Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Казакстандык үч спортчу олимпиадалык медалынан ажырашты


Казакстандык оор атлетчи Майя Манеза
Казакстандык оор атлетчи Майя Манеза

Казакстандык оор атлетчи айымдар Зульфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова 2012-жылкы Лондон оюндарында уткан алтын медалдарын артка кайтарып беришет. Үч спортчунун төрт жыл мурдагы мелдештерде алынган анализдеринен допинг табылганына байланыштуу мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети бүгүн жарыялады.

Спортчулардын анализдеринен тыюу салынган станозолол заты табылган.

Казакстандык спортчулар менен кошо Орусиянын жана Беларустун беш спортчусу дисквалификацияланды. Эл аралык Олимпиада комитетинин билдирүүсүндө чечим дароо күчкө кирери жазылган.

Олимпиада комитети менен Допингге каршы дүйнөлүк агенттик орусиялык спортчуларга байланышкан чуудан кийин Бээжинде 2008-жылы жана Лондондо 2012-жылы өткөн жайкы олимпиада оюндарында алынган анализдердин баарын кайталап текшерүүгө киришкен.

Текшерүүдө тогуз казак атлетинин канынан кызытма табылган. Азырынча Олимпиаданын эки жолку чемпиону, оор атлетчи Илья Ильин боюнча чечим чыга элек. Анын да канынан кызытма табылганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG