Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө сынакка келген Ильяз Жусубалиевдин блогун сунуштайбыз.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып менин балалыгыма туш келип калган замандын айрым учурларын эскергим келди.

1992-жылдан тарта Нарын шаарындагы №15 "Бактылуу балалык" балдар бакчасына бир жаш кичүү иним экөөбүз барганбыз.

Бир күнү эртең менен бала бакчага баратканыбызда чоң энем менен апам чай үстүндө сүйлөшүп отуруп, кечинде сыналгыдан биздин улуттук акчабыз сом кабыл алынганын, 10 сомдуктун түсү жашыл, артында тоолордун сүрөтү, ал эми алдында Касым Тыныстановдун сүрөтү бар экендигин айтып жатканын угуп калгам.

Ошол учурда апам иним экөөбүз үчүн бала бакчага айына 10 сомдон берчү экен. Бир күнү "Соң-Көл" кинотеатрында айдоочу болуп иштеген атам биринчи жолу айлыгын улуттук валютабыз - сом менен алып келди. Эртеси апам бизди жеткиргени бала бакчага барганда иним экөөбүз үчүн төлөнчү он сомду тарбиячы эжеге берди. Апам кеткенден кийин башка тайпалардан да тарбиячы эжелер келишип, жаңы он сомдукту кызыгып кармап көрүшкөнү эсимде.

1995-жылы 1-класска Токтогул мектебине барып окуй баштадым. Бир күнү апам базарга ээрчитип барып, тандап жүрүп cыя көк түстөгү жакшы свитер алып берди. Алдында чоң жазуусу бар болчу. Мен ал жазууну өзүмчө Рита деп окуп койдум, апам да ошентип окуптур. Анан үйгө келгенден кийин апам сүйлөнүп, "эркек баланын кийимине да кыздын атын жазабы" деп таң калып жатканын байкап калгам. Көрсө, кийин билсем ал Puma деген жазуу экен.

Нарын шаарына чыгыш жагынан кирүүчү жагындагы Москва тарабында чоң түрмө бар (азыр убактылуу кармоочу жай, кечээ жакында Азиз Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткиче ошол жерде отурду). Мурун Кыргыз ССРи боюнча чоң түрмөлөрдүн бири экен. Ошол түрмөнүн жанында СССР убагында Кыргызстандын түндүк тарабын кыш менен камсыз кылган ири завод бар экен. Жумушчулардын бардыгы жалаң эркинен ажыратылгандар катаал режимде үч нөөмөттө тынбай иш кылышчу деп чоңдордон угуп калчумун. 1991-жылы Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин ал кыш заводу ишин токтотуп, кароосуз калып, жергиликтүү эл тарабынан акырындан тоноло баштаган.

Заводдун жанында аталаш эжемдин үйү бар болчу. Дем алыш сайын ошол жакка барып, менден эки жаш улуу жээним экөөбүз эртеден кечке заводду аралап ойночубуз. Ал жер өзүнчө бир кинодогудай көрүнчү көзүмө. Мага заводго кыш алып кетүү үчүн алыстан келген машиналардын айдоочулары жата турган заводдун жанындагы кароосуз калган мейманкананын ичине кирип кыдырган жакчу. Анткени дубалдарынын баарына ар түрдүү кооз сүрөттөр тартылгандыктан жомоктогудай көрүнчү. Ичинде рельстери бар даяр кыштар кетүүчү тоннелдер көп болчу. Ал тоннелдердин ичинде кыш ташыган арабаларга отуруп алып зуулдап жүргөн жакчу. Ошентип жүрүп 3-4 жылдын ичинде таланып-тонолуп, заводдун ордунда ар жерде топурактар үйүлгөн түптүз боз талаа гана калды. Кийин эс тарткандан кийин да завод түшүмө кирип жүрдү.

4-5 жашымда болсо керек, жайында Ат-Башыда чон энемдин жанында болчумун. Кошуна бизге тууган, өзүм менен тең Жаныбек аттуу досум менен эртеден кечке ойночубуз. Бир күнү мектепте окуган эжем, мен, Жаныбектин эжеси болуп төртөөбүз көчөнүн башындагы бир үйдө бөтөлкөгө сагыз алмашарын угуп, ошол жакка онго жакын бөтөлкө көтөрүп алып жөнөп калдык. Барып Love is жана Turbo деген эки сагыз алдык. "Ловисти" эжелерибиз бөлүшүп чайнап алышты. Ал эми берки "Турбо" деген сагызды Жаныбек досум экөөбүз кезек-кезеги менен чайнап турмай болдук. Ошентип бир күнү кечинде мен үйгө алып кетем, эртеси Жаныбек алып кетип чайнап жүрдүк. Бир күнү Жаныбектин кезеги болчу, сагызды алып кетип эртеси алып келсе ирип калыптыр. Чайналбайт экен. Жаныбекти жаман көрүп көпкө чейин таарынып ойнобой жүрдүм.

Ошол убакта Нарында бензиндин баасы 5 сом 10 тыйын болчу. Эсимде, 50 сомго атамдын УАЗ машинасына бензин куюп алып шаардан 20 чакырым алыстагы Жан-Булак айылына таежемдикине барып келчүбүз. Анан да биздин үйдө жүрүп окуган студент эжелерим магнитофондо Backstreet Boys, "Ласковый май", ал эми кыргыз эстрадасынан "Биз", "Нур", "Максат Бишкек", "Жан" топторунун ырларын угушчу.

Биздин көчөдө мектепти бүтө элек балдар "Вермут", "Назик" деген винолорду майрамдарда Нарын дарыясынын жээгине барып ичишчү. Ал эми алардан улуу студент агаларыбыз "Русская" арагын, алардан чоң үй-бүлөлүү байкелер Кытайдын спиртин cууга аралаштырып ичишет эле.

Атамдын алган 300 сом, апамдын 500 сом айлыгы баарыбызга жетпей, ошол жылдары көп кыйналганбыз. Унду апам көп учурда базардан килограммдап cатып келер эле.

Дагы бир эсимде калганы, ошол убакта булгаары куртка жана плащ пальтолор абдан мода болчу. "ВАЗ 2106", "Лада 2109" автомашинасы барлар бизче айтканда "эң крутой" болчу. Машина айдаган аялдарды таптакыр көрчү эмеспиз. 2-классымда Бишкекке биринчи жолу келип троллейбус айдап жүргөн аялдарды көрүп абдан таң калгам. Дээрлик бардык үйлөрдө жалаң гана СССР учурундагы эмерек буюмдар турчу.

Азыр отуруп алып шашпай эстей турган болсом жаза турган кызыктуу окуялар көп эле чыкчудай. Ал кезди эске сала турган кызыктуу сүрөттөрүм да көп болчу, таап жиберейин десем башка өлкөдөмүн.

Илияз Жусубалиев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG