Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Нурмамат ажы Сапарбаевдин блогун сунуштайбыз.

80-жылдар эмнеси менен эсимде калды?

80-90-жылдардын ичинде КПССтин үч Генералдык катчысы Л.И. Брежнев, Ю.В. Андропов, К.У. Черненко катары менен оо дүйнөгө жөнөшү жана дайыма жанына Раиса Максимовнаны алып, аалам кыдырган М.С. Горбачевдун эсил кайран кеткен СССРдин башына келиши, Чернобыль апааты, Берлин дубалынын бузулушу, ГКЧПнын төңкөрүш аракети, 90-жылдардагы улуттар аралык жаңжал, чукул абалдын түштүккө киргизилиши, адамдардын кечинде ары-бери баса албай калгандары...

Л.И. Брежнев СССРди 20 жыл башкарып, көптөгөн анекдоттордун каарманы болсо, Ю.В. Андропов бир ай ичинде СССРдин аймагында темирдей тартипти орнотуп, конокко барсак да командировкалык баракчаларыбызды жаныбызга алып жүрө турган болуп калганбыз. Империалисттик мамлекеттерге “Кылыч менен келген кылычтан өлөт” деген Александр Невскийдин сөзүн душмандарга багыттады. К.У. Черненко өпкө кагып, араң баскан менен элдин эсинде көптөгөн жылдар көбөйтүлбөгөн мугалимдердин айлыгын көтөрүп, эл агартуу тармагында иштегендердин алкышына калды.

М.С.Горбачев

М.С.Горбачев

М.С. Горбачев бийликке келгенден кийин Москвадан чыкчу гезиттерде башында калы (СССРдин картасындай калы бар болчу) бар адам келди, бул өлкө жок болот деген көзү ачыктардын айткандарын байма-бай жазып жатышты. Кантип эле ушундай чоң өлкө жок болуп кетсин деп ишенчү эмеспиз. М.С. Горбачев өзү менен кошо “ачык-айкындуулук” (гласность), “кайра куруу” (перестройка) деген сөздөрдү алып келип, аракечтикти түп-тамырынан бери жок кылам деп, өлкөдөгү бүт жүзүмзарларды талкалап жок кылып, аракты атайын дүкөндөрдө бир адамга бир же эки бөтөлкө гана сатылсын деген жарлыгын чыгарды.

Ошол мезгилде адамдар, алардын арасында биз да барбыз, эки бөтөлкө арак алуу үчүн таңкы саат алтыларда райондун борборуна жөө-жалаңдап жетип барганыбызда да кезекке 20-30-болуп катталчубуз. Бизден мурда келип кезек алгандар кийинки келгендердин аты-жөнүн жазышып, кезекке коюшчу. Дүкөнчү жумушка келгенче жүз-жүз элүүдөн ашык адам бирин-бири түрткүлөшүп, кысылышкандан кеткен кара тер баштарыбыздан куюлуп, бут кийимдердин ичине чейин шорголоп, адамдардан чыккан сасык жыттар көөндү айлантса да эптеп чыдаар элек.

1978-жыл, Москва

1978-жыл, Москва

Ошол кезде арак ичпегендер да (алар аз болчу) аракка кезекке турушуп, “келген коногуңа төө союп берсең да бир бөтөлкө арак куйбады деп ыраазы болбойт экен” дешип, арактын баркы бир көтөрүлдү дейсиң. Арак саткан дүкөнчүлөр аябай байышып, жаңы “Жигули” машиналарын тандап минишип, айылда эле эмес, райондо да кадыр-барктуу адамдарга айланышты. Алар жолдо келе жатканда, адамдар аларга жүгүрүп барышып, мартабалуу чоң адам менен көрүшкөндөй кош колдоп учурашып, бала-чакасы тургай, анын үйүндөгү тоокторунун, иттеринин ден соолуктарына чейин сурап жиберишчү. Айылдарда аш-тойлор болуп калса, арагы көп деп колхоздордун-совхоздордун активдерин конокко деп ошо дүкөнчүлөргө беришчү.

Мен билген ошол дүкөнчүлөр убагында арактан байыган менен кийин турмуштун оор запкыларына учураганын көрүп, арам тамак акыры арамдыгына тартат экен да деген ой калды.

“Гласность” же ачык-айкындуулук мезгили башталганда, СССРдеги башкы гезиттер “Правда”, “Известия”, “Комсомольская правда”, “Литературная газета” советтик доордогу актай калган учурлар жөнүндө макалаларды байма-бай жаза башташты. Репрессия болгон саясатчылар, жазуучулар, интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү тууралуу кызыктуу макалаларды чыгарышат, жата калып, издеп таап окуйбуз. Ал кезде гезиттер 5-10 тыйын турчу. Ал гезиттерди күркөлөрдөн таппай калып, жазыла баштадык. Почточу үйгө алып келип берет. Ар бир номерин санап алабыз.

Москвадагы борбордук гезиттер жазган макалалардай макалалар эмне үчүн Кыргызстанда да чыкпайт деп мен кыжалатмын. Тааныш журналисттерге, адамдарга айтсам, “камалып кетиши мүмкүн” дешти.

Биз мектепте окуп жүргөндө классташтарым жолдон өтүп бара жаткан кара сакал адамды көрсөтүшүп, “ушул адам гезиттерди көп окуйт, үйүндө толгон гезиттер тиркелип турганын, алардын ичинде араб жана немис (латын) (мектепте немис тилин окугандыктан латын алфабитин да немис тамгасы деп билчүбүз) тамгаларында чыккан гезиттердин жыйындысы бар” дешчү. Ал мезгилде бешинчи же алтынчы класста окучумун. Классташтарым ата-энелеринен угушканбы, аны аябай билимдүү, бирок камалып келгендиктен эч бир ишке албайт деп сүйлөп калышчу. Бала кезибизде Калмурза абаны “контр” дешип, чогулуштарга, салтанаттуу жыйындарга ардактуу ветеран катары чакырылбай калганын көп жолу көрүп, угуп калар элек. Мен балалык кылып анын тагдырына көңүл да бурбаптырмын.

1987-жылдардагы ачык-айкындуулуктун желаргысы бул адамды, анын тагдырын эсиме салды. Ушул адамдын тагдыры тууралуу билгим келип, өз оозунан угайын деп жаздын бир күндөрүндө, үйүмдөгү 19 килограмм келген “Маяк” деген магнитофонумду 70 килограммдык ундун кабына салып, дүкөндөн чоңдугу табактай келген үч тасманы 5 сомго (рубль) сатып алып, эл тыгылган өз мезгилинин чоң автобустарынан болгон “ЛАЗга” сыгылышып жатып кирип, орун жок болгондуктан магнитофонумду буттарымдын арасына коюп Акман айылын көздөй жөнөдүм.

Автобус мен түшө турган аялдамага келип токтогондо, эл менен түртүшүп, сүрүлүшүп жүрүп, каптагы магнитофонумдун кырлары бирөөлөргө тийип кеткенде алардын сөгүнүүлөрүн, каргоолорун угуп жерге түштүм да капты жонума көтөрүп, Абдувалиев Калмурза абанын үйүн көздөй жөнөдүм.

Жар кабак, өткүр көздүү, сакалдарына ак кирген Калмурза аба эшигинин алдындагы сөрүсүндө байбичеси, небереси болуп чай ичип отурушкан экен. Келген максатымды айтып бергенден кийин башынан өткөн орчундуу окуяларын айтып берди. Анын айткандарын баягы чоң магнитофонума жаздыра баштадым.

- Мен 1901-жылы мака (жүгөрү) кайрылган маалда (август же сентябрь айы болсо керек) ушу өзүбүздүн Акман айылында төрөлүпмүн. Атам орто дыйкан болгон экен. Мени билимдүү адам кылайын деп бой тартканымда молдолордун колуна берди. Ошентип молдолордон кат-сабатым ачылды.

Убагында Жалал-Абад кантондук комитеттин төрагасы болгон Төрөкул Айтматов менен бирге иштешкен. Көк-Арт айылында окуп жүрүп, комсомолго өтүп, окууну бүткөндөн кийин Базар-Коргон районун айылдарында мугалим болуп иштеп, 1923-жылы Базар-Коргон районунун комсомол комитетинин 1-катчысы кылып шайланган. 1928-жылы Т. Айтматовдун жолдомосу менен Таш-Көмүр шаары, Токтогул районуна сельпонун (айылдык керек-жарак коому) төрагасы болуп иштеп, ушул жылы Коммунисттик партиянын катарына өткөн.

Кийинчерээк Чон-Алай районунда Муса Нарынбаев - Чоң-Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Турсунов – райкомдун катчысы, Телтаева - райондук аялдар кенешинин төрайымы экен, алар менен чогуу иштешип калды. Бул макалам гезитке чыкканда ыраматылык акын-жазуучу Эрнис Турсунов ошол кишилер менин ата-энем эле деп гезитке жазып чыкканын окуганым бар.

1937-жылы Нарынбаев, Турсунов, Телтаева, Калмурза Абдувалиев “эл душмандары” болуп чыга келишти. “Караңгы түн эле. Формачан НКВДнын эки кызматкери келип, райкомдун имаратына чакырышты. Барсам, Нарынбаев менен Телтаева отурушуптур. Турсунов жолдо келе жатканда качып кетиптир”.

Бизди суракка алып келишип, сурап жаткан тергөөчү, “силер тыңчысыңар! СТП уюмунун мүчөлөрүсүңөр!” деген айыпты тагышты. СТП деген сөздү биринчи жолу уккандыктан, "бул эмне деген уюм?", - деп сурасам, “аңкоосунуп коёт” дешип аябай токмоктошту. СТП деген Социал-Туран партиясы! Чыныңды айт, СТПнын мүчөсүсүңбү?!”-дешти.

- Мен коммунистмин! Мен бир гана партиянын мүчөсүмүн, эч кандай СТПны билбейм,-дедим. Ошентип мени 1937-жылы “эл душманы” катары он жылга кесип, түрмөгө этап менен айдап жиберишти.

Сурак мезгилинде тар камерада 10-15 адам тыгылышып, кээде андан да көбөйүп, отурууга орун жок болчу. Арабыздан адамдарды суракка алып кетишип, үч-төрт күн келбей калышчу. Алар бошонуп кетишкен турбайбы деп ойлоп калчубуз, кийинчерээк аларды замбилге салып же буттарына араң турган абалда камерага түртүп киргизип коюшчу.

1937-жылы этап менен айдалып, Карелияда, Архангельскиде он жылдык мөөнөттү бүтүрүп кайттым. Ошол Карелияда этапта түрмөдө жүргөнүмдө Мамажунус Жунусканов деген киши менен бир камерада жатып калдым. Ошол киши адеп кармалганда ооруп калып, бир камерада Абдыкадыр Орозбеков менен бирге жатып калыптыр. Орозбековду суракка алып кетип 2-3 күн келбей калчу дейт. Орозбековдун сакалын жулуп, эки колун чагып, эки бутун эшиктин ашык-машыгына кыпчытышып, манжаларын сындырып жиберишкен дейт. Тырмактарын сындырышып, жулуп ташташкан экен. Ал ордунан тура албай аккүп болуп шишип кеткен. Суракка басып бармак тургай ордунан тура албай калган. Тиштери талкаланган. Ошондо да аны замбилге салып алып барып сурак кылчу дейт. Сурактан кийин замбилге салып апкелип, “күп” дедире жерге оодарып таштап кете беришчү экен. Орозбеков бул былык иштерди эл душмандары жасап жатканына кыжыры кайнап:

- Мамажунус, биз акыйкатка жетпей калдык. Муну өкмөт жасаган жок. Бул иштерди эл душмандары кылып жатат. Буларды Сталин билген жок. Бул иштерди бирөөлөр сүттү булгагандай кылып, биздин өкмөтүбүздүн бетине кара көө жаап жатат, булгап жатат. Сен бул жерден чыгып калсаң, анда элге чындык сөздү айта бар! Кийинки муундар бизди күнөөлөбөсүн. Биздин кылдай күнөөбүз жок. Сүттөн акпыз. Бул Совет өкмөтүнүн сурагы эмес. Бул эл душмандарынын иши! - деп тиштери талкаланган оозу менен араң сүйлөп айтты дейт Мамажунус. Орозбеков жөнүндө айтканда анын көздөрүнөн жаш куюлуп, үшкүрүккө түтөп кетчү...

- Аба, сиз Төрөкул Айтматов менен бир топ иштешипсиз, бирге түшкөн сүрөттөрүңүз бар беле?

- Төрөкул Айтматов менен көп жолу сүрөткө бирге түшкөнбүз. Бирок 1937-жылы биз кармалганда үйдөгүлөр сүрөттөрдүн бардыгын өрттөп салышыптыр. “Эл душмандарынын” үйлөрү тез-тез аңтарылып, текшерилип турчу. Эгерде сүрөткө кокусунан бирөөлөр кошо түшүп калса, ал да “эл душманы” катары кармалып жок болуп кетчү мезгил эле. Ошентип ал кездерден эстелик болчу сүрөттөр каардуу мезгилден чочулап өрттөлүп кеткен.

Калмурза абанын айткан сөздөрүндөгү оор чындыктын чети али оюла элек. Канча өмүрлөр гүлдөгөн учурда “эл душмандары” деген кара көө жабылып, кайра кайткыс болуп кетишти. “Чындык ийилет, бирок сынбайт” дегендей көп жылдардан кийин чындык жарыкка чыгып, алардын жүздөрү жарык болду. Калмурза аба Абдувалиев 1961-жылы СССР Жогорку Соту тарабынан акталды.

1988-жылы бул макаламды жазып алып райондук гезиттерден баштап, областтык, республикалык гезиттердин бардыгына почта аркылуу жөнөттүм. Көбүнөн "бул тема газетанын талабына жооп бербейт" деген жоопторду алдым. Акыры “Кыргызстан маданияты” гезитине жөнөтсөм, он күндүн аралыгында бир бетке толо, Калмурза абанын сүрөтү менен “Чындык сөздү айта бар...” деген темада жарыяланыптыр. Сүйүнгөнүмдү сөз менен жеткирүү кыйын болчу.

Гезитти алып, автобуска түшүп Калмурза абаныкына барсам, сөрүсүндө мен алган гезитти алып окуп отурган экен. Мени көрүп эле ордунан туруп келип, кучактап, “рахмат, үка, сөөгүмдү бир агартып койдуң!”-деп көзүнө жаш алып жиберди.

Бул макала чыккандан бир айдан кийин менин үйүмө жөнөкөй кийинген адам келип, өзүн КГБнын майору экенин тааныштырып, эмне үчүн антисоветтик макаланы жазгандыгымды, макалам үчүн жоопко тартыларымды айтты. Аны КГБнын майору экендигин уккандан кийин жүрөгүм оопколжуй түшүп, адамдардын “камалып кетишиң мүмкүн” деген сөздөрү дароо эсиме түштү. Өзүмдү колго алып, анда эмне үчүн “Правда”, “Известия”, "Комсомольская правда”, "Литературная газета" гезиттери чыгып жатканын сурадым.

Ортодо бир топко чейин сүйлөшүүлөр болуп, мен жогоруда аталган гезиттерге кайрыларымды айткандан кийин, ал бир аз бошой түшүп, экинчи мындай макалаларды жазбашымды талап кылды. Андан кутулуш үчүн макул дедим да андан бир аз өтпөй Улуу Ата Мекендик согушта немистерге айласыз туткунга түшкөн, ошонун айынан он беш жыл түрмөдө, сүргүндө жүрүп азаптарды көрүп келген аксакал тууралуу макала жаздым. Кийин макалаларым тууралуу сураган эч ким болбоду.

НУРМАМАТ АЖЫ САПАРБАЕВ

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG