Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Өзбекстандан жүгүмдү араң алып чыккам


Бекболсун Нуралиевдин союз маалында тартылган сүрөтү

Бекболсун Нуралиевдин союз маалында тартылган сүрөтү

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө союз таркаган күнү Өзбекстанга жүн алганы барып, чек арадан араң өткөн мекендешибиз Бекболсун Нуралиевдин блогун сунуштайбыз.

Өзбекстанга чек ара жокто киргем...

Мен союз убагында Аксы районунун Кербен деген жеринде Даярдоо конторасында иштечү элем. Биз анда союздук өлкө катары жүн жана тери сыяктуу продукцияларды чогултууга план келчү. Аны толтуруунун жолун издеп, Өзбекстанга барып, Наманган облусунун Гүлүстан деген айылынан жүн топтоп келчүбүз.

Дал ошол Cоюз тарайын деп калган убактарда мен акыркы жолу Гүлүстандан жүн топтогом. Анда жүндүн килосу 7 рублдан ашык турчу. Менин топтогон жүнүм 1,5 тоннага жеткен. Бул мамлекеттин жүнү болгондуктан аны алып келүү үчүн кадимкидей бир күнү Наманганга кеттим. Анда бир союздук өлкөдө жашагандыктан Өзбекстан менен чек ара да жок эле. Жөн эле кириш-чыгыш кылып, паспортсуз эле жүрчүбүз. Мен ошол мурдагыдай эле түшүнүк менен 1991-жылдын жай айында Өзбекстанга кеткем.

Наманганга барып жүнүмдү КамАЗга жүктөп жатсак, “Мамлекеттер бөлүнөт экен. Чек аралар жабылат экен”,- деп калышты өзбектер. Жол тосулат деген кандай болду экен деп таң кала баштадык. Көрсө ошол күнү чек аралар бекитилип жатыптыр. КамАЗга жүктү жүктөп алып, Кербенге кире беришке келсем, жаңы пост пайда болуп, жоокерлер толтура жүрүшүптүр. Өткөн-кеткенди текшерүүгө алып жатышыптыр. Убагында чек арасыз эле каттаган автобустар токтоп туруптур. Кадимки согуштагыдай тинтүүлөр жүрүп жаткан экен. Мындайды көрбөгөн жаным аябай корктум. 1945-жылды элестеткен кинодой эле туюлду мага.

Ошентип, КамАЗды бир тааныш өзбектин үйүнө алып барып, жүктү түшүрүп бекитип койдум. Жүндү алып чыгуудан чочудум. Ал мамлекеттин жүгү болсо, алдырып коюп эмне кылам дедим. Баса, ал жүн Токмоктогу жүн иштетүүчү ПОШ фабрикага жөнөтүлчү.

Чек ара жабылып, ал күнү жүк Өзбекстанда калып калды. Мен автобуска түшүп, Кыргызстанга келдим.

Конторага келсем, директор күтүп отуруптур. “Эмне болду? Аман-эсен келип алдыңарбы?", - деди. Мен жүктүн калып калганын айттым. Бирок бир айласын таап алып чыгарымды айттым.

Бир жума убакыт өттү. Кайтаруу андан да күчөй баштады. Союз тарап чындыгында эле ар бирибиз өз алдыбызча мамлекет болорубуздан шек жок болуп калды. "Мына сага!", - дедим.

Жүк болсо башка мамлекетте, ал менин моюнумда. Айла издей баштадым. Күнүнө Заркент суусун кечип, КамАЗдагы жүгүмө велосипед менен каттап жүрдүм. Бир жума бекинип каттап жүрүп, акыры аны алып чыгууга бел байладым.

Жүктү катып койгон үйдүн ээси мага тааныш эле. Анын баласы да органда иштечү. Аны менен сүйлөшсөм. “Эртең кечинде КамАЗ алып келип, Өзбекстанга помидорго келдим деп алып кириңиз, анан өзүм жардам берип чыгарып берем”,- деди.

Кубанып, бир КамАЗга беш баланы салып постко келсек, эмнеге келгенибизди сурашты. Биз помидорду айтсак, макул болуп коё беришти. Чек арадан өттүк да, жүккө келсек, свет өчүп калды. Кудай жалга деп, караңгыда жүндү жүктөп алдык.

Ошентип КамАЗдагы жүктү алдыга коё берип, мен тиги органда иштеген таанышымдын "Москвич" машинасына түшүп алып артынан жөнөдүк. КамАЗ биринчи постко келгенде, солдаттарга "помидор жок экен, кайра кайттык" деди айдоочу. Алар макул болуп коё беришти. Биз да "Москвич" менен артынан келдик.

Бекболсун Нуралиев

Бекболсун Нуралиев

Дагы бир пост бар эле. Ага келгенде текшере турган болуп калды. Айдоочу текшергенге жеткизбей эле КамАЗды айдаган бойдон качты. Аңгыча биз артынан келе калдык эле, посттогулар жанымдагы баланын "Москвичине" чуркап келишип, “Машина кетти. Ай-буй кууп жет, ”- деп калышты. Ал болсо, “Мен кууп етаман”,- демиш болуп мени жанына отургузуп алып КамАЗды кууп жөнөдү. Кызык болду. Ошентип, куушуп келе жаткан боюнча Кыргызстанга кирип кеттик. Тиги бизге жардам берген өзбек бала бизди машинасы менен узатып коюп, кайра чек арадан кирип кетти. Посттогуларга “Кармай албай калдым”,- деп коём деди.

Биз жүктү алып келип, мамлекетке өткөрүп бердик. Ал Токмокко кетти. Баарыбыз ошондо чек ара деген эмне экендигин билгенбиз. Азыр ара-тородо ошол мага жардам берген бала эмне болду экен,- деп ойлоно берем. Кыргыз тууганына жардам берем деп, өзүн тобокелге салганына таңданам.

Бекболсун Нуралиев, Аксы, Кербен шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG