Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө мекендешибиз Елена Көчкөнбаеванын блогун сунуштайбыз.

Мен анда 1991-жылы 5-6 жашта элем. Апам мектепте математика мугалими, атам прораб болуп иштечү. Мен бир туугандардын үйдө бешинчисимин.

Кичинекей кезимден баштап татаал турмушка туш болдук. Үйдөгүлөр бир аз акчасы болсо эле банкка салып турушчу. Анан акча алмашканда атам банктан бир кап бир тыйындык акча алып келди. Ал акчаны санай келсең арзыбаган акча болуп бат эле түгөндү.

Үйдө кыйынчылык башталды. Улуу байкелерим мектепти бүтүштү, чоң окууга ал мезгилде пара, таанышың болбосо өтпөй калчусуң. Ошентип апам үйдөгү акыркы мал-жандарыбызды сатышып байкемди окууга өткөрүштү. Үйдө бир гана киреше алып келчү саан уйубуз калды.

Атам жумушсуз калды, апамдын айлыгынан 5-6 айлап кабар жок, кээде бир жылдап айлыксыз отуруп калчу. Мен ошентип кыйынчылыкта жашап жатып биринчи класска да баруу мезгили келди. Мектепке барганда ата-энем жаңы кийим алып берет деп ойлоп алсам керек кыялымда, бирок мен ойлогондой болгон жок.

Мектепке эжемден калган батинке, эжемден калган сумка менен бардым. Сумканын кармагычы жок, чекелери бурчтарынан кичине тешиле баштаган. Анан бул сумканы көтөрүп мектепке барбайм деп ыйласам, апам төбөгө бир койуп кармагыч жерине ак жоон жиптен, асынган жерин ичке пресстин жиби деген жилкадан жасалган жиптен байлап берип мектепке биринчи күнү өзү сумкамды көтөрүп барып берди. Кийин уялбай эле көтөрүп жүрдүм.

Жайкы каникулда уйдун сүтүн беш литрлик ак канистрге куюп алып 2-3 километрге чейин көтөрүп барып 2-3 кыз болуп "сүт!" деп кыйкырып күндө сатабыз. Бир күнү бир орус аял сүт алып калды. Орусча баасын түшүрүп бер десе, "банкрот болом, үйдөгүлөр ачка калабыз" деп эптеп орусчалап түшүндүрүп бердим.

Анан ушундай күндөрдүн биринде атам апама "биз күндө жакшы тамак жейбизби, же жокпу?" деп уруш чыгарып, апамды беш баласы менен таштап, үйдөн чыгып кетип калды.

Апам байкуш эртеден кечке мектепте иштейт, айлыгын жарытылуу бербейт, кичинеден аванс берсе жарым кап буудай, жарым кап жүгөрү алып келет. Аны тегирменге тарттырып жарымынан көбү жүгөрүнүн уну, азырагы буудайдан кылып эптеп аралаштырып күнүнө үч нан жасайт. Анан баарыбыз чогулуп чай ичкенибизде беш бала баарыбызга бир сындырымдан бөлүп берип, өзү кара чайга талкан кошуп ичет.

Биз болсо апамды ойлобостон баарыбыз бөлүнгөн нанды жеп тойсок-тойбосок да каниет кылабыз. Кечкисин бир маал тамак жасайбыз. Тамаккка салганга макарон, китлап дегенге акча жок болгондуктан камырды кесип, кургатып макарон кылып жасайбыз. Эт дегенди бир айда жесең жедиң, жебесең жок.

Акча жоктун айынан улуу байкем университеттеги окуусун таштап, үйгө келип апама каралаша баштады. Жайкысын үлүш жерибизге жылына саталы деп ар нерсе тигебиз, кыйналып загыра нан жеп эртеден кечке иштейбиз. Күзүндө аны сатайын десең эч ким албайт, же абдан арзан баалайт.

Бир жылы күзүндө пияз тиктик. Элүү тыйындан да өтпөй коюп, кышы менен жегенге жарытылуу эч нерсебиз жок болгондуктан пиязды кууруп жеп чыктык. Дагы бир жылы сарымсак менен ашкабак тигип, ал да өтпөй, кышы менен жеп, калганын жазда жерге төктүк.

Ошентип мен 6-класска көчкөндө орусча үйрөнсүн деп орус мектепке берип коюшту. Биздин үй менен мектептин аралыгы 3-4 километр. Күндө жөө барып келип окуйм. Окуу жылы да башталды, сабагым түштөн кийин башталат. Күздүн узун күндөрүндө го жакшы, саат алтыда сабак бүтүп, үйгө саат жетиде караңгы кире электе келип калам.

Күн кыскарган сайын сабактан кийин караңгы кирип калат, үйгө кете албайм. Кимдин үйүнө барам - бул күндө жүрөктү өйүгөн маселе. Бир күнү дос кызымдыкына, бир күнү аталаш тууган эжемдикине барам. Алардын үйүнө барган күнү жакшы сабак окуганга мүмкүнчүлүк болбойт, өзүңүн үйүң болбогондуктан үй тиричилигине кечке жардам бериш керек да.

Бирөөнүн үйүнө баргандан тажаган күнү райондун эл жашаган жерине жеткенче бат-бат басып келем, андан ары Бишкек-Ош жолуна келгенде артыма асынган сумкамды бекем кармап алып жүгүрөм.

Елена Көчкөнбаева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG