Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө мекендешибиз ​Эркеайым Кудакееванын сынакка келген блогун сунуштайбыз.

Мен Совет бийлигинде тарбияланган аялмын. Ал кезде иштеген кызматым бар, Эмгек кодексине ылайык ишемби, жекшемби күндөрү дем алып, бир жылда бир жолу эмгек өргүүсү бар. Керемет көлгө сөзсүз барып эс алып келмей... Мына ушундай тынч турмуш бир заматта бороон-чапкын болгондой жок болду.

Мен ал кезде жаш кадр элем, министрликте иштеп жүргөм. Ал кезде гезит-журналдарга жазылуу мекемелер аркылуу жүргүзүлүп, сөзсүз жазылыш керек болчу. Мен “Вокруг света” журналын дайыма алып турчумун.

Ушул журналдын бир санында канадалык окумуштуу “Советтер Союзунун доору акырына чыгып баратат” деген темада көлөмдүү макала жазыптыр. Мен иштеген бөлүмгө алып келип, окуп, "бул окумуштуу ооруулу адам го" деп баарыбыз күлдүк. Көрсө, капиталисттик мамлекеттер чоң анализ жасаган экен. Анын натыйжасын биз тез эле ачуу туз жегендей сездик. Ошентип ошол бороон-чапкын кыргыз мамлекетинин ар бир үй-бүлөсүнө бүлүк салды.

Мен "кайра куруунун" аягы болуп калган кезде кызым менен декретте отуруп калдым. Жолдошум кызым бирге чыга электе каза болуп калды.

Мына! "Салам" деп кыйын турмуш эшикти ачып, төргө өттү. Көзү ачыла элек мышыктын баласындай болуп ар бирибиз кор турмушту баштан өткөрө баштадык.

Совет мезгилинде адамдар патриот, чынчыл болгондой болчу. Бир паста кайдандыр бир алыскы планетадан келгендердей болуп, шылуундар, жалганчылар, алдамчылар пайда болду. Көпчүлүк эл жумушсуз калгандыктан пайыз менен акча алып (күнүнө 1%) Кытайдын сапатсыз товарларын ташый башташты.

Эл катары мен да Кытайга товар алып келгенге үстөк пайыз менен акча алып иштей баштадым. Жакшы эле башталган, бирок бир туугандар Казакстандан солярка ташыганга үстөк пайыз менен акча таап бериңиз деп суранышып калышты. Мен дайыма иштеп жүргөн кезде бир туугандарыма, ата-энеме чоң көмөк көрсөтүп, жардам берчүмүн. Бул жолу да ойлонбой туруп үстөк пайыз менен акча алып бердим. Аягында алар мага акчаны бере алышпай, мен бир бөлмөлүү батиримди сатууга туура келди. Кызым менен көчөдө калдым. Кызым менен ошондой өтө кыйын турмушту өткөрүп жаттык.

Адамдан амал качып кутулбайт деген чын экен. Кыргыз элинин көпчүлүгү завод-фабрикалар жабылып, жумушсуз калды. Ошол учурда 30-50 жаштагы биздин муун керексиз, унутулган муун болуп калды. Ушуга байланыштуу көп адамдар Орусияны көздөй агылып кете башташты. Мен да эл катары кызымды туугандарыма таштап, Сибирь жакка кеттим. Бир кезде бийик така, модалуу көйнөк кийип, кичинекей аялдардын сумкасынан башка оор жүк көтөрбөгөн, дайыма диета кармап, өзүн караган ажарлуу аялзаты эми чоң мүшөк, сумкаларды сүйрөп, чоң өтүктөрдү кийип Сибирде товар сатып жүрдү.

Ошол кезде улуу акыныбыз Токтогул Сатылгановдун “Шибирде” өткөргөн тозоктуу күндөрү эске түшүп, биз дагы ошондой турмушта жашап жаттык.

Сибирдин суугу кандай катаал болсо, калкынын да мүнөзү климатка жараша өтө катаал, орустардын рэкеттеринин, кемпирлеринин шовинисттик кыял-жоруктары, сөздөрү сөөктөн өтүп чучукка жетип жатты.

Айла жок, "башка салса байтал жорго болот" деген кыргыз элинин учкул сөзү ошондой мезгилде мен үчүн айтылган макалдай сездим. Кудайым бир жагынан алса, бир жагынан берет экен.

Аллага мен чексиз ыраазымын. Орусиянын Ангарск, Новосибирск шаарларында 3,5 жыл соода кылып, көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүп эмгегимдин үзүрүн көрүп, борбордон эки бөлмөлүү батир, чакан бизнес сатып алдым.

Ошол күндөрдүн кыйынчылыктарынын баарынан кызымдын кантип чоңойгонун көрбөй мени сагынып ыйлаган күндөрүбуздү эч унута албайм. Анткени кичинекей кызымдын сиңдиме “апама бир эле жолу алпарып коюңузчу” деп суранып ыйлаган күндөрүн эстесем азыр да ыйлайм.

Мына ушундай турмуш баштан өттү. Борборго жазда келсең бак- дарактар жалбырак ачып, гүлдөп турган сонун мезгил экени мага ошондо сезилди. Кыргызстан кандай кооз, абасы таза улуу Ала-Тоодо орун алганына өтө сыймыктанам.

Кылым тогошкон мезгилде согуш көрбөй, бирок согуштун убагындай, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарындай кыйын мезгилди биздин муун башынан өткөрдү. Дагы бир жолу көпчүлүк кыргыздардын турмушунда Сахарадагы кумдун куюнундай сапырылып ал мезгил да өтүп кетти.

Ушундай жакшы темаларды элге чыгарып, элдин оюн угуп, дагы да уланта беришиңиздерге тилектешмин!

Кудакеева Эркеайым Торокуловна

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG