Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Бейтааныш жолдор


"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Бүбүсара Калыкованын блогун сунуштайбыз.

“СССР” деген сөздү укканда биздин муун кенен ачылган эшиктерди, ары-бери каттаган, тегиз, тоскоолдуксуз жолдорду эстейт. Он беш союздук республиканын кайсынысына болбосун өзүңө жаккан унаанын түрүнө отуруп алып, кааласаң жөө-жалаңдап көздөгөн жериңе жетчүсүң.

Асман чексиздигин багынткан сан түркүн учактар, даңгыр жолдорду артка чубаган автоунаалар, деңиздерди жиреген кемелер, темир жолдордон учу-кыйры жок өлкөнү күнү-түнү кезген поезд-трамвайлар түркүн тилде сүйлөгөн адамдарга толуп, аларды керектүү жерине жеткирип турчу. Убакыттын кайсы маал экенине карабай кыймыл токточу эмес.

Алыскы айылдардан баштап, чоң шаарларга чейин тең укуктуулук камсыздалып турчу. Мектептер, бала-бакчалар, завод-фабрикалар, адистештирилген мекемелер, бейтапканалар, эт-сүттү, додо жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар, китепканалар, дарыканалар, чарбалар - баары бир мыйзамдын, талаптын алкагында иштечү.

Өзүн москвалыктарча сезген адамдар жылма ыдыгын дайым сездирип, өз тилиндеги сүйлөшүүгө гана түшүнгөн маданияттуу кемсинтүү да бар болчу. Жергиликтүү катмар ал тартипке баш ийгенден башка чарасы жок эле. Дал ушул жагдай Кыргыз Союздук республикасында катуу байкалчу. Бул өнөкөттөн кыргызстандыктар алиге арыла элек. Ошол учурда да тажиктер тажикче, өзбектер өзбекче сүйлөп тура беришчү.

Бирок ал өлкөдө кай жерде болбосун жөндөмүңө, деңгээлиңе жараша сени пайдаланышчу. Партиялык бюрократтар кытмыр арамзалыгын тымызын ишке ашырып турушчу. Токчулук ар бир бүлөдө бар болчу.

Биз каалаган саатта эркин жойлогон Ташкент, Бекабад, Канибадам, Хожент, Ява шаарлары “жакынкы чет өлкөгө” айланып, туугандашып, кино, спектакль көргөнгө баруу сууну буугандай тыйылды.

Ушул куттуу Мекен кыска мезгилде урап, анын урандылары катары жабылган эшиктер, тосулган даңгыр жолдор, асманын таштап кеткен учактар, жыландай сойлогон кош нугунан зуулдап жүрбөй калган поезддер калды. Жыйналган дүйнө-мүлк ач көздөрдүн энчисине айланды. Алгачкы күндөрдө куму ызгыган чөлдө калгандай абал коштоду. “Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма” кейпин ар бир советтик адам кийди.

Жашаган калкынын он төрт пайызын гана кыргыз улутундагылар түзгөн Бишкек шаары эбегейсиз чоң базарга, таштандыканага айланып жатып калды. Алкынган автобустар күнү-түнү эл ташыды. Базарлар кыжылдап, бош жаткан жерлер жайып соода кылгандардын ээликтеген жери болду. Убактынча. Кытайдын ар бир үйдөгү жашоочулары тиккен арзан, сапаты төмөн буюм-тайымдары тонналап ташылып, аларды четтен келгендер да армансыз ташып кетип сатты.

Кыйроонун эпкинине кабылган ошол жылдарда буту жаңы баскан жана туулган муун баарынан катуу чайналды. Ата-энелер кара курсактын айынан аларды таштап дүйнө кезип кетти. Эне сүтүнө, ата мээримине тойбогон балдардын кулк-мүнөзү, психологиялык абалы аларга чейинкилерге да, алардан кийинкилерге да коошпогон муун пайда болду. Каныга билим, таалим-тарбия, дүйнөнүн чыныгы абалынан маалымат алуудан куру калган бул муун акчаны жакшы көргөн маанай менен бойго жетти.

Акчаң болсо баарына ээсиң деген түшүнүк үстөмдүк кылып калды. Алардын ата-энелери эркин жүргөн жолдордон жүрө албай, ата-энелери эркин кирген эшиктерден кагып да кире албай калышты. Алардын көпчүлүгүнүн курсагы ашка, дээри уйкуга тойбой чайналган жашоону кечиришти.

Чоң ата – чоң эне, таята-таене же тууган-уруктар менен күн өткөрүп, билгени жасаган иши, уктаган уйкусу болду. Мектеп СССР учурундагыдай аларды бирден санап жоктободу. Артынан сая түшүп мектепке алып барбады, бекер китеп берип окутпады.

Үй-бүлөдөгү толук кандуу тарбия болбогон соң бул муун ал жактан да жармач абалга кабылды. Өз улутун сүйүү катардагы эле иштей болуп калды. СССР маалында аскер кызматына барбаган балдарды кыздар кем деп санашчу. Ошондон улам ар бир улан ошол кызматты чын дилден аткарчу. Азыр баары теңирден тескери абалга кептелди. “Менин байлык ташым кеткенче Мекенимдин башы кетсин” дегенден уялбаган, тартынбагандар четтен чыккан арсыз заман орноду.

Ал учурда мыкты окуган уул-кыздар СССРдин карамагындагы абройлуу жогорку окуу жайларына катуу тескелген сынактан өтүп барып окушчу. Ушунун өзү аларды Америкадан окуп келгендей даражага көтөрчү.

Мен үчүн сунсам колум, бассам жолум жетпеген бир өкүнүч өнөкөт оорусу өтүшүп кетип, көзүмдөн ажыраганым болду. СССР аттуу мекен болсо бул жагдайымды аз болсо да учурунда жеңилдетип алмакмын деген кыйкырык коштоп калды. Жазган тексттеримди кыргызча окуп берчү программалардын жоктугу кендиримди кескен мүшкүлүмө айланды. Миңдеген беттеги тексттерди кошо карап берчү адамдын жоктугуна да жаным кейийт.

СССР деген мекендин тушунда бул көйгөйдү чечип берген мыйзамдар иштечү. Мүмкүнчүлүгү жогорку бейтапканаларга тоскоолдуксуз барганга мүмкүн эле.

Илимий-техниканын дүркүрөп өскөн жетишкендиктеринен каалаганча пайдаланган заман улуттук нарк-насилди, баалуулуктарды, Мекенди сүйүүнү экинчи орунга жылдырып таштады. Ушунун баарына катуу өкүнөм.

Эгемендүүлүккө жетишкен куттуу Кыргызстаным бутуна турган, өнүккөн замандын келишин самаймын.

“Азаттык” радиосуна колду, добушту, изди жеткирген 25 жылдык курагы кут болсун куттуу өлкөмдүн! Бар болуңуздар!

Бүбүсара Калыкова

XS
SM
MD
LG