болуусу керек? Адистердин айтымында, алдыга жылуу үчүн ушул сыяктуу маселелерди туура талдоо абзел.

Farmoni компаниясынын башкы директору Манас Саматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, эгемендик Кыргыз мамлекетине кокусунан эле келип калгандай болгонун, ошол маалда СССРде чоңойгон бийлик да, коомчулук да жеке ишкерлик, экономикалык эркиндик деген эмне экенин билбегенин, андыктан кемчиликтер көп кеткенин айтат.

Манас Саматов
Саматовдун пикиринде, 95-жылдарга чейин коомчулукта СССР кайра тирилет деген сезим жашап, 96-жылдардан кийин гана эл ишкерлик кылуу керектигин, мамлекеттин көрсөтмөсү менен эмес, өздөрү ойлонуп аракет кылуу зарылдыгын түшүнө башташкан. Ошондон кийин гана коомчулук өзү аракеттенип, рыноктук алакалар өнүгө баштаган.

Саматовдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин ишкерлерге кандай мамиле кылуу керектигин, либералдык экономиканы кандайча куруу керектигин түшүнгөн адамдар бийликке келе элек:

- Мен айтаар элем, жеке ишкер бүгүнкү күндө мамлекет үчүн өтө кымбаттуу, алтын адам. Айлык сурабайт. Өзү менен өзү убара. Салык төлөйт. Кала берсе башкаларга да жумушчу ордун түзүп берүүдө. Бул жалпы коом үчүн эң сонун жетектөөчү күч. Бир гана чатак жери - мамлекет ошол өзү менен өзү алектенип оокат кылып аткан кишилерди, башка элге оокат кылып аткан кишилерди тономой жагын жакшынакай кылып өздөштүрүп алышкан. Касаптын мышыгындай аңдып турат. Түпкүлүктүү, иш адамында чындап эркиндик бере турган даражадагы реформалар болгон жок ушуга чейин.

Ошентсе да М.Саматовдун ырастоосунда, жеке менчик күтүү, ишкерлик кылуу жаатында жетишкендиктер да жок эмес. Өздөрү аракет кылып, “Шоро”, “Кыргыз Концепт” сыяктуу ишканаларды негиздеген ондогон ишкерлер пайда болду. Эгер мамлекет жок дегенде тоскоол кылбай койгондо, жетишкендиктер алда канча жогору болмок.
20 жыл ичинде ар бир бийлик алмашкан сайын өтө чоң өлчөмдө жеке менчик мүлктөр кайра бөлүштүрүлүп жатты. У.Кыдырбаев.


Бишкек ишкерлер клубунун директору Улук Кыдырбаевдин ырасташынча, 20 жылдык тарыхта ар бир бийлик алмашкан маалда менчик мал-мүлктөр кайрадан бөлүштүрүлүп келди. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги же алардын үй-бүлө мүчөлөрү бирөөнүн байлыгын тартып алган учурлар болду жана бүгүн да коркунучтар жоголгон жок.

Менчик корголбогон өлкөдө ишкерлик өнүкпөсүн, инвесторлор келбесин, өлкө өнүкпөсүн айткан адис, ушул тапта менчикти коргоо жагын бекемдөө абдан маанилүү экенине токтолду:

- Кыргыз Республикасында сот органдары да, тескөөчү органдар да жеке менчикти коргоо үчүн иштешкен жок. 20 жыл ичинде ар бир бийлик алмашкан сайын өтө чоң өлчөмдө жеке менчик мүлктөр кайра бөлүштүрүлүп жатты. Андыктан жеке менчикти коргоо жагын бекемдөө маселеси бүгүн кырынан турат.

Биз Бишкек ишкерлер клубу катары, улутташтырылган жана менчиктештирилген мүлктөрдү изилдей турган мамлекеттик комиссиянын курамында иштеп атабыз. Ал жакта жеке менчиктин катуу корголушун да карайбыз.


“НСК” камсыздандыруу компаниясынын жетектөөчү адиси Талант Кемеловдун пикиринде, совет доорундагы экономикалык система эч кандай жеке ишкер дегенди билген эмес. Ал доордо жарандарды көзөмөлдөөчү жана жазалоочу система жакшы иштеген. Андыктан жазалоочу, камалоочу механизмдерди гана билген эски кадрларды, советтик түшүнүктөн алыс, билимдүү муун алмаштыруусу керек:

- Совет доорунда чоңойгон, түшүнүгү ошол кезде калыптанган адамдар бара-бара саясий аренадан чыга баштайт. Бардыгын убакыт өз-өзүнө коёт. Советтик доордон калган башкаруучулар аренадан чыга баштаганда жаңы заманды жаңыча түшүнгөн, жаңы заманда чоңойгон кишилер бийликке келет. Эртели кеч ишкерлик өз ордун табат. Жакын эле калды деп ойлойм. Жакынкы 10-15 жылда элита алмашып, ишкерлик коомдун кыймылдаткыч күчү катары өз ордун табат.

Былтыркы бийлик алмашуудан кийин күчтүү президенттик бийлик жоюлуп, парламенттик башкаруу иштей баштады.

Бири-бирин көзөмөлдөө күчөп, бирөөнүн мүлкүнө кол салган айрым чиновниктер тууралуу парламентте да сөз арбыды. Ошол себептүү адистер тең салмактуулук сакталган ушул системаны сактоо керектигин айтышууда. Бул өз кезегинде менчик ээлеринин “байлыгымды тартып алат” деп коркпой жашоосуна, бара-бара көмүскө экономиканын азайышына алып келмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG