Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:19

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев интеллигенциянын курултайына байланыштуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргызстанда интеллигенция элдин, коомдун жүзү, акылы, каймагы болуп көч баштай алабы?

Жыпар Жекшеев: Жок, боло албайт. Биз интеллигенция деп кимди айтып жатабыз? Мына эгемендик алганыбызга 21 жыл болуп калды. Кыргызстанда коомдук-саясий жашоо өтө активдүү болуп, чоң өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатты. Кыргыздын башынан ушунчалык курч кырдаалдар өттү.

90-жылдары Масалиевдерди кетиребиз деп 148 киши ачкачылыкка чыгып, биринчи жолу каршылык көрсөтүп чоң күрөш болгон. Ош окуясы болду. Андан кийин эки революция болуп кетти. Ушундай кыйын кырдаалдарда бирөө да чыгып, баш көтөрүп калыс сөзүн айтканга жараган жок.

Мен мисалы интеллигент деп Түгөлбай Сыдыкбековду айтат элем, Чыңгыз Айтматовду айтат элем, Салижан Жигитовду айтат элем. Азыр деле бар, бирок саналуу гана кишилер.

Интеллигенциянын ичинен өз учурунда керектүү сөзүн керектүү жерде айталгандар саналуу эле. Азыр элдин баары эле жогорку билимдүү да. Жаштарыбыз аксакалдардан да билимдүү, керек болсо.

Интеллигент деп Ростроповичти айтса болот. Ельциндин убагында Ак үйдү атып атканда, кандай кырдаал болсо да чет мамлекеттен жетип келип, улуу музыкант болгонуна карабастан биринчи катарда туруп, окко төшүн тосуп бергендерди интеллигенция деп айтам.

Интеллигенттердин көпчүлүгү бийликке жан тарткандар. Аябай акылман, өзүнүн кесибин жакшы билген аксакалдар, орто муундар көп. Анан эң орчундуу маселеге келгенде эмнегедир бирөө да көрүнбөйт.

Мисалы мен 7-апрелде баштан-аягына чейин жүрүп, интеллигенциянын бир өкүлүн таппай койдум. Ак үйгө кирип сүйлөшөөрдө, “айланайындар, аттуу-баштуу киши барбы?”, - деп издесем, бирөөнү да жолуктурган жокмун. Анан дайым тынчып калгандан кийин биздин сөзүбүздү угуш керек, биз акылыбызды айтышыбыз керек деп чыга келишет.

“Азаттык”: Интеллигенция “дүжүр чалдарга”, бийликтин кол баласына айланды деген сын айтылып жатат. Мындай жаманттыдан кантип арылса болот?

Жыпар Жекшеев: Раззаковдун биринчи курултайы деле бийликтин куралы болгон. Интеллигенция дайыма эле бийликтин куралы болчу. Мисалы 90-жылы биз жаңыдан КДКны түзгөндөн кийин Масалиев улуттук университетте профессор академиктердин барын чогултуп алып, “булар шүмшүктөр, буларга студенттерди аралатпагыла, жакындатпагыла” дегенде бир-эки кишиден башкасынын баары кол чаап турушкан.

Андан кийин Акаев, Бакиевдин учурунда деле эмне деген форумдарды өткөрүп атышты. Ошолорго 70-80 пайыз интеллигенция катышчу. Алардын көбү дайыма бийликке кол чаап турган. Чындыкты бетке айткан, эч нерседен коркпогон, кылчактабаган, “күнкарама” болбогондор саналуу эле.

“Азаттык”: Мына эми интеллигенция чогулуп, коомдук палата түзүп, "коомдогу көрүнүштөргө үн кошолу, таасир этели, калыс пикир айталы", - деп жатыптыр. Ушундай озуйпасын аткара алабы? Таасир этүүнүн кандай жолдорун көрүп атасыз?

Жыпар Жекшеев: Эми коомдук палата дейбиз, курултай деп атабыз. Бүгүн Кыргызстанда элдин баары коомдук палатага айланып калган. Бүт эл курултайга айланып калган. Бийлик менен элдин ортосунда түз диалог эбак эле башталган. Азыр оппозиция 90-жылдагы оппозициянын деңгээлинен чыга албай жатат деп айтып жатабыз. Жыйырма бир жылдан бери бир да митингге катышпаган бир да кыргыз калган жок. Демек азыр деңгээл такыр башка болуп калган.

Азыр ошондой палатаны түзгөн күндө деле, ал жөн эле ортомчу структура болот. Бизге азыр ортомчунун кереги жок. Бизге бийлик менен карапайым элдин ортосунда түз диалог, түз көпүрө керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG