Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Дүйшөк Мамбетөмүровдун блогун сунуштайбыз.

Ооба, "Азаттык” радиосу өтүп кеткен абдан бир жооптуу учурду эске салды.

Сексенинчи жылдар негизинен М.С.Горбачевдун бийликке келген жылдары катары мүнөздөлөт. Анын алдында Андроповдук учурда өлкөдө ички тартип маселеси жөнгө салынып, мекеме-ишканалардагы, колхоз-совхоздордогу эмгек тартиби күчөтүлүү менен адамдардын жоопкерчилигин жогорулатууга, мурдагы Сталинден кийинки Брежневдик жана андан кийин биринен-бири ылдам жана бат-бат алмашкан Генсектердин учурунда кетирилген өндүрүштүк жана тармактык тартиптерди бекемдөөгө карата бир катар чараларды көрүү башталган эле. Элде жакшы жагынан ишенимдер пайда боло баштаган.

М.Горбачев бийликке келгенде ал болгону 53 жашта эле. Ал өзүнүн кайра куруусун баштады. Өлкө боюнча бул ураан чакырылды, чакырыктар илинди, ал турсун акындарыбыз да бул темада ыр жаза башташты эле.

"Правда” менен “Известияга”, дээрлик борбордук басылмалардын бардыгына үзүктөй-үзүктөй макалалар, Горбачевдун КПСС БКнын Пленумдарында жасаган докладдары жана билдирүүлөрү басылып, бирок ал макалалардан эл толук көзү жеткен эч кандай маалыматтарды алышкан эмес.

Горбачевдун аракечтикке каршы күрөшүү боюнча токтому чыгып, өлкөдө ичкилик чыгаруу расмий түрдө токтогону менен, арактын баасы эки эседен ашык көтөрүлүп, көмүскө экономика күчөп, кызыл кулактык менен жашырып арак сатмай болуп көрбөгөндөй кеңири жайылган.

Өлкөдөгү миңдеген-миллиондогон жүзүм талаалары жок кылынып, "бөрк ал десе баш кескен" саясат ишке ашырылган. Өндүрүштө бригадалык подряддык ыкма, чарбалык эсептик ишти уюштуруу талабы күчөтүлгөн. Бирок ал саясат карапайым элдин анык иштеп жаткан мүчөлөрүнө чыныгы экономикалык тилде толук жеткен эмес. Өндүрүштө формалдуулук, жогортон барган текшерүүлөрдөн эптеп-септеп кутулуу өкүм сүргөн.

Эң башкысы, ошол кайра куруунун жылдарында менин байкаганым - эл курулай кыйкырык ураандардан тажап бүтүп, алардын коомдук эмгекке карата болгон жоопкерчилиги төмөндөп кеткен. Завод-фабрикаларда гана айлык акы үчүн тартип камсыз кылынбаса, өлкөнүн чарбаларында элди жумушка тартуу кадимкидей айдама ыкмага өткөн.

Март айында колхоздун кою жапырт төлдөп баштаган учурда ар кандай шылтоолор менен сакмалга барбоонун айласын жасаган адамдар көп болуп кеткен. Көпчүлүк дени соо эле адамдар ар кандай оорулар менен ооруп калуунун амалын кылышып, соо жанына бюллетень издегенин көп көрчүмүн. Сакмал жетишчү эмес. Ал эми сакмалга элди күчтөп жүрүп чабандарда толук камсыз кылдык деген маалга чейин козунун көбү кырылып калчу.

Күзүндө коомдук малга тоют топтоо учурунда да ушундай эле көрүнүш кайталанчу. Талаада чөп куурап, эгиндин башы жерге түшүп жатса, чөмөлө салганга киши чыкчу эмес. Бир сөз менен айтканда, бир колхоздун эли ошол колхоздогу 30-40 механизатор тарабынан айдалып, себилип, чабылып, тырмалып, анан эптеп-септеп ошол колхоздо дежурный катары жайдыр-кыштыр иштеген 30-40 колхозчунун күчү менен жыйналып алынган коомдук малдын тоюту менен кошо өз малын багып, колхоздун кампасына жыйналган эгинди уурдап малына берүү менен жашап калган. Бул айныксыз чындык эле.

Мындан улам айтарым, элдин жеке менчикке болгон менчикчил сезими ошол кезде абдан ойгонгон. Ар кимде өзүм гана жашасам деген көз караш абдан өнүккөн. Эл коомдук менчиктен тажаган. Натыйжада, Кыргызстанда эгемендүүлүк келип, жерди, коомдук малды, техниканы жана кыймылсыз мүлктөрдү менчикке таратканда, ушул көз караш үстөмдүүлүк кылып кетип, аягы эмне болгонун өзүбүз билебиз. Нечендеген миллионер чарбалар тарап, завод-фабрикалардын кыйроосу менен, 12 миллион койдун, ири мүйүздүү малдын жана жылкынын, асыл тукумдуу пародалардын, селекциялык чарбалардын, үрөн чарбаларынын тарашы менен эсте калды 80-90-жылдар...

СССР деп аталган, жетимиш жыл бирдиктүү бир идеология, бир саясат менен жашаган система 80-жылдардын аягында ичинен ыдырап, экономикалык мүмкүнчүлүгү начарлап, чаржайыттык, чарбалык башаламандык өкүм сүрүп, беш жылдык план деген нерсе бүтүндөй өлкөнү тажатып, аягы нанга, кантка, унга, керектүү товарларга чейин карточкалык тизмеге келип жеткендиги менен эсте калды 90-жылдар...

Өлкөдө жаштардын активдүүлүгү жогору көтөрүлүп, өмүр бою батирлерде жүргөндөрдүн чыдамы чектеринен ашып, өлкөдө жаңы толкундар, “Ашар”, КДК сыяктуу кыймылдардын пайда болушу жана алардын жаңы жүрүштөрү менен элдин эсинде калды 90-жылдар...

Жетимиш жыл бою өз элине мурдагы мезгилдерде кызмат кылып, бирок аттары чыкпай келген биздин чыгаан улуу муундун өкүлдөрүнүн ысымдарын, алардын эмгектерин кайра ордуна келтирүү, улуу инсандардын аттарын жана ысымдарын алардын туулуп өскөн жерлерине ыйгаруу вазийпаларынын аткарылышы менен эсте калды 90-жылдар...

Демократия, өз алдынчалуулук, эгемендүүлүк деген сөздөрдүн мааниси элдин аң-сезимине жаңыдан кирип, ар бир айыл өз уруусунан, өз айлынан аким, айыл өкмөт шайлап, “Асаба”, Жанызактын "Жан дептери" баштаган сөз эркиндигинин башталышы менен эсте калды 90-жылдар...

Менин оюмча, элдин пейили бузулганда, элдин калың катмары мурдагыдай болбой, башка бир багытка түзө баштаганда замандын нугу өзгөрөт. Элдин атынан сүйлөгөн көбөйөт, мурдагыны танып, азыркыны жакшы өздөштүрө албаган муун келип чыгат. Сынчы көбөйөт. Мурдагы заманды жамандап, ошол заманда окуп-чокуп, адам болуп алып, анан ошол заманды кайра артын карап үргөн иттей жамандаган кызматкер сөрөйлөр келип чыгат экен андайда.

Ошол эле учурда өз Мекенин, Ата журтун жанындай сүйгөн, мурдагы идеологияда айтылбай, жазылбай, жасалбай келген көп иштерди баштаган, улут деп күйгөн, улуттун тили деп, дили деп күйгөн чыгаан патриот уул-кыздарыбыздын көч башына келиши менен эсте калды 90-жылдар...

Мына эми өз алдынча өлкө болуп, Бириккен улуттар уюмуна баш байрагыбыз илинип, чейрек кылымдын жүзүн басып, суусун ичип, абасынан дем алып жашап жатабыз. Алдыда аша турган тоо да көп, ашуусу бийик бел да көп, агыны катуу суу да көп...

Эмесе, ылайым чамгарагың бекем, керегең түз болсун, Кыргызстан!!!

Дүйшөк Мамбетөмүров, тележурналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG