Линктер

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Айнура Сопуеванын блогун сунуштайбыз.

Эгемендикти эскерүү дегенде эле айылым, балалыгым, ата-энем эсиме түштү. Эркиндик алып келген келген доор менен бирге биздин айылга жетишпеген жашоо, жокчулук кошо баш баккан.

Мен ал кезде секелек болсом да, келген түйшүктүн даамын сезип калдым. Кыйын кезеңге туш келген бала чагымдагы эгемендикке байланышкан окуялар тизмеги “кымбатчылык”, “купон”, “дефицит”, “менчиктештирүү” деген сөздөр менен башталды десем жаңылышпайм. Анткени бул сөздөр чоңдор арасында көп айтылчу эле.

Анда сөз башынан болсун.

“Ысысысыр эмес, ысынгы”.

СССР державасы куладыбы, айтор, чоңдордон “Эми СССР эмес, СНГ деген мамлекет болот экенбиз” дегендерин кулагым чалып жүрдү. Ошол өткөөл мезгилдин башталышында элдин турмушу өз нугунда жайбаракат эле өтүп жатты. Курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн дегендей…

Сом келди

Көз карандысыз мамлекет болгондугубуздун алгачкы далили катары сом да чыкты. Бир тыйындык кызыл кагаздар менен жапжашыл болгон 10 тыйындар эсимде. “Ай-ииий тыйын да кагаз болот экен, э?!”- деп шыпшына баш чайкап таң калдык.

Коңшу балдар-кыздар кокус колдоруна жаңы акча тийип калган болсо, көчөгө алып чыгып мактанмай жорук. Ал эми үйдөгүлөр эски рублдарды “бул акча жарабай калат экен” деп, шашылыш коротуп жатышты.

Эсимде, май майрамына деп, чоң энем пенсиясынан мага тутамдап рубль акча карматкан. Ал акчага (канча экендиги жадымда жок) короз кемпиттен бирди алып жеп, майрамды тоском. Көрсө, рубль маанисин жоготуп, өзүбүздүн сомубуз күч алган учур экен.

Айлык-купон-акча

Аңгычакты атам-апам “купон” деп, айлыктарына чоң жашыл кагаздарды үйгө алып келип жатышты. Муктаждык пайда болгондо, кайра аларды акчага алмаштырышат. Ата-энемдин сөздөрүнөн улам купондор алынган баасынан бир кыйла арзан сатыларын билип жүрдүм. Ошол купондордун шылтоосу менен мамлекет башында турган шылуундар маңыроо элдин эсебинен эчен пайда табышкандыр...

Айлыкка берилген арактар

Эгемендиктин келиши барчылыкка көнгөн карапайым калкка оңойго турган жок. Каатчылыктын эн кыйын кезеңи кийин башталды. Атам жумушсуз калып, огородго картөшкө айдап, дыйканчылыкка өттү. Акчанын жогун ушундан билиңиз, трактор жалдаганга каражат жок, жерди колго тээп жүрүштү. Бул канчалык оор жумуш экендиги айтпаса да белгилүү.

Апамдын айлыгына жашап калдык. Мугалимдин айлыгы... Аз акча, бирок караганыбыз эле ошо. Жарыбаган акча болсо деле ал да колго тийчү эмес. 5-6 айлап күтчүбүз. Анан эле айлыкка арак таратыла баштады. Акчага муктаж атам-апам шагыраган бөтөлкөлөрдү шаарга алып барып, арзан баада дүкөндөргө өткөрүп келишет. Айылда керектүү товарлар аракка башма-баш алмашылып калды. Ал кезде ичкен адамдар да көбөйүп, эл жол таппай, туңгуюкка баратты.

Ал эми балдардын арзыбаган жөлөк пулуна second hand жыттанган, кыргызга жарашпаган кийимдер берилгендиги да эсимде. Ал кийимдер гуманитардык жардамга келгени же өзгө элдин эскиси беле, белгисиз. Азыр ойлосом, жашоо канчалык оор болсо деле, адамдар башка түшкөн каатчылыкты мыйзам ченемдүү көрүнүштөй эле токтоо кабыл алышкан экен. Эл топтошуп алып, бурч-бурчта митинг кылганды кийин эле үйрөнбөдүбү. Бийликке каршы чыгып, өз талаптарын көтөрүп чыккандар деле болчу эмес. Балким, балалыгым менен андайды аңдай албагандырмын...

Унга кошулган улпак нан

Жыл өткөн сайын жашоо кыйындай баштады. Жокчулук, тартыш дегенди билбеген жаныбыз эми унду килограммдап жей баштадык. Ун тартыштыгын ушундан билиңиз, ага улпак кошуп кара нан жасап жеп жүрдүк. Бирок өңү кара болсо да, аябай даамдуу болчу. Ал кезде “улпак нанга” да зар болгон үй-бүлөлөр болгон. Чайдын ордуна нандын күйүгүн колдонгон заман эле.

“Светчи келатат” же жарыгы жарытпаган жашоо

Электр энергиясын кымбаттатты деп, эки жолу төңкөрүш кылган элбиз. Бирок ошол жылдары электр жарыгын өчүрүү кадыресе көрүнүш болуп калган. Күн-түнгө карабай өчүрүлчү. Ал эми кышкысын дээрлик электр жарыгы берилчү эмес.

Газ болсо унутулган. Эл “тезек термейди” ошол кезде эле жакшы өздөштүргөн болчу. Свет анда-санда берилсе да, биз аны уурдачубуз. Атам ай аяктап калганда, электр эсептегичти артка жылдырып коет. Ал гана эмес, кээ бир “айлакерлер” “ууру точка” жасап, килемдин артына жашырып алышат. Андайды таап калышса “светчилер” олчойто айыппул салып кетишет.

“Светчи” бизге эл душманындай эле сезилчү. Атүгүл коңшу айылдарда “ууру точка” тапкан кондукторлорду чогулуп сабап салышкан учурлар да болгон.

Базар, базар, базар - багаар

Айылыбыз шаарга жакын, унаа менен 10 мүнөттүк жол. Эркиндиктин алгачкы жылдары базар бизди бакты десем жаңылышпайм. Ошондо базарга чыккандан намыстанган эл “мына эмесе” деп, уй сааса - сүтүн, кой сойсо - терисин сатты.

Раматылык чоң энем “ак сатылбайт, сүттү сатпагыла” деп калчу. Ага болобу? Ошондо менден улуу агамдын да башына түйшүк илинди. Илмеңдеп, оюн гана оюнда болчу жаш бала, канистрлерге сүт толтуруп алып, таң атпай араба кошуп, этаж кыдырып сүт сатып, үйгү керектүү нерселерди сатып келет.

Таланып-талкаланган эл мүлкү

90-жылдарда алдым-жуттумдардын арааны аңырдай ачылып, "кой деген кожо жок, ай деген ажо жок", болушунча элдин мүлкү таланган. Жеткени жети жеп, жетпегени бир үзүп, айылдагы клуб, мончо, бала-бакча күм-жам болгон. Устун-жыгачтарынан айылдын “мыкты чыкмалары” өздөрүнө сарай тургузуп, короо-жайларын оңдоп алышкан.

Ошол кезде эл арасында колхоздун миңдеген букаларын Түркияга айдатып барып сатып келген совхоз жетекчилери жөнүндө көп кептер айтылчу. Сатылган букалардан түшкөн каражаттын кенедей да үлүшү журтка тийген эмес. Элдин шыбагасын өздөрүнө ыйгаргандар жоопко тартылмак түгүл, кылдары кыйшайбай эле жашап келишет. Анткени алар талап алган эл мүлкүн менчиктештирүүнун шарданы менен мыйзамдаштырып алышкан.

Апам атамды “Сен деле элге окшоп жок дегенде бир дарбазалык темир алып калсаң болбойбу!?” деп жекирип калаар эле. Советтик өкмөткө чын дилинен берилген атам: “Совет мамлекети урап калбайт, кайра курулат. Ошондо азыр жеп жаткандар 30-жылдардагыдай кулакка тартылышат” деп ишенимдүү сүйлөп калчу.

Атам көпкө чейин Советтер Союзу кайра куралат деген ишеним менен жашап жүрдү. Ал доордун кайтып келишин көпкө күттү. Атам сыяктуу элдин көпчүлүгү “эсэсэрди” көпкө эңсешти, “сонун заманды куруткан Горбачевду” жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урушту. “Атаңгөрүлөп” ал заманды аңыз кылып сүйлөштү.

Бирок айылыбызда баш баккан жаңы заманды жактырып, бат эле ирденип кеткендер да көп болду. Базар экономикасына мурдун чүйрүгөндөр “атаңгөрүлөп” эски замандын ырын ырдап, артта кала беришти. Мен бул тууралуу азыр да атама “убакытты, мүмкүнчүлүктү пайдаланыш керек болчу” деп тамашалап калам. Бирок атам моюн бербейт, дагы да болсо советтик доорду айтып, ал заманды жер-сууга тийгизбей мактап турат.

Муздак класста алган билим

Кудайга шүгүр, билим алуу үзгүлтүккө учураган жок. Айлыктарына арак алышса да, жумуштарын таштабаган мугалимдерден айланса болот. Бирок билим алуу шартыбыз мышык ыйлагыдай эле. Өзгөчө кышкысын. Заңгыраган мектепти чилдеде жылытууга чама жок, кичинекей корпуста эки сменде окуп калабыз. Класс жетишпегендиктен мен окуган класска асты цемент, меши жок бөлмө тийип калды. Анысы колдон жасалган электр жылыткыч менен жылытылат. Суу буркулдап кайнап, ысык буу менен классыбыз жылыйт. Электр кубаты төмөн болуп, суу кайнабай калганда, чымчыктардай болуп жылыткычты минип алабыз.

Ал кезде биздин да, ата-энелерибиздин да мектеп жетекчилигинен шарт түзүп берүү талаптарын коюу оюбузга келген эмес экен. Көрсө, башка түшкөндү “кың” дебей көтөрүп жашаган заман тура. Элдин аң-сезими кийин өзгөрдү.

Шайлоолор, шайлоолор….

Демократиялык системага өткөнүбүздүн белгиси катары шайлоолор өтө баштады. Ал кездеги шайлоолор менен азыркы шайлоолордун бир гана айырмачылыгын аңдай алдым. Азыркы талапкерлер күбүр-шыбыр кылып, жашырып акча беришсе, ошол учурдун талапкерлери элге ачыктан-ачык эле акча таратышчу. Айрымдары айылдарга жылкы союп, элди арак менен сыйлап, добуштарын сатып алып келишкен. Ал эми президенттик шайлоолордо, бюллетендерди участокто отургандар эле бир талапкердин пайдасына өздөрү толтуруп салышчу.

Эң кызыгы, мындай нерселер жашыруун жасалчу эмес. Тилекке каршы, добуш сатуу өнөкөтү элибиздин канына сиңип калгандай. Шайлоо системасында андан бери эч нерсе өзгөргөн жок.

Акырында айтаар сөз

Мына окурман, эгемендик алгандагы эсимде калган окуялар тизмеги. Балким, жалаң гана негатив жазылыптыр дейт чыгаарсыз. Бирок 90-жылдардагы айылымдын жашоо-турмушун элестеткен окуялар ушулар болду.

Ал эми бүгүнкү күнгө кайрылсак, азыр жашоо жакшырып кетти деп айта албайм. Азыр деле улпак нан жеген, жарытылуу кийимге жете албай, батирлеп жургөн замандаштар толтура. Жумуш издеп, чет өлкөлөп кеткени канча!?

Көрсө, эгемендик өзү баалуу, кымбат нерсе тура. Ага жаштыгыбызды, күч-кубатыбызды, жада калса өмүрүбүздү да берет экенбиз. Чөгөлөп жашаган бардар турмушту эмес, эркиндикти туу туткан элбиз. Эркиндик эми колубузда. Өзүбүздү мактагандай болбоюн, бирок кыргыздар алдыга умтулуп калды.

Эгемендик элибизге көп нерселерди алып келди, көп нерселерге үйрөттү. Азыр карапайым кыргыздын колунан келбеген эч нерсе жок. Бизди дүйнө таанып келатат. Биздин желегибиз дүйнөлүк ареналарда желбиреп келет. Биз аз-аздап болсо да, алдыга кадам шилтөөдөбүз. Бирок бизде тоскоолдуктар да жок эмес. Эл кешигин кемитип, өз көмөчүнө гана күл тартып, кой терисин жамынып отурган бийлик төбөлдөрү мамлекетти артка тартып келе жаткандары айдан ачык иш. Экономикабыздын аксап, алдыга жыла албай жаткандыгы да ушуга байланыштуу.

Ошондой эле элибиздин чыгыш менен батыштын маданиятын элебей сиңирип жатышы, улуттук баалуулуктарыбыздын баркы төмөндөп, коомчулук арасында жиктерге бөлүнүү акыркы мезгилде көп байкалууда. Муну менен мен эмнени айткым келет? Кылымдар бою айрым улуттар өз көзкарандысыздыгы, эркиндиги үчүн айыгышкан кармаштарды жүргүзүп келет. Ал эми бизге эгемендик бакыт кушу болуп башыбызга өзү конду.

Алгачкы кыйынчылыктар артта калды. Алдыда эркиндиктин даңгыр жолу жатат. Биз эркин элбиз, эгеменбиз, башка элдер эңсеп күткөн эркиндик колубузда. Ушуну барктай билсек. Талбаган эмгек, сапаттуу билим жана ынтымак гана бизди алдыга сүрөйт. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бириккенде гана биз алдыга кете алабыз. Биз азыр жаңы доордун башатында турабыз…

Ак жол, Кыргызстан - менин сүйүктүү эркин өлкөм!

Айнура Сопуева

XS
SM
MD
LG