Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

Дүйнөлүк маалымат желеси жаралгандан бери интернет ааламды кандай өзгөрттү? Глобалдашкан доордо маалымат эркиндигине уруксат керекпи?

Британиялык окумуштуу Тим Бернерс-Ли үч w же world wide web түшүнүгүн мындан 25 жыл мурун ойлоп тапкан. 24-февралда Кэмбриджде "Рейтер" агенттигине сүйлөп жатып, Бернерс-Ли "1989-жыл эле. Ал учурда интернет аркылуу электрондук дарек жиберсе болоор эле, бирок сайттар же баракчалар - эч кандай http же html деген нерселер болгон эмес. Чычкан менен басканга жер жок эле. Алардын жоктугу аябай зээнимди кейитчү. Ошол учурдагы система өтө татаал, оор болчу. Мен болсо интернетте бир жерден экинчисине оңой эле секире турган система иштеп чыккым келди", - деп эскерди мындан 25 жыл мурдагы окуяны.

Ачыктык, коопсуздук, эркиндик

Бернерс-Ли азыр эми келерки чейрек кылымда глобалдык байланыш желеси кандай өнүгө тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүп жатып, жалпы принциптер маалыматтын ачыктыгына, коопсуздуктун сакталышына, цензура же чектөөнүн жоктугуна негизделиши зарылдыгын белгилейт.

Британиялык окумуштуу Тим Бернерс-Ли, 17-май, 2011-жыл

Британиялык окумуштуу Тим Бернерс-Ли, 17-май, 2011-жыл

- Азыр интернети бар адам менен интернети жоктун колундагы мүмкүнчүлүктүн айырмасы өтө чоңойду. Бул демократия үчүн да өтө маанилүү. Эгер сен интернетке туташпасаң, сенин үнүң кимге жетет? Сен интернетке кошулбай туруп, өзүң ишенген, маанилүү деп эсептеген баалуулуктарды бардык өкмөттөргө кантип жеткиресиң?

Окумуштуу Бернерс-Ли интернетте баракчаны (сайтты) жаратып, алгачкы маалыматты тарата баштагандан бери адамзаттын жашоосунда анын ролу эбегейсиз өстү. Андан бери интернеттин ролу, өнүгүшү, жашоо-турмушка киргизген өзгөрүүлөрү, таасири жөнүндө он миңдеген илимий эмгектер жазылды.

Соңку изилдөөлөргө караганда, учурда дүйнө элинин үчтөн бири же 2,5 миллиардга жакын киши интернетти такай колдонот.

Адамдар аны маалымат алмашууга, бизнеске, билим берүүдө, медицинада, айтор, күнүмдүк турмуштун көптөгөн тармактарында кеңири пайдаланат.

Маалымат канчалык кеңири жана тез жайылган сайын коом да глобалдык окуяларга аралашып, өзүндөгү терс көрүнүштөрдү оңой эле ачыктай баштады. Бул көп учурда авторитардык режимдерге жакпай, алар интернетти чектөөгө аракет кылышат.

Интернеттин "душмандары"

12-мартта белгиленген Кибер чабуулдарга каршы дүйнөлүк күнгө карата “Чек арасыз кабарчылар” уюму “интернет эркиндигинин душмандарынын” тизмесин жарыялады.

Уюмдун расмий өкүлү Энтони Хэри “Азаттыкка” сүйлөп жатып, “Интернет душмандарынын” быйылкы тизмесине алдыңкы демократиялык өлкөлөрдөн үчөө кошулганын айтты. "Британия, Индия жана Улуттук чалгын агенттигинин иши менен таанылган АКШ" - дейт соңку жылдагы башкы өзгөрүүлөргө токтолгон Хэнри.

Адистин белгилөөсү боюнча, буга чейинки жылдары "кара тизмеге" илинген Беларус, Түркмөнстан, Казакстан жана башка бир катар өлкөлөрдө башкаруучу режимдер бүтүндөй медиада көзөмөлүн күчөтүшкөн.

“Чек арасыз кабарчылардын” Европа жана Азия бөлүмүнүн башчысы Йохан Бир тигил же бул өлкөдө өкмөттөрдүн интернетти көзөмөлдөө аракеттери ар кандай көрүнүп жатканын айтат.

Йохан Бир, “Чек арасыз кабарчылардын” Европа, Азия бөлүмүнүн башчысы. Алматы, 23-июнь, 2013-жыл

Йохан Бир, “Чек арасыз кабарчылардын” Европа, Азия бөлүмүнүн башчысы. Алматы, 23-июнь, 2013-жыл

- Түркмөнстан дале маалымат алууга дээрлик мүмкүн болбогон “кара так” бойдон турат. Ал жерде цензура сиз интернетке кошула электе эле башталат. Буга кошумча интернеттин баасы да кымбат, сапаты да начар. Өлкөдө калктын 10% жетпеген бөлүгүндө гана интернет бар.

Бирдин айтымында, интернеттин абалы Түркмөнстандан бир аз дурусураак. Өзбекстанда болсо сайттардын мазмунун текшерген “Маалымат боюнча эксперттер комиссиясы” иштейт. Бул өлкө дале “интернет тираны” бойдон калууда. Бул структура өкмөткө тикелей отчет берип турат жана кандай гана оппозициялык же эркин маалымат булагы болбосун, аны жок кылууну камсыздайт.

(программанын аудиосун толугу менен угуңуз)

“Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда абал дурус”, - деп белгилейт "Кыргыз википедиячылар" кыймылынын башчысы, биздин.кж сайтынын түзүүчүсү Чоробек Сааданбеков.

Алдыдагы 10 жылдын ичинде ааламда интернетке кошулган адамдардын саны азыркыдан эки эсе өсүп, 5 миллиарддан аша турганы айтылууда. Freedom House адам укугун коргоо уюму интернет – эркиндикти кысмактаган, ачык сүйлөгөнүң үчүн өзүңдүн эле эмес, бүтүн үй-бүлөңдүн амандыгына коркунуч туулган тоталитардык режимдерде болот деп болжолдойт. Мындан 25 жыл мурун алгачкы интернет сайтты жараткан британ окумуштуусу Тим Бернерс-Ли глобалдык маалымат желесин түзүүдө “эч кимден уруксат сураган эмесмин” дейт. Чындап эле ааламдашкан заманда маалымат эркиндигине уруксат деги керекпи?
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG