Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө сынакка келген Эрлан Нурманбетовдун блогун сунуштайбыз.

Эгемендик доор дегенде эле СССР тарап, эл оор турмуш кечирип жаткан кезде болуп өтүп, анекдотко айланып кеткен бир окуя эсиме түшөт. Элге аңыз болуп жайылган ал окуя мындайча болот.

Союз тарап, эл кыйын заманда жашап, мурункудай “баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген баалуулуктарды жаңы заман капшабы четке сүрүп, ар ким өз арбайын өзү согуп калган учур. Ошол кездерде каралашар кишиси жок, алдан-күчтөн тайган кемпир жыйылган чөптү айры менен сууруй албай тырмалаңдап жатып “өлүгүңдү гана көрөйүн арпа чөп, самандын баарын ит кылды” деп күңкүлдөгөн имиш. Муну уккандар "ээ, бечара кемпир, алжыган экен, малга жаккан чөптүн мыктысы арпа чөп эмеспи. Арпа чөп куураган саманчалык болбой калдыбы? Арпа чөптүн сапатын билбей, саман чөптөн өйдө койгон бул кемпирдин мээси чын эле айныган экен" деген бүтүм чыгарышыптыр айылдаштары.

Бирок кемпир саманды деле айткан эмес тура. Бечера кемпир тили келбегендиктен Горбачевду арпа чөп, заманды саман деп сүйлөчү экен. Баарынын телегейи тегиз, укмуш жашоого коммунизм алып барат деп жүрүп, Союз тарагандан кийинки кыйынчылыкты жон териси менен сезгенде гана “кой үстүнө торгой жумурткалаган” доордо жашап койгонун кемпир бечара сезет.

Бул жаңы заманда акчалуулардын доору сүргөндүктөн өзүнө окшогон чарбанын иштерман, ак ниет, башканын оокатына кара санап уурдай албагандары четке сүрүлүп калганда жаны ачыган кемпир ушул заманга алып келген “Арпа чөптү” тилдеп жаткан кербези турбайбы.

Карабайсыңбы элди, сөздүн төркүнүн толук түшүнбөй туруп соо кемпирди айныды дегендерин. Бул окуянын мисалындай биздин кичине кезибиз “Арпа чөп саманды ит кылган” кезеңге туура келген экен. Бул доор көптөгөн окуялары менен эсте калды. Эмесе, ошолордун келечекке пайдасы тиер жагын калпып берсем.

Ал кездердин балдары азыркы балдарча бардык нерсеге маани берип байкагыч, “диктофон” болбосок керек. Ошентсе дагы 91-жылдардан тарта биз өмүрү укпаган эгемендик, улуттук валюта, сом, аукцион, акция деген сындуу сөздөрдү уга баштадык.

Көп өтпөй элди жокчулук каптады. Дайыма кара, ак нанды жеп жүргөн жаныбыз бир күнү дасторкондон сапсары нанды көрдүк. Капырай бул эмнеси дегендей баарыбыз аны карайбыз. Боек менен саргартып койгон окшойт дегендей ой келди мага. Буга чейин мындай сары нан көрбөгөн жаным аны жебестен жөн эле кармап да, карап да отургум эле келет. Ушунчалык башкача бир кооздук сезилди. Чыдабай жеп жибердим, эми даамы да бир укмуш! Кийин ойлосом бул жүгөрүнүн унунан чыккан нан тура. Жокчулукта буудай уну табылбай калганда “ачка отурганча айранга нан туурап жеген жакшы” дегендей бечара элдин жүгөрүнүн унунан загара нан жегенге аргасыз болуптур.

Башка жерди билбейм биз чоңойгон өрөөндө буудай түгүл арпа бышпагандыктан эл мал чарбачылыгы менен күн кечиришет. Адамдын негизги жан сактаткан тамагы нан болгондуктан эгемен доордо айылдаштар ун жагынан жакшы эле азабын жеди бейм. Ага кошул-ташыл боло мурункудай көзөмөлдөгөн мамлекет жок, пайда көрсөм деген алып сатарлар бирге бери дегенде онду кошуп сатып, эл эсебинен байый башташкан кезеги.

Бирок бир нерсеге таң калам. Ошончолук жокчулук, тартыш заманда да пейил ал кезде абдан кенен экен. Канчалык кыйналып турса дагы "буюрса заман оңолор" деген калк акыркы нанын да бири-биринен аяшчу эмес. Ким айылда ун алганын укса баары ошол адамга жөнөмөй. Ал адам деле жыргап кетиптирби, эптеп ар кимге жалдырап жүрүп карыздап тапкан бир мүшөк унунан бир чака алып калат да, сурап келген айылдаштарына чакалап таратып жиберип отуруп калат. Бири биринен аяп катып калмай ал кездегилердин оюна да келбесе керек.

Ушундай тең бөлүшкөн элди көрүп дайыма эле ушундай болчудай туюлчу. Ачылбаган кабактары жашоо оңолгондо ачылып, эл мындан да ынтымактуу жашайт дечүмүн. Бирок, менин бул оюм жаңылыш экенин убакыт өзү көргөзүп койду. Ал кездерге караганда азыр элдин турмушу алда кайда өйдө, бирок баягыдай кең пейилдикти таппайбыз. Азыр алды короо толо мал, үйүр-үйүр жылкы, топоз айдаган. Зарылчылык болуп бирдеме сурасаң кесип алсаң кан чыкпайт. Оокаты начарыраактар айла жок күчүн сатып жалданышат, малын багат. Ысык-суукта темселеп ач тоо-ташта малдын артынан жүрөт, кара курсак камы үчүн. Ошондо да бекер берип аткансып тиги мансап күтүп калган “бай” акысын араң берет.

Баса унутуп бараткан турбаймбы. Ошол ачка, жетишпеген кезде аксакалдардан мындай кеп уккан элем. “Айланайын, кудай! Ушундай жокчулук болорун сезгенбиз. Адам баласы жокчулукка чыдаса дагы барга чыдабайт турбайбы. Элибиз эсирип барга чыдабай тамак-ашты кесир кылып, акыры минтип жокчулукту көрүп атпайбы” дешер эле.

Азыр ойлосом карылар чын айтыптыр. Анткени кичинемде өзүм далай кесирлерди көрүп калбадымбы. Бир жолу айылдагы дүкөнгө барып калдым, чоңдорду ээрчип. Барсам ун алып жаткандар жыйылган унду тебелеп тандап жүрүшөт. Ал жердегинин баары бирдей экенине карабай ылдый жактагысын албай, эң үстүнөн сүйрөп түшүп, аны да жактырбайт десең. Алганы бир мүшөк ун. Адамдар жеп жаткан ашына ушунчалык кесир кылып, жийиркеничтүү жорук кыларын ошондо көрбөй эле койсом болмок. Ундун оозун ачты да алаканга толтура уучтап ага түкүрүп, унду аралаштырып ундун клейковинасын текшеришип тандашат экен.

Бул эч нерсе эмес. Алыс жакта жашаган чабандардын балдары кыйналбай жатып окушсун деген бечара өкмөт айылга интернат салып берген. Азыр интернатка баласын киргизүү үчүн ата-энелер жетекчилигинин кареги менен тең айланып жүрсө, ал кезде теңирден тескери болчу. Интернат жетекчилиги окуй турган чилистендин ата-энесин акелеп-жакелеп эптеп көндүрүп интернатка алышат. Ал жерден анын ичкен-жегени бүт мамлекет бечаранын эсебинде.

Учурда окуучу балдардын түшкү тамагына азыркыга чейин өкмөт жарытылуу каражат бөлө албай жатпайбы. Ал кезде интернаттын балдарынын тамак-ашына кандай көңүл бурулганын ушундан бил - анча-мынча шоколад, печенье, колбаса, коюлтулган сүттү жебей тандаган ырыс кесерликке жетип калышкан. Булардын далайына күбө болдум.

Эң өкүнүчтүүсү, ошол интернаттын балдары бири бирин конфет, печенье менен чапкылашып ойногондуктан жерде тебеленип, аны терген кызматкерлер кейип-кепчип, урушуп да калтыра алышпады. Мындан да жаманы - жегиси келбеген таптаза печенье, пряник дегендерди килолоп дааратканага ташташчу экен ошол интернаттагы кутурган окуучулар. Бечара карылар ушундай ырыс кесерлердин залакасы тиерин сезген экен да. Аны тиги көөпайлар кайдан түшүнсүн... Кутурткан СССР өмүр бою камсыздап турчудай ойлошкондур.

Тамак-аштан сырткары күнүмдүк керектүү делген кийим жагы да ал кездин абдан талылуу маселеси боло турган. Эгемендик дегенден көп өтпөй укмуштуудай кытай товарларын көрө баштадык. Алайын десе эл бечарада акча жок. Дүйнө коому өнүккөн капиталисттик доордо жашап жатса, союздун бир бөлүгү кыргыз эли орто кылымдагыдай бартердик мамиледе. Мында да элдин соода-сатыкта маңыроолугунан улам алып сатарлар ойда бир туйтунду белем.

Кытай өндүрүшүнөн чыккан "Адидас" сындуу спорттук кийимдерди беш койго алып жатышты. Же ал кийим оң болсочу, бир кийгенден чыкпай айрылгандары да болду. Айтор, кытайлар чирип калган, брактарынан да акча таап жатышты. Аларга кошулган алдым-жуттум кыргыз жарандары да элдин убалынан коркпой, Кыргызстанды Кытайдын акыр-чикирине колдорунан келишинче толтуруп жатышты.

Бирок СССРдин көзгө комсоо радитехникаларына караганда кытайлардын магнитофондорунун көрүнүшү эми бир укмуш ажайып. “Толи” деген аталыштагы кепкенедей кытай магнитофону светомузыкасы менен карысынан жашына чейин арбап алган. Аны алып сатарлар шашпай үч койго пулдашты. Айыл элин мал киндиктүү силер жөн эле алып коёсуңар деп мактап отуруп сатчусун саткан бул соодагер деген эме шайтанды да алдачудай түрү бар. Бирок мал киндиктүү делгени менен мал деле жайнап жаткан жери жок да. Анын үстүнө Кара-Кужур мал чарбачылыгы республиканын башка мал чарбаларындай болуп эгемендикте малды эл башына бөлүштүрбөй осолдук кетирип алышкан. Мына ошонун айынан азыркыга чейин уу-дуу басылбай келе жаткан кези. Себеби чарбанын малын чабандар канча жыл бакса дагы мал көбөйбөйт. Убайын жетекчилер гана көрүп, чабандар төлөмөр. Кийин 2010-жылдагы революцияда жаны ачыган эл кеңешип чоңдор жегенден калган малды бөлүшкөн эле. Жеди деген чоңдордун артынан канча түшүп Ак үйгө келсе дагы адилеттик таба алышпады. Бул окуя айылдаштардын эегмендиктен берки эсинен кеткис окуясы болуп калды окшойт.

Дагы бир эсте калган окуяны кыстара кетейин. Жогоруда кеп салбадымбы, акция деп. Менчиктештирүү башталганы элден аукциондорду көп көрдүм. Тилекке каршы, бир жума өтүп-өтпөй айылда аукцион сатып алчу машиналар пайда болду. Сатпагыла, кийин аукциондун ээси болосуңар деген теледеги үгүт ишине карабай, кыстаган жашоо аукциондорду 500 сомго саттырып жатты. Ошону менен эл келечекке болгон мүмкүнчүлүктөрүн сатып жиберип отуруп калды. Ачка отурганда мындан башка деле жолдору болбосо керек.

Бул сыяктуу окуяларды айта берсек бүтпөстүр. Жокчулук, алдым- жуттумдук, аракечтик сындуу толгон-токой терс көрүнүштөр орун алган ал кездери эл келечекке карай үмүттөрүн улап кетчү бир нерсеге абдан муктаж экенин көргөзүштү. Ошол кезде айылга келген дааватчыларды эл бул балээден куткарчудай көргөнүн да айтпасак болбостур. Айылга мечит салынса эле аракечтик, уурулук тыйылчудай сездик. Бирок эл эңсеген мечит деле курулду, эл намаз деле окуп көрдү. Тилекке каршы, абалдан чыкпай эле ого бетер оорлоторун мезгил ырастады. Анткени каада-салтты чангандар, болбогон икаяларга ишенген фанатиктер турмуштук кырдаалдарда баш ооруну жарата башташты. Аларга караганда жараткан деген илгерки муундун пейилдери алда канча өйдө.

Кыскасы бул көргөн оор жашоонун баары кыргыз элине берилген дагы бир сыноолордун биридир. Сыноо болмоюн эч нерсе өспөгөн сындуу бул көргөн кыйынчылыктардан жыйынтык чыгарсак дейт элем. Себеби өткөндөн жыйынтык чыгармайын келечек курулбайт деген тарыхтын мыйзамын тарыхчы катары айтып өтөйүн.

Эмнеси болсо дагы азыр жетиштүү жашоого жеткирген Жаратканга шүгүр дейли да жогоруда айтканымдай ырыс кесерликтен, эсиргендиктен, улуттук баалуулукту чангандыктан алыс болуп азыркы коомдо ордубузду табалы деген чакырык таштар элем.

Эрлан Нурманбетов

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG