Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Адамалиев: Цукербергдин келиши туризм үчүн пайдалуу


Кайрат Адамалиев.
Кайрат Адамалиев.

Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг Кыргызстанга келиши мүмкүн.

Жаш активист Кайрат Адамалиевдин демилгеси менен Тышкы иштер министрлиги 31 жаштагы миллиардерге чакыруу кат жолдоду.​Кайрат Адамалиев Цукербергди чакыруу максаты тууралуу “Азаттык” радиосуна айтып берди.

“Азаттык”: Марк Цукербергди Кыргызстанга чакыруу демилгеси качан жана эмне үчүн пайда болду?

Адамалиев: Албетте, бул идея Ньютондун башына алма түшүп, бир заматта чоң ачылыш жасагандай дароо пайда болгон жок. Facebook тармагына байланыштуу иш-чараларды эки-үч жылдан бери уюштуруп жүрүп, Цукербергди чакыруу идеясы жаралды. Мисалы, 2011-жылдын 4-октябрында тармакта атайын топ ачып, аны “Интернет парламент” деп атадык. Дүйнө жүзүндө мындай термин жок болчу. Андан сырткары, 2012-жылы да дүйнөдө биринчи жолу Кыргызстанда Facebook кубогу үчүн пейнтбол чемпионатын өткөрдүк.

Акыркы жылдары Кыргызстанда Фейсбук колдогондордун саны өсүүдө
Акыркы жылдары Кыргызстанда Фейсбук колдогондордун саны өсүүдө

“Азаттык”: Ошондон улам Цукербергди Кыргызстанга чакыргыңыз келип калдыбы?

Адамалиев: Ооба, ошондой десек болот.

“Азаттык”: Тышкы иштер министрлиги сиздин демилгени колдоду. Цукербергди чакырууга көмөк көрсөтүлөрүн расмий кат түрүндө сизге кабарлашты. Эми конокту качан күтсөк болот?

Адамалиев: Мен Тышкы иштер министрлигинен сырткары, өкмөттүн аппаратына, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине да кайрылгам. Алардын баары колдоду. Тышкы иштер министрлиги Цукербергге расмий чакыруу жиберди. Качан келери жооп жазганда гана билинет.

“Азаттык”: Буга чейин демилгелүү активисттердин чакыруусу менен Цукерберг чет элге барган бекен?

Адамалиев: Айрымдар “Кыргызстанда 250 миң эле Facebook колдонуучу болсо, эмнеге келмек эле?” деп жатышат. Бирок Цукерберг Facebook таптакыр ачылбай турган мамлекеттерге да чакыруу болсо барып жүрбөйбү. Мисалы, Кытайга эки жолу барды, Вьетнамга барды. Кыргызстанга да келет деп ишенем.

“Азаттык”: Тилегиңиз ишке ашып, Марк Кыргызстанга келсе, ага кай жерлерди көрсөткүңүз келет?

Цукерберг буга чейин Кытайга барган
Цукерберг буга чейин Кытайга барган

Адамалиев: Албетте, мамлекетибиздин жакшы жерлерин көрсөткөнгө аракет кылам. Баса, бир нерсе эсиме түшүп кетти, Цукерберг 2013-жылы жубайы менен Гавайи аралына барып, өзүнө жаккан үч гектар жерди сатып алыптыр.

Бизге келсе айталы, Ысык-Көлдө сүрөткө түшүп, аны интернетке койсо эле Кыргызстан үчүн сонун жарнама болмок.

“Азаттык”: Тышкы иштер министрлиги Марк Цукербергдин Кыргызстанга келиши туризмдин өнүгүшүнө жана мамлекет имиджинин көтөрүлүшүнө салым кошорун айтып жатат. Чын эле бир миллиардердин келип кетиши чоң өзгөрүү берет деп ишенесизби?

Адамалиев: Ишенем. Анткени, ал дүйнөдөгү эң белгилүү бай кишилердин катарын толуктайт. 18-19 миллиард доллардын ээси. Дүйнөнүн баары тааныган кишинин Кыргызстанга келип-кетишинин жаман жери жок.

XS
SM
MD
LG