Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Кыргызстандын парламентинде Палестинанын көз карандысыздыгын таануу боюнча токтом долбоору иштелип чыкты.

Анын автору, Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан башка мамлекеттер сыяктуу эле Бириккен улуттар уюмунун 1947-жылдагы резолюциясынын шарттарына ылайык, Палестинанын көз карандысыздыгын таанууга укуктуу деп эсептейт. Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев мындай демилге президенттин ыйгарым укугундагы маселе экенин белгилеп, эгерде токтомдун макулдашылган долбоору түшө турган болсо, аны Жогорку Кеңеш карай турганын белгиледи.

Депутат көтөргөн демилге

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу Палестина автономиясынын көз карандысыздыгын таануу боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыгып, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин кароосуна жөнөттү.

Депутат учурда Палестинанын көз карандысыздыгын дүйнөнүн 193 мамлекетинин жарымынан көбү тааныганын жүйө келтирүүдө. Анын арасында Швеция жана Испания сыяктуу Европа мамлекеттери дагы бар. Токтом долбоорунун автору Турсунбай Бакир уулу Палестинаны мамлекет катары таануу Жакынкы Чыгыштагы чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт:

- Бул жерде тарыхый адилетсиздик болуп жатат. БУУнунун резолюциясы боюнча 1948-жылы мына ошол аймакта эки мамлекет түзүлүшү керек эле. Бири араб, экинчиси еврей мамлекети. Бирок бул жерде БУУнун чечимин аткарууга кепилдик берген төрт держава – СССР, Улуу Британия, Франция жана Германия өз убадасын аткарбай койгон. Натыйжада Израил мамлекети түзүлүп, бирок Палестина мамлекети түзүлбөй калган. Ошондуктан 1948-жылдагы чечимди колдоо үчүн СССРдин мураскерлеринин бири катары Палестинанын көз карандысыздыгын таанышыбыз керек.

Турсунбай Бакир уулу

Турсунбай Бакир уулу

Израилдин учурдагы премьер-министри Биньямин Нетаньяху “палестиналык тарап Израилди мамлекет катары таанымайынча жана коопсуздуктун кепилдиги берилмейинче Палестина мамлекети түзүлбөйт” - деп билдирген болчу. Ошондуктан расмий Тель-Авив буга чейин Палестинанын анын баштапкы чек арасын таануу талабына оккупациялык тилкенин аймагын кеңейтүү менен жооп берген.

Дин, саясат жана укук аналитикалык борборунун талдоочусу Данияр Мурадылов Кыргызстан Палестинанын көз карандысыздыгын таануу маселесинде этият чечим кабыл алууга тийиш дейт:

- Бул эми эл аралык саясаттагы өтө орчундуу маселе. Биздин депутаттар Палестина маселесин шайлоонун алдында, бүгүн эстеп калдыбы деген суроо туулат. Палестин-Израиль маселеси өтө аялуу тема. Палестинанын көз карандысыздыгын таануу маселесинин Кыргызстанга залакасы же болбосо пайдасы тийип калышы мүмкүн. Ошондуктан биздин бийлик бул маселени терең изилдеп чыгып туруп, салмактап көрүп, анан чечим кабыл алууга тийиш.

Шымалана киришкен "шыр жүрүш"

2012-жылы 29-ноябрда Башкы Ассамблеяда көпчүлүк добуш менен Палестинага БУУнун алдындагы байкоочу-мамлекет макамы ыйгарылган. Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын бул чечимин дүйнөнүн 138 мамлекети колдогон.

Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Палестинанын көз карандысыздыгын таануу сыяктуу маселе президент менен өкмөт башчысынын макулдашуусунан кийин гана карала турганын айтты:

Каныбек Иманалиев

Каныбек Иманалиев

- Биздин аны менен дипломатиялык мамилебиз бар. Бирок анын көз карандысыздыгын таануу тууралуу биздин мамлекеттин чечими жок. Тышкы саясат багытында мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу жөнүндө мыйзам бар. Анын 4-пунктунда чет мамлекеттердин көз карандысыздыгын таануу демилгесин көтөрүү президенттин ыйгарым укугуна кирет. Ал өкмөт башчысы менен макулдашып туруп, анан парламенттин кароосуна киргизет. Биз бул тууралуу тиешелүү мекемелерге кат жөнөттүк. Анан алар колдоп, өкмөттүн атайын токтому менен Жогорку Кеңешке келсе жана ал маселе биздин улуттук кызыкчылыкка төп келет деген тыянак болсо, ал парламенттен колдоо табат деп ойлойм.

Демилгенин өзөгү төгүндөлгөндө...

Ошол эле кезде саясатчы Эдил Байсалов бул боюнча демилге көтөргөн депутатты жана комитет төрагасын эл аралык саясат жаатында билимсиз экенин көрсөттү деп сынга алды. Анын айтымында, Кыргызстан Палестина автономиясынын көз карандысыздыгын 1995-жылы эле тааныган.

Андан тышкары, Палестина мамлекетинин Ташкендеги элчиси Мохаммад Абдуллах Таршахани 2014-жылы 23-апрелде Бишкекке келип, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге ишеним грамотасын тапшырган. Дипломатиялык мамиле ал мамлекеттин көз карандысыздыгын тааныган учурда гана болорун айткан Эдил Байсалов бул демилгени саясий көз боёмочулук же билимсиздик катары мүнөздөдү:

Эдил Байсалов

Эдил Байсалов

- Бул эми шермендечилик. Бакир уулу биздин Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчи болуп жүргөн. Анан элчи болуп туруп, Кыргызстан Палестинанын көз карандысыздыгын тааныганын билбесе, анда аны эмне деш керек. Бул жагдайды билбеген адис болбосо керек. Анан эми Турсунбай Бакир уулу кыйын болуп көтөрүп чыга коюп, популисттик кадамы менен өзүнүн билимсиздигин көрсөтүп алды. Ойлонбой туруп эле бул маселени көтөрө коюп, ал мындан чоң саясий упай топтойун деген болсо керек. Бул деген ушул адамдардын мамлекеттик ишти түшүнбөгөндүгүнөн кабар берет. Булардын логикасына таянсак, биз эмне Палестинанын көз карандысыздыгын эки ирет таанышыбыз керекпи?

БУУнун резолюциясына ылайык, 1948-жылы 14-майда Синай жарым аралында Израиль мамлекети түзүлгөн. Анын эртеси жети араб мамлекети ага кол салып, биринчи Араб-Израил согушу башталган. Жарашуу жарыялангандан кийин убактылуу чек ара аныкталып, бирок ал тилкеде Палестин араб мамлекети түзүлбөй калган. Буга Палестина Боштондук уюмунун Израилге жасаган тынымсыз террордук аракеттери дагы себеп болгон.

Палестин-Израил мамилеси дүйнөнүн соңку тарыхындагы эң оор чыр-чатак катары белгилүү. БУУнун кийлигишүүсү менен 1994-жылы гана эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча алгач жолу Палестина автономиясынын улуттук администрациясы түзүлгөн болчу. Өзүн-өзү жарыялаган бул мамлекеттин алгачкы башчысы Ясир Арафат болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG