Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Күмөндөр Усуптегиндин блогун сунуштайбыз.

Биздин колхоз дагы алгачкылардан болуп 1991-жылдын кеч күз маалында дыйкан чарбаларга тарамай болду. Башкармасы баш, калган автив дегендери төш болуп документтерди камдап, үйүр-үйүр адамдар тобу өздөрүнчө эле болочок пландарды болжолдошууда. Биздин үй-бүлө Бурган-Суудагы сарайды, ал эми айдоо жерден «Кыштактын ичи» деп аталган сугат аянттан үлүш алалы деп кептештик.

- Бурган-Суу алыс. Экинчиден, суусу туздуу болгондуктан иче албайбыз. Көгөндүдөгү үстүнкү сарайдын ордун алыш керек, - деп атабыз күңк этти.

- Ар бир урууга бирден сарай тие турган болду. Эмне үчүн дубалынан башка эч нерсеси жок сарайды алышыбыз керек. Анын үстүнө ал жерде суу болгону менен кышында таптакыр күн тийбейт, - мен да күңк эттим.

- Анда эмне кылсаң ошо кыл. Атам жарыктык адатынча ордунан туруп басып кетти.

ххх ххх ххх

Дөбөлү айылындагы чоң маданият үйү элге жык толук, кеч келгендер эки тарапта шыкала туруп турушат.

- Биз буга чейин экономикалык жактан абалы начар болгон жети колхозду тараттык. Силер сегизинчи болуп тарап жатасыңар. Калган чарбалар күзүндө таратылат.

Район жетекчиси Төлөбек Өмүралиев 1992-жылдын февраль айында элге алгач кыскача маалымат берип, таратуунун жол-жобосун түшүндүрдү.

- Биз тарабайбыз деп чечтик. Мына, менде УАЗ деген машина бар. Балдарым иштеп турушат. Айтор, өз алдымча чарба жүргүзгөнгө шартым бар. Байкуш калган эл эмне болот? Жеке чарба жүргүзүү баарыңардын эле колуңардан келе бербейт. Чындап келсе эртең ачка каласыңар. Андан көрө жалпылап, ынтымак менен тарабай-сарабай эле көнгөнүбүздөй иштей берели. Кандай дейсиңер?

Колхоздун уй фермасы Асанаалы эл алдына чыгып бакылдаган соң имарат ичи алгач чымын учкандай жымжырт боло түштү. Бирок уй ферма сөзүн аяктаганда эле дуу эткен добуш менен эл деңдароо абалда эле;

- Тарабаса, тарабайбыз.

- Туура айтат.

- Бизге башка элдин эмне шамы, - дешип ар кайсы туштан жаалап калышты.

- Тээ арт жактан бирөө кол көтөрүп жатат. Т.Өмүралиев колун жаңсап калганда дуулдаган эл жээкке урунуп, кайра алсыз артка чегинген көл толкунундай жайлай түштү.

- Биз тиешелүү жер үлүшүн жана малды алабыз.

Менин алсыз үнүм 600-700 кишини кайрадан тымтырс абалга алып келди.

- Жакшы угулган жок, кайталап айтчы, Күмөндөр.

Мен кайталадым.

- Эгер Күмөндөр бөлүнөм десе, анда ага тээтиги алыскы Кара-Ташты беребиз, - элдин маңдайындагы өнөр секинин төрканасында отурган ардагер актив Боронбаев ордунан тура калып жооп берип калды.

- Эл бөлүнбөйбүз десе, мунун бөлүнөм дегени эмнеси?

- Ушундай келесоолор дагы бар да.

- Ой ошону айтсаң, бөлүнгөндү бөрү жейт деген бекер кеп эмес да.

Кайда бара жатканы белгисиз, учу-кыйыры көрүнбөгөн деңиздеги кайыктагы жүргүнчүлөрдөй болгон эл кайрадан дуулдап калышты.

- Эми тараганды же тарабаганды өзүңөр чечесиңер.

Район жетекчиси ушинтип айтты да не кыларын биле албай томсоруп отурган ордунан козголо алган жок. Көпчүлүк болсо жайдары маанайда, бир нерсени «кыйратып койгондой» сыртка чыгып баратышты.

ххх хххххх

- Эгер дыйкан чарбага бөлүнөм десең, бөлүнөсүң. Бирок тиешелүү малды алганың менен, сугат суулуу жакшы жерди ала албай каласың. Боронбаев Кара-Ташты бекер айткан жок. Албетте Кара-Таштан эле ал дей алышпайт. Бирок Нарын суунун жээгиндеги таштак, кумдуу сугат жерден үлүш берип коюшат.

- Ар кимиси алчу жерлерин жазып келишти да. Мен да ошолордой эле жазгам.

Район жетекчиси Төлөбекке атайы жолугуп, үмүттүү кайрадан кыйылып кайрылдым.

- Сен түшүнчү. Эгер ошол жыйналыш болгон күнү сени колдоп жок дегенде элдин теңи тарайбыз дешсе, анда ким кайсы жерди, кайсы сарайды ала турган болсо, ошондой таратылып, алынмак. Эми эл тарабайбыз деп койбодубу. Андан көрө күзгө чейин чыда, баары бир таратабыз. Себеби түбөлүккө эң биринчи жер керек.

Район акиминин кеңсесинен башты шылкыйтып сыртка чыктым.

ххх ххх ххх

Күз да кирип келди. Башкарма баш болуп, калган актив сөрөйлөр төш болуп колхозду жеке чарбага таратууга кызыгышпады. Элдин болсо оюнда эч нерсе деле жок. Сарайларда кадыр эсе куут болуп, кадыр эсе чарба тиричилиги жүргөнсүп жатты.

- Ат-Башыда үч куту чайга бир кой беришүүдө экен.

- Өйүздө жер талашып мушташ болуптур.

- Куланакта сарайларды талкалап, бөлүп кетишиптир.

- Чүйдө колхоздор кадимкисиндей эле иштеп жатыптыр,- дейт дейттер өрөөндүн батышынан чыгышына, чыгышынан батышына байма-бай угулуп турду.

- Биз бир короо койду толугу менен бир адамга беребиз. Эсептесек бир короо үчүн 37 гектар жер туура келет экен. Эки трактор, айыл чарба шаймандары менен ижарага беребиз. Тоютту өзүңөр камдап, алган милдеттенме менен жүн жана төл алып өткөрөсүңөр. Ашканы силердики, жетпесе жеткирип төлөйсүңөр.

Башкарма бир курдай таратуунун ушундай ченемдерин сунуштаты.

"Бир короо койду ижара шарты менен албайлыбы" деп башкарманын кебин үйгө келип өмүр боюу ак койду багып келген атабызга эшиттим.

- Чөп жок калса, колхоз Чүйдөн да болсо ташып келет. Бир короо койду алып алып, анча малга жем чөптү ким жеткирмек эле? Кайдагыны айтып...

Жарыктык адатынча кыйшайып жаткан жеринен адатынча тилин жутуп, андан ары сүйлөгөн жок. Ошону менен илгери үмүт экинчи курдай жалп өчтү.

- Биз былтыр тарайлы десек тарабайбыз деп койгонсуңар. Андан болсо мага бир короо койду бергиле. Мен өлтүрбөй, житирбей багып төл менен жүндү алып берип турам.

Кесиби мал догдур Түлөбай 1993-жылы болгон колхоздун отчеттук жыйынында башкарманын идеясын эл алдында айтып чыкты.

- Сен эле бир короону алып алсаң, калган эл эмне менен оокат кылат?

- Сага бир короону берип койчу ким бар экен?

- Тим эле мунун дымагын.

Зал ичи толкуп ташып кетти. Ошентип биздин колхоз бир жылдан кийин дагы тараган жок.

ххх ххх ххх

1993-жыл өз өкүмүн жүргүзүп жатты. Колхозчулар эмгек акыларын алды 4-5 айлап, арты дээрлик 6-7 айга чейин ала албаган заман келди. Тоют топтоо дээрлик эки эсеге кыскарып, дан эгин түшүмү да кескин төмөндөдү. Колхоздун ак койлорунун кейпи кетип, арык-торукка байкалбай айлана баштады. Мал саны канча экендигин мурункудай так эсепке алган абал орун албай, жай чарбачылык өкүм сүрдү.

- Эмнесинен уялам. Кичине чыгырык жип бар беле?

Бир күнү жакшы тааныш айым үйдөн жип сурап келиптир. Ал сурап келген оокаты табылган жок.

- Эмне кылганга?

- Күйөөмдүн шаарга же сыйга гана кие турган бир эле шымы калгандыгын, колхоздун сугатына кийип жүргөн шымынын тизеси жыртылып калганда билдик. Ошону жамайын деген элем.

- Жок экен буюрбасын.

- Кап жок дегенде үч карыш болсо эле жетет эле. Ал келин маанайы пас кетүүгө аргасызданды. Кийин эшитсем, ал үч карыш жипти көп үйдөн сурап таба албай, акыры Нарын шаарынан алып келген экен.

Ошентип акыры чарба таратылмай болду. 1992-жылы ар бир жанга 13 тубар кой жана токту-борук туура келсе, бир жарым жылдан кийин ар бир жанга 5,2 майда жандык туура келди.

- Ой, жан башына 13 кой козу, андан сырткары ириктен да бирилмек эмес беле!

- Бир жарым жылда эле ушунча мал кайда кетти? Эл ичинен айрымдары гана баш көтөргөнгө жарады.

- Бир жарым жылдан бери эмне кыймыл-аракет болгон жокпу. Мурункудай нак акча жок сырттан келген товарларды мал менен эсептештик да.

Колхоздун негизги жообу ушундай берилип турду. Ал аз келгенсип кышында малды котур каптап, жаз алды менен элдин көбү колхоздон алган малы менен кошо короосундагы койлордон да айрылып калды. Бул учурда 1991-1992-жылдарда тараган айылдардын элинин жүүндөрү калыбына келип, сөөктөрүнө чучук пайда болуп калган эле...

Күмөндөр УСУПТЕГИН

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG