Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө эгемендиктин алгачкы, социализмдин соңку жылдарын эскерген Мээрим Ражапованын блогун сунуштайбыз.

Терезе

Терезени тиктеп көк асманда шамaл ыргагы менен дүйнө кыдырган булуттарга суктанып, алар менен мен да бала чагыма сапар алдым, ойлорумду бешикке терметип, убакытка кылчая карап отурдум.

Айыл, жай саратаны, атам менен апамдын колдорун кармап, кубанып бара жаттым. Атамдын "эми Кыргызстан эмне болот, бизде жада калса деңизге чыгуучу жолдорубуз да жок", - дегенине апамдын "эмки айда декреттен Гүлай да келет, мага жумуш табылыш оңой болбойт го", деген күңүрт жообун угуп келатам.

Андан аз өтпөй мен да биринчи классты аттадым. Заматта дефицит боло калган мектеп формасын атам мектепке барарыма эки күн калганда алып келди. Мен өзүм толук болгондуктан апaм фартугумдун белине 10 см ак жоолугунан кошуп тигип берди. Болду анан, төшүмө агамдан калган Лениндин үч значогун тагып, колума "Шарик жана Тузик" деген баштыкты алып, тыкылдап апам менен мектеп жакка кадам таштадым.

Көрсө ал жылы мен гана эмес, биздин элибиз да, Кыргызстаныбыз да биринчи класска кадам таштагандай абалда экен. Aлдыдагы узун сапарга, кыйынчылык менен өчпөгөн үмүт кошо жетелешип узун жолго түшкөн учур экен.

Колхоздун чөбү, эти, колбасасы, каймагы, сүтү...

Кыштын кыраан чилдеси, караңгы бөлмөдө эски мештин оозунун тешиктеринен ичинде кароолонуп күйгөн тезектин чогу, акыркы шамын тартуулагансып күйүп-өчүп, бөлмөнү ого бетер караңгыга орогонсуйт. Таятам бир маалда туруп, чыракты жандырып кийине баштады. Мен баламын. Таятам "тышка чыкпа, караңгы, карышкыр бар" дейт. Таятам мага "мен азыр келем, Мекутай, тайенең менен укта, уктайгой" деп эшикти жаап, караңгы түн ортосунда колхоздун чөбүнө кол салганы аттанды. Кийинчерээк араба менен талаа тарапка бараткан адамдарды көргөндө:

- Булар колхоздун чөбүн уурдаганы баратат,-деп кыйкырып калчу элем.

Чоң ата-чоң энемдикинде дасторкон үстүнөн май, каймак, эт үзүлчү эмес. Чоң энем "Сүт комбинатта" иштечү анда, сүт, каймак, эң таттуу балмуздак дасторкондон кепейт. Андан кийин "Эт комбинатта" иштеди, анда эт менен колбаса муздаткычка гана эмес, чатырга чейин толуп, калгандарын тооктор менен ит жеген кез болгон.

Ыраматылык чоң атам абдан чынчыл, мыйзамдан корккон адам эле. Кечинде чоң энем менен атамдын иниси "Жигулисин" айдап алып, бекер колхоздун казанына кол саларда чоң атам чыйпылыктап:

- Ай, чокундуктар! Болду, токтоткула,- деп урушат, - милицияга чалам! - дейт.

Ий, ий чоң атам, ыраматылык чоң атам, же тилипон чалганды билсечи...

Кыпынсыз күйгөн кызыл акча

Мектепте танапис учурунда пирожки же короздун формасындагы бомпозийлер сатылчу эле. Андай таттуу азыктарга атам акча берчү. Бир жолкусунда 20 рубль берди да, кызылдай гана акчага бир бомпозий келип калганына бир үшкүрдү. Бирок ал кез үшкүрө турчу эле мезгил болчу, канча деген элибиздин акчасы күйүп кетти.

Кашык менен чогултканды чөмүчтөп чачтык

Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин ачарчылыкка мoюн сунбай, жетимдер жалгыздыктан мүңкүрөбөй, күнү-түнү иштеп, жерден башын көтөрбөй, таң аткандан күн батканга чейин кажынып жүрүп келечек муун деп курган завод-фабрикалар эмне болду?

Бир маалда миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып, үй- бүлөлөрүн багып турган канчалаган завод-фабрикалар талкаланып, алардын темир-тезектери, алюминийлери Кытайга жарыбаган тыйын үчүн эле ыйлап кетти го, кетти.

Колхоздор тарап, малдары бөлүнүп, күндө беш бармак, күндө той болду. Кечинде жарык көчөлөрүбүз бир маалда караңгыга айланып, капкагы уурдалып ачык калган чуңкурларга канчасы түшүп кетти...

Жасалма арактын да күнү тууду. Мен өзүм да жасалма арактарга жумуртканын сарысына тиш жуучу щетка менен этикетка чаптаган күндөр болгон. Бекерчилик күч алып, ачуусун арактан чыгарып, уурдалып келген темир-тезегин аракка алмаштырчулар арбыды. Ошентип Кытайга кеткен темир-тезектин арасында менин да салымым бар. Ал эми Үзөңгү-Кууш менен Каркыранын сатылганына кимдердин салымы чоң болгонун баарыбыз эле билербиз...

Улпактан жасалган нан

Үлбүрөп ошол жылдары жарыктын да күчү жок эле, муңайым отурган калктын маанайын ого бетер мунайтып. Анысы аз келгенсип дасторкондо кара нан. Кара нан болсо да ага жетпегендер деле бар эле.

Кайран журтум ал мезгилде эки чоң кесе улпакка бир кесе ун кошуп нан жасап, кара курсактын камын көрүп, жашоо күнүн ошентип өткөрдү. Бир кесим нанды бешке бөлүп жеген күндөр да өттү.

Ак кeме

Убакыт аккан суу экен, кээде төгүлүп-чачылып куюлса, кээде суусатып бир тамчысына зар кылган. Азыр баарын көз алдымдан бир кадр менен гана өткөрүп жазганым менен жүрөгүм толкуп, көзүм болсо туздуу жашка айланды. Кандай гана кыйынчылык болбоду.

Элибиз жокко чөкпөдү, үмүтүнүн чырагын өчүрбөдү, желбиреген туусун колго алып жашоо деңизинде бороонуна да, ысык-суугуна да туруштук берип, 25 жылдан бери элим, элимдин ичинде мен да кемебиз менен чоң деңизде чогуу сүзүп келатабыз.

Кемебиздин жолу узун болушу үчүн ар бирибиз анын тарыхын унутпай, чөгүп кетпес үчүн ичинен тонобой, кетирген каталарыбызды оңдоп, патриоттук аң-сезимди күчөтүп, колубуздан келген салымыбызды кошуп, сөзсүз келечек урпактарга өзүбүздүн тарыхыбыз, тилибиз жана туубуз менен өткөрүп берүүбүз зарыл.

Mээрим Ражапова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG