Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:22

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Дүйшөк Мамбетөмүровдун экинчи блогун сунуштайбыз.

Сөз башында “Азаттык” радиосу өткөн тарыхка кайрылып, быйылкы эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата тарыхтын бир үзүмү тууралуу элдин пикирин сураганына ыраазылык билдиргим келет.

Бизге орто мектептен да, жогорку окуу жайдан да “Революция эмне үчүн болот?”, - деп сураганда, “Революция төмөнкүлөр эскиче жашай албай, ал эми жогоркулар жаңыча башкара албай калганда болот”, - деп үйрөтүшкөн. Бул, албетте, таптык коомдук түзүлүштүн учурундагы аныктама эле. Бирок ошол аныктама СССРдин тараар мезгилине да таамай дал келди.

Мен эмне үчүн бул темага кайрадан кайрылып, экинчи жолу сиздерге макала жөнөтүп жатам? Анткени менин макалама пикир жазган окурмандардын арасында тезис түрүндө эмес, так фактылардын негизинде жазса жакшы болмок экен деген пикирлерди эске алып, айтса айтпаса төгүнбү деп темага кайра кайрылып жатам.

Ооба, элдин жеке менчикчил көз карашы болуп көрбөгөндөй өскөн учур эле. Ал кезде “Эмгексиз тапкан киреше” (Нетрудовой доход) деген мыйзам бар эле. Өз огородуңдан башка жерге картошка же башка нерсе айдап ала алчу эмессиң. Эки там салганды, жеңил машина алганды, Уставдан ашык мал күткөндү бийлик катуу тыкырык менен караган учур эле. Он беш кой, бир уй, бир жылкыдан ашык малыңды этке алып коюш мыйзам ченемдүү нерсе болчу. Байланып турган желени кыркып, агыттырып, саап ичип жаткан жалгыз уюнун торпогун алып этке төктүргөн учурлар кадыресе көрүнүшкө айланган. Жүндүн планы аткарылбаса мектепти жаап туруп, окуучуларга ар бириңер бир килограммдан жүн алып келесиңер деген күндөр болгон. Мен буларды Нарын облусунун мисалында айтып жатам.

Эми мен ошол Горбачевдук кайра куруунун жана демократиянын алгачкы учурларындагы көзүм менен көргөн жана өмүр бою өкүнгөн нерселеримди ортого салгым келди.

Мен анда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Биринчи Май колхозунда алгач комсомол комитетинин катчысы, андан кийин профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштечүмүн. Биздин колхоздо абдан сонун салынган гараж, тоют цехи, типтүү талаа станы, 39 тубар кой үчүн кашарлар, уй сарай, эски кыркым сарай, бала бакча жана клуб бар эле. Ак-Сайда 21 кыштоодо сарай, чабандар үчүн салган тамы, землянкасы менен бар эле.

Союз тараары менен ошол ичинде чарыгы, ширетүүчүсү, машина оңдоочу чуңкуру, кампасы жана бастырмасы бар гаражды менин айылдаштарым тып-тыйпыл кылып бузуп, ичиндеги техникасын талап бөлүп алышып, шиферлери менен устун-рейкаларына чейин сууруп кетишиптир. Гараждын дубалдары болсо кулап калган. Өз кезегинде ошол гараждын дубалын бетон менен куйгандардын бири мен болгом. Анда мен окууга өтпөй калып, колхоздун курулуш бригадасында иштечүмүн.

Экинчи күйгөнүм, биздин тоют цехинен беш түрлүү малга берилүүчү тоют азыктарынын түрлөрү - гранул, майдаланган чөп уну, алап жасоо үчүн майдаланган саман, талкан жана пресстелген чөп чыгаар эле. Бул тоют цехинде иштеген "Тоо гүлдөрү” аттуу жаштардын комсомолдук бригадасы өз кезегинде Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Мына ушул тоют цехи да тыптыйпыл таланып жок болду, эл талап кетип...

Колхоздогу короо-сарайлардын ар бири 500 тубар койго козусу менен эсептелинген, ар бири 13 пролеттуу, чабан үйү менен кошо салынган кашарлар эле. Элестетип көрүңүз, ошол короо-сарайлардын каркастары, курулуш материалдары алыскы, борбордон 400 чакырым алыстыктагы Ат-Башыга эмне деген каражат, эмне деген транспорт менен жеткендигин. Ал короо-сарайлардын көпчүлүгүн ошол кезде Фрунзеден барышкан, негизинен Политехникалык институттун курулуш отряддарынын мүчөлөрү курушкан. Эмне деген эмгек, эмне деген жаштардын күч-аракеттери калды эле ошол короо-сарайларда! Ошонун баары таланып-тонолуп, үлүшкө, менчикке өттү, демократия акең келгенде.

Колхоздогу кырктан ашык автомашина, трактор, сеялка, тырмоо, комбайндар элге берилди деңизчи. Бирок ошол техникалар кийин кайтарымын мурдагыдай бергенине мен эч качан ишенбейм. Колунан келгени пайдаланды, колунан келбегени сатып жоготту, кайран техникаларды.

Ушул жерден бир айта кетейин дегеним, чарбалар тарагандан кийин болжол менен 7-8 жылдан кийин тележурналист катарында Аламүдүн районундагы Ветка айыл чарба кооператив чарбасына барып калдык. Мен көргөн көзүмө ишенген жокмун, ал чарбада 70тей комбайн, 100гө чукул көк кашка ЗИЛ-130 маркасындагы автомашина, 70-80дей дөңгөлөктүү жана каз таман тракторлору күнү бүгүнкү Союз бар кезиндегидей сакталып туруптур. Чарбанын жетекчиси Борис Абрамович Орель менен бир сааттай аңгемелешип, бардык нерсе жетекчиге, анан элдин ынтымагына жараша болоруна дагы бир жолу ынандым.

Ал эми менин айылдаштарым үчүн бул азап эмей эмине?! Өзүндө техникаң болуп туруп, башка жактан барган тракторду жалдап жер айдатып, башка жактан барган комбайнга эгиниңди чаптырсаң, гаражыңда баягы ажылдаган балта курчутуучу чаркың болбосо, бир бычагыңды курчутуш үчүн менчик чарыкка акы төлөсөң, бир болт жасатыш үчүн 40-50 километр жол басып, райондун борборуна келсең, ширетүүчү менен чөп пресстөөнүн акысын болсо айтпай эле ак кой - мына сага айылдаштарым демократиянын сага бергени!

Дагы бир айтайын дегеним, ар бир айылда же чарбада ошол айылдын чыныгы эмгекчил, жайы-кышы иштеген күжүрмөн адамдары болот. Биздин колхоздо мына ошондой адамдарды мен эстегенде Талды-Суудан Сары, Нусупбек, Хайдар, Манек, Бекболот, Таштанбек, Турду, Ыйсаалы, Өзгөрүштөн Казакбаев Жусуп, Бейше, Турнияз, Аскербай, Мусакай, Сейитбек, Карымшак, Өмүнай, Сарыбай, Бахтияр, Мурат, Сыдык, 1-Май айлынан Орозакунов Аруун, Жусупов Кемел, Сатынды, Ахунбаев Жумаш, Таабалдиев Темирболот, Шекенбаев Өмүрзак, Асанакунов Делдеш, Кыштообаев Кыты, Тойчубай сыяктуу колхоз ишине жылдын кайсы маалында болсо да, кайсы жумуштун түрүндө болсо да бел чечпей эмгектенген, чарбага чыныгы күч берген адамдар бар эле. Ыраматылык Сары аке менен Казакбаев Жусуптун колун кармап амандашсаң, колдору араанын тишиндеги өгөөдөй болуп, бодур-бодур болуп жарылып турчу эле. Кийгендери кыштыр-жайдыр резина өтүк, үстүлөрүндө фуфайка.

Айтайын дегеним, кийин демократия келип, көчө-кыштактарга ат коюу башталганда ар ким өз жакынына тартып, колунан келгендер баягы эле кыргызчылык жолдор менен өз туугандарынын аттарын көчөлөргө койдуруп алышыптыр. Аттиң дегем, ошондо колумду тиштеп, эгер демократияда чыныгы калыстык болсо, жогорудагыдай адамдар ар бир айылда, ар бир чарбада бар, мына ошолордун аттарын коюш керек эле да көчөлөргө.

Эгемендүүлүк башталгандан кийин 4-5 жылдан кийин айылга барсам, баягы союз кезинде мен оорумун деп жумушка чыкпаган, баягы соо жанына бюллетень издегендердин баары куландан соо эле жулунуп чөп чаап, чөмөлө салып, оокат кылып жүрүшөт. Айрыкча чөп маалында барсаң бир да жан калбайт экен айылда, баары эле чөптө жүрүшөт. Мына менчикчил көз караштын күчү деген!

Ушул жерден айтайын дегеним, бизге демократия кеч келдиби же эрте келдиби, билбейм, бул туурасында бир жолу эфир учурунда көрүнүктүү окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевден сурасам: “Ачыгын айтыш керек, биз демократияга даяр эмес экенбиз, менимче болжол менен элүү жылдай эрте келген окшойбуз", - деп айтканы бар.

Бирок мен ушул маселеге келгенде жатып да, туруп да көп ойлондум. Менимче бизге демократия менен негизги байлыктарды - жерди, мүлктү менчиктештирүүнү эрте бергенде, эл эмдигиче мындан да жакшы бутуна туруп калат беле деп ойлоном. Минткеним, мен жакында атактуу кытай өлкөсүнүн лидерлеринин бири Ден Сяопиндин кызы Маомаонун “Менин атам Ден Сяопин” деген көлөмдүү китебин окудум. Көрсө, бир кезде биз жамандаган, биз таптакыр башкача, артта калган, элинин саны көп, жери аз, батышпаган, маданияттан да артта деп эсептеген Кытайда да экономиканы жөнгө салууну кустардык өндүрүштү менчиктештирүүдөн, алардан түшкөн салыктарды бара-бара арттыруунун эсебинен өлкөнүн бюджетин жакшыртуудан башташыптыр.

Аларда адегенде ар бир кичинекей ишкана адат катарында, бизче айтканда, бутуна тургуча 4-5 жылдап салык салынбайт экен. Бара-бара ошол кичинекей кустардык өндүрүштөгү мекемелер чоң-чоң өнөр жай ишканаларына айланган. Мамлекетке салык да көлөмдүү эсепте түшө баштаган. Ойлоп көрүңүзчү, азыркы убакта Кытай өз керектөөсүнөн сырткары канча өлкөнү өзүнүн товарлары менен камсыз кылып жатат. Кээде аргасыздан ойлойсуң, эгер Кытай болбосо кантет элек деп...

Мен жогорудагы адепки менчиктештирүүнүн көрүнүштөрүн өз айылымдын мисалында сүрөттөп жатып, мындай көрүнүш Кыргызстандын дээрлик ар бир айлында болгондугун айкым келет. Бул жерде элди күнөөлөгөнгө болбойт. Элдин көзү ач эле да...! Кеп реформаторлордо тура, көрсө! Мына менчикти элдин колуна берди эле, эл өзүн-өзү багып жатат, эч нерсе сурабай эле!

Ушул жерден айта кетээрим, элге азыр, болгону узак мөөнөттүү, үстөк пайызы аз кредит керек. Муну кимдер гана убада берген жок. Бирок аткарылбай келет. Экинчи нерсе, былтыркы жылдан бери элдин кулагын ушалап, курулай үмүткөр кылган ипотекалык жол менен үй салып беребиз деген саясат эч качан өзүн өзү актабайт. Бир дагы бюджетте иштеген кызматкер өз айлык акысынын эсебинен бир чарчы метри 500 доллардан кем эмес турак-жайдын баштапкы суммасын төлөп, анан он-он беш жыл тишинин кирин соруп, кредит төлөй албайт. Бул орусча айтканда “абсурд”!!!

Үчүнчү бир айтайын дегеним, сексенинчи-токсонунчу жылдарга мүнөздүү көрүнүш - ачык ооздук, билгени да, билбегени да сүйлөө, ар ким өзүнүн ишин кылбоо, бийликке обужок асылуу, урууга, жер-жерге бөлүнүү көбөйүп кеткени чындык. Бул тетири көрүнүштөргө депутат болом деп барган талапкелердин күнөөлөрү ат көтөргүс экенин жалпы каратаман калк танбайт. Бирок кыргыз уюткулуу эл эмеспи, мына ушундай эл ичиндеги тентек-жөнтөк көрүнүштөр бара-бара өзүнөн өзү жөнгө салынып, элдин көзү ачылып, биргелешип өлкөнүн тагдырын ойлоо, улуттун тагдырын ойлоо, элдердин ортосундагы ынтымакты ойлоо сыяктуу башкы маселелерди акыры жүрүп эл өзү чечээрине мен толук ишенем.

Анан калса, арийне бул иш ар бирибизден, ар бир мен кыргыздын, Кыргызстандын жаранымын деген атуулдук вазийпадан улам жолго коюлуучу жалпыга жооптуу улуу милдет эмеспи.

Эмесе, өткөндү эскерип талдоо менен, анын кемчиликтерин кайталабай, карт тарыхтын, келечек муундун алдында милдет өтөө биздин ар бирибизге жараша болот, замандаш. Мен ушуларды айткым келди...

Дүйшөк Мамбетөмүров, теле журналист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG