Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө сынакка келген Эрмек Жунушевдин блогун сунуштайбыз.

Эгемендиктин алгачкы жылдарын эстегенде "Менчиктештирүү/Приватизация" деген чоң тамгалар менен жазылган баннерлер, бөтөлкө терип нан алгандар, "Берчи көрүп берейин, жаңы он тыйын ушундай болот экен, ээ" деп таң калгандар эсиме түшөт.

Муну менен бирге эле кыялым жетип, бирок кол жетпеген "Кока-Кола", "Сникерс", "Американский" деп аталган кинобу, кийимби, ырбы, айтор эзели кулак укпаган жаңы аталыштар менин дүйнө таануумдун ажырагыс бөлүгү болуп калыптыр.

Артка көз чаптырганымда канчалык жөнөкөй нерселердей сезилсе да, бала катары "Макдоналдс" же "Сникерс" мен үчүн жөн гана азык-түлүк эмес, жаңыланууга умтулуунун стимулу болгон. Нью-Йoрк, Лос-Анжелести экрандан таанып токтобой тамшанган жана менин билген дүйнөмдөн башка дүйнөнүн бар экенин аңдoo менин кичинекей ачылышым болчу. Бул эгемендиктин белеги экен деп ойлоп калам.

Эгемендүүлүк менин балалык доорума туш келгендиктен курсагым ток болгонуна ыраазы болуп чүкө атып жашоодон бакыт алчумун. Мамлекеттик деңгээлде саясатта, билим берүүдө, дегеле коомдук жашоонун тепкичтеринде кандай трансформация жүргөнүн кийин тарых китебинен окудук. Андыктан өлкөбүздүн социалдык-экономикалык тармакта басып өткөн жолун масштабдуу чагылдыруу мүмкүнчүлүгүм чектелүү. Бирок бул баянымда эгемендүүлүктүн глобалдуу түрдө адамзатына, анын ичинде кыргыз элине тийгизген таасирлери жөнүндө ой толгоо мүмкүнчүлүгүн көрдүм.

1916-жыл кыргыз эли үчүн боштондук жана эркиндикке умтулуу катары сыпатталат. Ал эми дүйнөлүк аренада ошол эле жылы адамзат мурун билбеген жаңылык орун алды. Жон Рокфеллер дүйнөнүн туңгуч миллиардери аталды. Жон Морган менен Эндрю Карнэги 1901-жылы капиталдык баалуулугу 1 миллиард АКШ долларга барабар Америка болот иштетүүчү компаниясын курушат. Корпорация дагы эле дүйнөдө ири болот иштетүүчү катары эсептелинет.

Aрадан бир кылым өттү, дагы эле инноваторлор Стив Жобс, Билл Гейтс, Уоррен Бафет, поп-жылдыздар Майкл Жексон, Уитни Хьюстон, спорт чеберлери Мухаммед Али, Майкл Жордан жана башка дүйнө тааныган титандар азаттыкты туу туткан АКШдан чыгып жатат. Мунун сыры эмнеде? Бул адамдар башка өлкөлөрдө туулуп өскөндө биз тааныган эле гигант болот беле же кетмен чаап, такси айдап өтүп кетет беле? Албетте, кетмен чабуу же такси айдоо адал эмгек жана менин бул кесиптерге каршылыгым жок. Айтайын дегеним, дүйнө бүгүн "Айфон" тааныйт беле, компьютер колдонот беле, инновацияга ачык болот беле, коммуникация түп тамырынан өзгөрөт беле? Бул феномендердин түпкүрү эркиндик жана эркин ой жүгүртүүдө.

Совет доорун эңсеген улуу муун өкүлдөрүнөн угуп калчумун, "Атаң көрү, нан мынча тыйын, сүт тигинче тыйын эле" деп. Бул аргумент менен канчалык макул болбосом да, улуу муундун ностальгиясын толугу менен түшүнөм жана аргасыздыктын күүсү катары баалайм. Ойлоп көрсөңүз, үйдө бала ачка болсо, колдо каражат жок, андан да каражат табууга жөндөм болбосо, базар экономикасынын шарттарына туруштук берүү жеңил-желпи иш эмес. Совет доорунда ар ким иш менен камсыз болчу, эл алганды алып баары бирдей жашачу. Мамлекет иш менен камсыз кылгандыктан, ойлонууга, прогресске умтулууга, инновацияга стимул болгон эмес. Башкача айтканда, талант өстүрүү, жөндөмдүүлүктү арттыруу, инновативдүүлүгүнө жараша баа берүү болгон эмес.

Aр бир индивид ар башка таланттары менен жаралган жана эркиндик ошолорду ишке салууга өбөлгө түзөт. Стив Жобс Apple’ди түзүп жатканда умтулуусу болгон. "Эгер мен бул компанияны түзсөм, ишим оңунан кетсе, мен билем, бул мага эбегейсиз киреше алып келет, мамлекет бут тоспойт, эч ким интеллектуалдык же материалдык мүлкүмдү тартып албайт, жашоомо коркунуч туудурбайт жана адамзаттын коммуникация түшүнүгү түп тамырынан өзгөрөт, ошондуктан инновациянын жолу менин жолум". Бул тырмакчанын ичиндеги ойлор эркиндиктин белеги.

Кыргызстанга келгенде, oоба, мурункудай тыйынга нан же башка керектөөлөрдү сатып алалбайбыз, бирок бул сөзсүз эле жаман көрүнүш эмес. Анткени биз азыр билебиз, эгемендик учагына минип дүйнөнү таң калтырган ачылыштарды, адамзатка пайдалуу техника, Марска барчу роверлерди жана башка Made in Kyrgyzstan буюмдарын жасап, күнүмдүк көр оокаттан алда канча жогору болгон ой жүгүртүү эркиндигине ээбиз.

Баарыбызга маалым капастагы куштун сценарийине көз чаптырсак. Канчалык алтын жасалгалуу болбосун, куш тордун артында жана ар дайым ачык асманды каалайт, көөнү толо эркиндик абасын алгысы келет, зымырап учуп ачык мейкиндикти багынткысы келет. Бирок өкүнүчтүүсү куш тордон бошогон күндө да жашап кете алабы деген коркунуч туулат жана анын айлана-чөйрөгө көнүүсү убакыт менен энергия талап кылат. Физикалык боштондук болгону менен куш тордун ичинде эркин жашоо үчүн керек болгон жөндөмүн жоготуп, эркиндикке чыкканда кыйынчылыктар менен бетме-бет келет. Бул биздин улуу муундун Совет доорун "сагынуусунан" көрүнүп турат.

Ошол эле учурда элдин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында физикалык керектөөлөрдү канааттандыруу мүмкүн экенин көрдүк. Бирок куш, фигуративдүү түрдө, интеллектуалдык торго да кабылганы үчүн ал тордон кутулуу алда канча көп энергия талап кылат. Интеллектуалдык тордун белгилерине мисал, "Бизди орус падышасы эмес, немистер алганда жакшы болмок, балким Мерседес айдап, немисче сүйлөп калат белек?" Бизди А эмес, Б башкарса болмок, болмок, болмок... Куш тилинде бул, "Тор ичинде кала берейин бирок кара нандын ордуна, каймак менен нан чайнайын" дегенге жакын. Эгемендүүлүк бизге коркунучтуу “болмоктордон” бошонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Анын натыйжасында биз интеллектуалдык тордон интеллектуалдык жарылууга бет алып “башкарса болмок” деген деструктивдүү логикадан “башкарабыз” деген умтулууга келишибиз керек. Себеби белгилүү - өзгө бизге өзүбүздөй жакшылык каалайбы?

Сөз жыйынтыгында, Кыргызстан демократия, эркиндик жолунда чоң кадамдарды шилтеди. Буга далил биздин Орто Азия, керек болсо постсоветтик мейкиндикте алган ордубуз боло алат. Ошол эле кезде эркиндик принциптерин мындан да ары өнүктүрүп, башка өлкөлөрдүн стандарттары менен жашабай, биздин стандартыбыз башка өлкөлөрдүн кыялы болгондой иш алып баруубуз зарыл. Бул багытта жол жүрүп интеллектуалдык тордон толугу менен кутулсак, анда биздин кыялыбыз, эркин ой жүгүртүүбүз кийинки Стив Жобстун Кыргызстандан чыгуусуна өбөлгө түзөт.

Жалгыз гана алма-өрүк, азык-түлүк эмес, балким Кыргызстан интеллектуалдык экспорттун, адам капиталынын хабына айланат. Бүгүнкү күндө Гарвард же Стэнфорд университеттерине дүйнөнүн “акылдары” жарыкка учкан көпөлөктөрдөй тартылган болсо, ошондой эле биздин да Oрто Азиянын “мээ магнитине” айлануу мүмкүнчүлүгүбүз жок эмес. Албетте бул кыял, бирок ар бир чоң иш кыялдануу менен башталат.

Ошол эле кезде эркиндик менен жоопкерчилик да келет. Алардын ичинде эркиндикке коркунуч туудурган бөгөттөрдү жокко чыгаруу, эркиндиктин баалуулуктарын сактоо жана андан ары күчтөндүрүү, себеби эркиндик төрт же уч бурчтук эмес, ал тегерек формасында – аздектеп карабаса айланып кетип калат.

Туулган күнүң менен, Кыргызстан!

Эрмек Жунушев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG