Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:30

Кыргызстанда 2016-жылдан тарта турак жайды милдеттүү түрдө мамлекет аркылуу камсыздандыруу системасы киргизилгени жатат. Бул багытта "Азаттык" Менеджмент боюнча консультанттар институтунун директору, каржы, укук маселелери боюнча эксперт Азамат Аттокуровду кепке тартты.

“Азаттык”: Турак жайды түрдүү кырсыктардан камсыздандыруу системасынын киргизилишине кандай карайсыз? Биз буга даярбызбы?

Аттокуров: Менимче, азыркы экономикалык кризис шартында элет жериндегилерге кыйын болуп калат. Себеби жылына орто эсеп менен 2 миң сомдун тегерегинде төлөнөт деп айтып жатышат.

Бизде, эксперттерде, бул жерде адилеттик болобу деген маселе боюнча күмөн жаралууда. Себеби кыштан жасалган үйлөргө деле, сокмо үйлөргө деле бирдей төлөнүп калганы жатпайбы. Эгер саман үй болсо, анда ал үчүн көбүрөөк төлөнүшү шарт. Анткени кирпичтен тургузулган там 6-7 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Ал эми саман, топурактан жасалгандары урап калат да, мамлекеттен көбүрөөк жардам керек болот.

“Азаттык”: Ошонун баарын туура аныктап, баа бере ала турган система бизде даярбы?

Аттокуров: Даяр эмес. Актуарий деген адистер болот. Алар камсыздандыруунун пайызын регионго, үйдүн баасына, кандай курулуш материалдары колдонулганына жараша бир катар факторлор боюнча эсептейт. Бардык жагдайларды эске алуу менен дифференциялуу, ар тараптуу, тең салмактанган көрсөткүчтү аныктай алат. Бирок, менин билишимче, мындай адистер Кыргызстанда өтө аз, ашып кетсе беш адам. Алардын ишин жөнгө салган мыйзамдык база, лицензия берүү жол-жобосу да даяр эмес азырынча. Ушул жагын биринчи ойлонсок жакшы болмок.

“Азаттык”: Турак жайды камсыздандыруунун эл аралык тажрыйбасы кандай?

Аттокуров: Камсыздандыруу Германияда эң жакшы өнүккөн. Ден соолук, турак жай, автоунаа, кыскасы бүт баары, жада калса жаныбарлар үчүн да камсыздандыруу төлөмдөрү киргизилген. Албетте, ал жакта коррупция деңгээли өтө төмөн болгондуктан түшкөн каражаттын баары туура пайдаланылат. Жолдору курулуп, көпүрөлөрү оңдолуп, баары ачык-айкын көрүнүп турат. Ал эми бизде салыкты канча көп төлөсөң деле эч нерсе билинбейт.

Мисалы, мына, депутаттар кайра эле өзүлөрүнүн артыкчылыктары менен жеңилдиктерин калтырып коюшту. Жардамчы, консультанттардын санын азайтабыз деп жатышты эле, аны кылган жок. Анан албетте, муну көргөн эл “Бизге салган салыкты көбөйтөсүңөр, а өз чыгашаңарды азайтпай жатасыңар” деп кыжыры кайнайт да.

Мен өкмөт башчы Темир Сариевдин дагы бир демилгесине каршымын. Ал “мамлекеттик” дегенди абдан көп айтып жатат. Мамлекеттик банк, мамлекеттик камсыздандыруу, мамлекеттик ипотека компаниясын курабыз деп... Бул өлкөдөгү финансы секторуна абдан эле доо келтирет. Себеби мамлекет өз бизнеси менен кайра эле атаандаштык кылат.

“Азаттык”: Муну жеке колго бериш керекпи?

Аттокуров: Албетте бериш керек. Мамлекет бир гана көзөмөл функциясын аткарып туруусу туура. Атаандаштык канчалык көп болсо, пайыздары да ошончо төмөн болот.

Доллардан баш тартуу тууралуу да сөз жүрүүдө. Бирок доллар деген кадимки эле товар да. Картошка же бензин сыяктуу... Канчалык кысым көп болсо, ошол товарга суроо-талап көбөйөт жана андан да кымбат боло баштайт. Эгер долларды кыса башташса, көмүскө базар пайда болот. Ал Өзбекстандагыдай же мурдагы Советтер Союзундагыдай көмүскө базарда сатылып калат.

Дагы бир маселе – Кыргызстанда бааны сом менен гана көрсөтүү керектиги айтылууда. Бирок ал кадимки эле эквивалент экенин унутпасак. Доллар да ошондой эле эквивалент. Мисалы, мен тери менен алмаштырамбы, унаа менен алмаштырамбы, ал менин жеке ишим.

Андан көрө мамлекет экспортту ойлонсо. Канткенде Кыргызстанда дефицит болуп жаткан долларды көбөйтөбүз деп.

“Азаттык: Демек, турак жайды камсыздандыруу керек, бирок Кыргызстан үчүн бул системада айрым тобокелдиктер бар деген пикирдесиз?

Аттокуров: Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн пайызын сөзсүз түрдө кесипкөй адистер, актуарийлер эсептеп чыгышы керек. Бишкекте башка, айыл жергесинде башка төлөм болушу туура. Саман үйлөр башкача, бышкан кыштан курулган тамдар үчүн башка сумма төлөнүшү зарыл.

Албетте, элден чогулган акча кимдин бирөөнүн “сол чөнтөгүнө” кетип калбай тургандай кылуу керек.

Ар бир аймактын жер титирөө тобокелдиктери, өрт кырсыгы чыгып кетүү ыктымалдыгына жараша эсептелиниши керек.

Өкмөт айтып жаткан сумма кайдан чыкканы элге ачык-айкын түшүндүрүлүшү зарыл.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG